Рысбек Исаков – кыргыз полиграфиясына бурулуш жасаган сүрөтчү

           Алыкул таануучу Памирбек Казыбаев график-сүрөтчү Рысбек Исаков өзгөчө өнөрдүн – китеп жасалгалоонун чоӊ чебери экенин айтып отурса, сөзү түгөнбөйт. “Илгери кайсы бир белгилүү инсандарга жана белгилүү даталарга карата фото-альбомдорду даярдаганда, Ташкент, Алматыга чейин чабагандап барып келип, бир жыл – бир жарым жылдай убакыт кетер эле.

Кийин жаӊы технологиялар келип, кесиби график-сүрөтчү, жасалгалоочу Рысбек Исаков компьютер өздөштүрүп, китеп жасалгалоо ишин колго алгандан кийин, мурда бир жарым жылда бүткөн иштер жарым жылда бүтүп, болгондо да сапаттуу бүтүп калды. Рысбек экөөбүз “Манас – 1000”, “Кыргыз милициясына 80 жыл”, “Кыргыз темир жолуна 80 жыл” деген фото-альбомдорду чыгардык. Ал экөөбүз бири-бирибиз менен жакын болуп кеткенибиз “Мезгил жана Алыкул” китебин түзүүдөн башталды. Китепке Алыкулдун жана улуу акынга байланышкан 100дөн ашуун фото-сүрөт кирди. Бири дурус, бири айрылган, дагы бири саргарып кеткен, Рысбек эринбей ошол сүрөттөрдүн баарын эринбей ретуштап жасап чыкты. Басма ишин билген адам ретушь деген эмне экенин жакшы билет” дейт П.Казыбаев.

Филология илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим МУРАТОВ Рысбек Исаков кыргыз полиграфиясына бурулуш жасаган график сүрөтчү деп эсептейт: “Биз Рысбек менен “Zaman Кыргызстан” газетасында жаңы ачылганда бирге иштедик. Мурда кыргыз гезиттеринде сүрөтчү-дизайнер деген кесип жок болчу. Биринчи жолу ушул газета түркиялык стандартта чыгып, башкы орунга сүрөтчү-дизайнердин эмгегин койгон. Жакшы иштеп берди.

Ал окуу китептерин жасалгалоо тармагында бир топ жыл эмгек кылды. Мурда сүрөтчү-жасалгалоочунун иши эстетикалык жактан анча болбосо, Рысбек эстетикалык табити өскүлөң чыгармачыл жигит эле, китептеги тамгаларга, баш тамгаларга, иллюстрацияларга ж.б. деталдарга европалык стандарт менен карап, окуучулардын табитин калыптоого бир кыйла салым кошту.

2004-жылы “Учкун” басмасы, анын баш редактору Памирбек Казыбаев чакан бир тарыхый инсандар тууралуу китептер сериясын чыгармак болуп, менин “Рахманкул хан” деген тарыхый очеркимди басуу үчүн сырткы мукабасын Рысбек Исаковго тарттырган экен. “Мени бир көрүп бер” дегенинен бардым, анда Рахманкул хандын сүрөттөрүн эч кимибиз көргөн эмеспиз, тартыптыр. Бир нерсеси көңүлүмө ынабай калды, айттым, “бул киши өзү Памирде жашаса, ажы болсо, намазкөй болсо, анан жылаңбаш тартканың кандай болор экен” дедим. Бир аз ойлонуп турду. Басууга даяр турган китептин сырткы сүрөтүндөгү Рахманкул Жапаркул уулунун башына карандашы менен чекит-чекит кылып койду эле, бир мүнөттө хан намазга жыгыларда кийип алчу топулуу болуп калды. Ошондо Рысбектин тапкычтыгына, ой жүгүртүүсүнүн учкулдугуна ыраазы болдум.

Көзү эрте өтүп кетпегенде азыркы мектеп окуу китептеринин көбүн сонун кылып жасалгалап бермек…”

Рысбек Исаковдун график-сүрөтчүлүк таланты айрыкча “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Кыргызстандын тарыхый инсандары” сериясын тартып жатканда ачылды. Барсбек каган (VII- VIII вв.), Алп Сол (IX в.), Мухаммед кыргыз (Тагай бий) (XVI в.), Манап бий (XVI в.), Жарбаӊ батыр (XVII в.), Кубатбек бий (XVIII в.), Ажы бий (XVIII в.), Ормон хан (1791- 1854), Алымбек датка (1799- 1862) и Шабдан баатыр (1839- 1912), Атаке баатыр, Тайлак баатыр (1800-1842), Пулат хан (1844-1876), Иманаалы Айдарбеков (1884-1938), Баялы Исакеев (1897-1938), Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938), Абдыкерим Сыдыков (1889-1938), Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков (1910-1979) ж.б. тарыхый инсандардын элесин өлбөс-өчпөс кылып калтырып кетти.

