Башкы беткеКоомКМШ өлкөлөрү мектеп окуучуларын бирдей тамактандырат

КМШ өлкөлөрү мектеп окуучуларын бирдей тамактандырат

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөр мектеп окуучуларын тамактандыруу жаатында кызматташуунун бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгат. Бул тууралуу КМШнын Аткаруу комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечим Дүйшөмбү шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагындагы кызматташтык боюнча кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, стратегия мектептердеги тамактандыруу жайларынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну, ошондой эле тамак-аш өндүрүү жана жеткирүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү камтыйт. Мындан тышкары, бул багыттагы институттарды түзүү жана алардын ишине баа берүү каралган.

Документтин негизги максаты — КМШ өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларын тамактандыруу жаатындагы кызматташтыгын системалаштыруу. Анда инфраструктураны жана заманбап технологияларды өнүктүрүүдөн тартып, билим берүү мекемелеринде ысык тамак уюштуруунун бирдиктүү ыкмаларын киргизүүгө чейин камтылат.

Окуучуларды тамактандыруу маселелери боюнча КМШнын базалык уюму болуп саналган Тармактык тамактануу институту стратегияны иштеп чыгуу иштерин координациялайт. Ошондой эле жумушчу топту түзүү боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип турат.

Белгилей кетсек, Тармактык тамактануу институту Россияда жана КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде социалдык жана мектеп тамактануусу багытында программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенет. Ал КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин чечими менен окуучуларды тамактандыруу маселелери боюнча базалык уюм катары аныкталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар