Чолпон-Атада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлуп, мамлекеттик чек ара толугу менен такталды.
Чолпон-Ата шаары кезектеги ирет Борбор Азия чөлкөмүнүн гана эмес, жалпы евразиялык геосаясий мейкиндиктин да маанилүү саясий борборуна айланды. Бул жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тарыхый жаңы баракчасы ачылды.
2026-жылдын 30-июлунда Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Чолпон-Ата шаарында кеңири жана мазмундуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө Өзбекстандын лидерине мамлекеттик сапар менен келүү тууралуу чакырууну кабыл алганы үчүн терең ыраазычылык билдирип, тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын эң орчундуу багыттары болгон саясат, коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика, чек ара аралык кызматташтык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңири талкуулашканын маалымдады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери өз ара сый-урмат, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кызматташуунун өнүгүшүнө жогору баа беришти. Эки тараптуу күн тартибиндеги көп жылдар бою чечилбей келген олуттуу маселелер толугу менен жөнгө салынып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелеринде сапаттык жактан таптакыр жаңы этап башталганы канааттануу менен белгиленди. Мамлекеттик сапардын эң башкы, тарыхый жыйынтыгы катары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлушу болду. Бул документ эки мамлекеттин ортосунда жетишилген жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди бекемдеп, биргелешкен узак мөөнөттүү өнүгүүнүн саясий-укуктук пайдубалын түздү.
Бул келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын мындан ары жөн гана коңшу катары эмес, ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары бирге кадам таштоо чечкиндүүлүгүн дүйнөгө даана көрсөттү. Жетишилген макулдашууларды системалуу жана натыйжалуу ишке ашыруу максатында Мамлекеттер аралык кеңеш түзүлдү. Саясий эрктин жана дипломатиялык аракеттердин натыйжасында эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Мамлекет башчылары өкмөттөр аралык комиссиянын он экинчи жыйынынын, кыргыз-өзбек бизнес-форумунун жана Ишкерлер кеңешинин жыйынынын жыйынтыктарына жогору баа берип, эки өлкөнүн аткаруу бийликтеринин алдына товар жүгүртүүнүн көлөмүн бир нече эсеге көбөйтүү боюнча жаңы милдеттерди койду. Биргелешкен экономикалык саясаттын негизги локомотивдеринин бири катары өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине кошумча дем берүү, биргелешкен долбоорлорду каржылоону кеңейтүү, аймактардын демилгелерин колдоо жана ишкердик чөйрөгө максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү макулдашылды.
Бул сапардын алкагында бүтүндөй Борбор Азиянын геоэкономикалык картасын өзгөртө турган ири инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө маани берилди. Тараптар аймактагы эң ири транзиттик жана энергетикалык демилгелер – “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашыруу максаттарын дагы бир жолу ырасташты. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун аймактагы геосаясий кырдаалды жана логистикалык агымдарды түп-тамырынан бери өзгөртө турган “кылымдын курулушу” деп баалап, Камбар-Ата-1 ГЭСинин аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоо дагы канчалык маанилүү экенине токтолду. Бул долбоорлор эки өлкөнүн гана эмес, бүткүл чөлкөмдүн туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги катары каралууда.
Эки тараптуу мамилелердеги дагы бир тарыхый бурулуш – чек ара маселелеринин толугу менен жыйынтыкталышы болду. Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге, өткөрүү пункттары жана жарандардын өз ара барып-келүүлөрү боюнча макулдашууларга карата маанилүү протоколдорго кол коюлду. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара сызыгы биротоло такталып, өткөрүү пункттарынын саны 15тен 30га чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле, эки мамлекеттин жарандары үчүн өз ара визасыз жүрүү мөөнөтү 15 күнгө чейин узартылды. Аны менен катар Кыргызстандын Анжиян шаарында Башкы консулдугун ачуу демилгеси колдоого ээ болду. Бул чечимдер чек арага чектеш аймактарда жашаган калктын эркин ары-бери өтүүсүнө, сооданын, транзиттин, туризмдин жана социалдык-экономикалык алакалардын болуп көрбөгөндөй өнүгүшүнө жол ачат.