Сүрөтчүнүн калеминен жаралган бул эмгектер жөн гана портреттер эмес, бүтүндөй бир доордун күзгүсү. Улуу инсандардын жаркын элестери таланттуу сүрөтчүнүн графикалык эмгектери аркылуу өлбөс-өчпөс формада кайрадан жаралган. Өзгөчө стиль менен тартылган тарыхый инсандардын элестери көргөн адамга тирүү адамдардай таасир калтырат. Мына чеберчилик деп ушуну айтат.

Рысбек Исаковдун калеминен жаралган бул образдар кыргыздын кылымдарды карыткан тарыхына кайрадан жан киргизип, жандандырып, ата-бабалардын рухунун күчүн, кайратмандыгын жана улуттук өзгөчөлүгүн келечек муунга жеткире алды десек эч жаӊылышпайбыз. Анын бул эмгеги — кыргыздын руханий маданиятынын алтын казынасына кошулган баа жеткис тарыхый-көркөм мурас.

Жазуучу Айдарбек Сарманбетов минтип эскерет: “Уюткулуу кыргыз элинде “Жакшынын жарыгы элге тиет, жамандын жарыгы өзүнө жетпейт” деген улуу накыл кеп бар. Ошол уңгу кептен улаганда Рысбек (Рыскан) Исаков аттуу сүрөтчү, маркум досумдун жарыгы элибизге көп жарыгын чачканы эске түшөт… Ал, чоң талантыбыз кыргыз тарыхынын улуу инсаны Тагай бий (эл айтымында Мухаммед-кыргыз) жана андан кийинки Кубат бий, Ормон хан, эр Садыр окшогон ж.б. атактуу жүздөй тарыхий инсандарыбыздын өң-келбеттеринин элесин каламы аркылуу элине элестетип, тартып кетти. Өз доорунун мамлекет жетекчисинин китебинин мукабасын, уюткулуу уюмдарынын урунттуу окуяларынын жана эн белгилеринин, Кыргызстандын акча бирдиги-сомдун да жүзүнө жүз кошуп кетти. Мындан артык чоң иш барбы, адамдын кыска-жалган өмүрүндө?! Ар бири бир тагдырлык! Ал иштерин “мен жасадым!” деп төш кагып, эч кимге милдет кылбады!

Рысбек менен 1986-жылы, отуз жаштан өтүп барып Кыргыз мамлекеттик университетинин филфагынын журналистика бөлүмүнүн экинчи семестринен таанышкан элем. Студенттер болумушундай курсубуздагы аксакалыбыз Азимкан (Маделиев), анан мен, менден кийинки эле “аксакал” Рысбек болчу. Заманбап ой жүгүртүүсү, тарых менен саясатты чемичкедей чагып, декан, устаздарды тайманбай өз оюн ачык айтып сүрдөткөн да “кыргыз жигитинин” үлгүсү эле. Баарыбыз сыйлап, ойлорун туу тутчубуз. Экинчи курска өткөндө “менден жакшы журналист чыкпайт окшойт, андан көрөк сүрөтчүлүгүмдү улантып Алматыдагы сүрөт окуу жайынан окуюн деп “кетип калды”. Бирок башкалардай болуп, “жүгөнүн үзүп” кеткен жок. Дайыма кол үзбөдү.

Кийин, 1993-жылдын кышында мен “Дыйкандар гезити” жабылып, “Кыргыз рухунан” кетип, адистик боюнча дагы иштейин деген ойдо телефондон кайрылсам, “боло берет бул турмушта”, терең кейибе деп “Заман Кыргызстан” гезитинин жетекчиси менен сүйлөшүп, ишке алдырып койду. Өзү ошол, эл аралык алгачкы гезиттин дизайнери-жасалгалоо бөлүмүнүн башчысы эле. Тагдырымдагы ал чоң таасирин эч унутпайм жана ыраазычылымды дайыма айтам.

