Кант шаарында 5 250 батирди камтыган ири ипотекалык турак жай комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Долбоордун алкагында жалпы 150 блоктон турган жети кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Учурда курулуш иштерине 1 миңден ашуун жумушчу тартылган.
Маалыматка ылайык, имараттардын фасадын жасалгалоо жана чатырын жабуу иштери жүрүп, 120 блоктогу монолиттик иштер толук аяктады.
Турак жай комплексинде жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жолдорду кеңири салуу жана имараттардын ортосунда жетиштүү аралык калтыруу каралган. Ошондой эле аймакта 750 орундуу мектеп жана бала бакча куруу пландалууда.
Мындан тышкары, комплекс өзүнүн саркынды сууларды тазалоочу тутуму жана суу алуучу жайы менен камсыздалат. Ар бир батирге жеке жылытуу казаны орнотулуп, унаа токтотуучу жайлар курулат. Долбоорго ылайык, батирлердин 90 пайызына бирден унаа токтотуучу орун туура келет.
Объекттин курулушун толугу менен аяктап, батирлерди ээлерине 2027-жылы тапшыруу пландалууда.

