Бишкекте 2026-жылдын алгачкы 10 айында 23 миң 232 түп бак-дарак жана 2 миллиондон ашык бир жылдык гүл отургузулду. Бул тууралуу мэриянын пландык кеңешмесинде маалымдалды.
9-ноябрда шаар мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында борбор калааны жашылдандыруу иштеринин жыйынтыгы каралды.
Отчеттук мезгилде мындан тышкары 110 миң бак-дарак зыянкечтерден жана илдеттерден дарыланды. Куураган, кулап кетүү коркунучу бар дарактар алынып, көчөлөрдү жана сейил бактарды көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө мэр жашылдандыруу иштерин жаңыча уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди. Атап айтканда, бир жылдык гүлдөргө караганда узак убакыт бою көркүн сактаган көп жылдык өсүмдүктөрдү көбүрөөк отургузуу сунушталды.
Ошондой эле Бишкектин климатына ылайыктуу дарактардын түрлөрүн тандап, айрым көчөлөргө бир түрдөгү бактарды отургузуу аркылуу шаарга бирдиктүү көрүнүш берүү тапшырылды.
Мындан тышкары, ишкерлерди шаарды жашылдандырууга тартуу демилгеси көтөрүлдү. Ага ылайык, ар бир ишкана борбор калаанын шарттарына ылайык келген кеминде беш бийик жалбырактуу дарак отургузушу мүмкүн.
Мэр жаңы көчөттөрдү отургузуу менен гана чектелбестен, алардын жер алып кетишине жана үзгүлтүксүз сугарылышына шарт түзүү керектигин баса белгиледи.
Айбек Жунушалиев быйыл көчөт сатып алууга шаардык бюджеттен 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул каражатты натыйжалуу пайдаланып, отургузулган ар бир дарактын сакталышын камсыздоо зарыл.