Алардан соң ал теңтуштугубуз досчулук, айттырбай түшүнгөн дилдеш, кыйышпас деңгээлге өтүп, бир далай (жогоруда сөз козгогон) иштерде кеңешип, аларын ишке ашырды. Чоң интеллектуал болчу, кыргыз адабиятын, коомчулуктун ой-дараметин, саясатын, тарыхын… мыкты түшүнүп, канык талдай билип, калыс жана туура жыйынтык чыгарчу эле…

Чоң, көп түйшүктүү (архивдик) мамлекеттик деңгээлдеги иштеринин кайтарымы кайтпаганын да учкай айтып калчу… Ошондой, ойдо жок күндөрдүн биринде, таң шыпаа салаарда Төкөлдөштөгү үйүмдүн дарбазасын күтүүсүз акырын черткилеп, “Айдар, мен келип калдым, тирүүсүңбү” деп унчугуп, а мен болсо көзүмдү чала-була аарчып чын кубана тосуп алып “кал калай” деп “казакша” көкүрөк тийгизе учурашып, ал болсо Мураталы Күреңкеев  атабыздын уулу Толтой байкем белек кылган өрүк комузду тере чертип, аста сүйлөп олтурду эле… Элеси али көзүмдө!

Күндөрдүн бир күнүндө, мен күтүүсүз иштеп калган Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчылыгынан бейкүнөө алынып, аз да болсо жапа тартып, көңүлүм чөгүп дегендей “Жаңы Ала-Тоо” журналын чыгарып жүргөнүмдө ишиме айтпай келип, алгачкы инфаркт болгонун, араңдан зорго аман калганын, дарыланайын деп жатканын айтканда, мен да көп чойбой, эртең эле дарыланууга, ооруканага жатуу керектигин айтсам, макул деп чын-тамашага чала күлө коштошуп кеткен болчу. Эч ойдо жок жерден эле эртеси түш оой мага телефон чалып “айтканыңды аткарып, ооруканага дарыланууга жаттым” деген. Эки саат өтпөй Памирбек (Казыбаев) теңтушубуз Рысбектин жүрөк капшабынан кайтыш болуп кеткенин угузду… Аттиң, арман! Ушул кезге чейин ачуу армандайм – мүнөзү улуттук мырза жигит, ишинде элдик уюткулуу, кыл калеми аркылуу тарыхий зор  чыгармаларды аткарууга жетишкен досумдун (терең маанисинде) көзү тирүүсүндө мамлекет тарабынан татыктуу, калыс бааланбай күтүүсүз чын дүйнөгө кетип калганы!!”

Ажал улук, өлүм ак дейт. Рысбек Исаков арабыздан эрте кетти. Арийне, антип эрте кеткени менен артына өлбөс-өчпөс из калтырып кетти. Ал көркөм сүрөт өнөрүнүн жанрларына улуттук түс берүүдө, сүрөт жанрларын өздөштүрүүдө  көп жагынан алдыӊкылардан болду. “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Кыргызстандын тарыхый инсандары” сериясы эле анын кашкайган талантына жаркын мисал боло алат. Ал китеп жасалгалоо ишинде да алдыӊкылардан эле. Анын жасалгалаган китептери башка китеп жасалгалоочулардан түп тамырынан айырмаланып, улуттук мотивдери менен өзгөчөлөнүп турат. Китеп басып чыгаруу ишинде бул кесиптин орду өзгөчө. Жасалгалоочу сүрөтчү сөздү визуалдаштырат. Чыгарманын терең маанисин жана каармандардын жан дүйнөсүн бир гана сүрөт же штрих аркылуу чагылдырат.Эстетикалык гармонияны түзөт. Сүрөтчү-жасалгалоочу болбой туруп, полиграфияда толук кандуу, сапаттуу жана кооз китепти жарыкка чыгаруу мүмкүн эмес.

Гезит дизайнери – жасалгалоочу катары да ал алдыӊкылардан болду. Анын кыргыз сомунун улуттук дизайнын жаратууда да салымы болгонун досу жана кесиптеши жазуучу Айдарбек Сарманбетовдун эскерүүсүнөн улам билип отурабыз. Баласы Элдияр ата өнөрүн өргө тартып өнүктүрүп келатат дейт П.Казыбаев, ага ыраазылык билдирип коелу.

Эмне дейбиз, улуу инсандардын жаркын элесин түзүп, уӊгулуу из калтырып кеткен Рысбек Исаковдун элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталып кала бермекчи.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”