Маданий-гуманитардык кызматташтык да сүйлөшүүлөрдүн ажырагыс бөлүгү болду. Тараптар биргелешкен билим берүү, илимий жана маданий долбоорлорду жигердүү улантууну макулдашты. Мамлекеттик сапардын алдында Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлор форуму жогорку деңгээлде өткөрүлгөнү белгиленди. Көп тараптуу дипломатиянын алкагында Кыргызстан тарап Өзбекстанга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогону үчүн, ошондой эле тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерин ырааттуу колдоп келгендиги үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров Өзбекстандын лидерин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.
Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өзгөчө чыңдоого кошкон зор салымы жана эки элдин ортосундагы боордоштукту, достукту өнүктүрүүдөгү тарыхый эмгеги үчүн Президент Садыр Жапаров 30-июлда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – I даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев жогорку сыйлыкты кабыл алып жатып, муну эки боордош мамлекеттин ортосундагы кылымдарды карыткан достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча биргелешкен эмгекке берилген адилеттүү баа катары кабыл аларын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын экономикалык жана социалдык ийгиликтерине кубанычын билдирип, I даражадагы «Манас» ордени ал үчүн өзгөчө баалуу экенин, анткени бул сыйлык ага зор күч-кубат жана ишеним берерин баса белгиледи.
Мамлекеттик сапардын саясий укуктук жыйынтыктары абдан бай жана мазмундуу болду. Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган эки тараптуу документтердин олуттуу топтомуна кол коюшту. Эң башкы келишим катары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишим кабыл алынды. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Чечме (Чашма) булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашууга кол коюлуп, көп жылдык татаал социалдык-чарбалык маселелер укуктук талаада чечилди.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу, ошондой эле 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол кабыл алынды. Коргоо тармагында Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Өзбекстандын Коргоо министрлигинин ортосунда кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Эки өлкөнүн рекреациялык потенциалын өнүктүрүү максатында Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол да бекитилди.
Тармактык министрликтер менен агенттиктердин ортосунда да келечектүү документтерге кол коюлду. Маданият тармагында 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы, агроөнөр жай комплексинде 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы бекитилди. Туризм тармагын биргелешип өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы кабыл алынып, билим берүү чөйрөсүндө жогорку билим берүүдөгү кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Инвестициялык кызматташтыкты жандандыруу максатында Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосунда 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилип, экономикалык карым-катнаштын жаңы горизонттору белгиленди.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамилелеринде жаңы баракча ачкан бул тарыхый жолугушуунун салмагын, мамлекеттер аралык достуктун тереңдигин жана эки тараптуу мамилелердин стратегиялык союздаштык деңгээлине көтөрүлгөнүн тарыхый бурулуш катары баалап, «Биз көптөгөн татаал этаптардан өтүп, чоң эмгектин аркасында чыныгы союздаштарга айландык. Мамлекеттерибиздин ортосундагы чечилбеген маселелерди жөнгө салуу эки тараптан тең саясий эркти талап кылган жана бизде андай эрк бар болчу. Бүгүн Кыргызстан жетишкен ийгиликтер өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Дүйнөдө ички дүң өнүмдүн өсүшү боюнча мындай көрсөткүчтөргө жетишкен өлкөлөр аз. Бул өз элин сүйгөн, акылман жетекчинин саясий эркинин аркасында мүмкүн болду. Биз жакын коңшулар, бир тууган элдер жана эми союздаштар катары бул ийгиликтерге чын жүрөктөн кубанабыз» – деди. Мына ушул эмоционалдуу да, салмактуу да билдирүү көрсөтүп тургандай, Кыргызстан менен өзбекстандын ортосунда түзүлгөн союздаштык мамилелер – эки лидердин бекем саясий эркинин, эки бир тууган элдин кылымдардан берки ынак коңшулук ыкласынын жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн туруктуу, бакубат келечегин бирге курууга болгон тарыхый жоопкерчилигинин айкын далили.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

