“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу окуянын бардык жагдайлары текшерилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү кызматтардын аракеттерине ар тараптуу баа берүүнү тапшырды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жардам сураган сигналдын өз убагында кабыл алынышы жана тиешелүү кызматтарга жеткирилиши, издөө-куткаруу иштеринин уюштурулушу, кызматтардын өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле техникалык каражаттар менен адам ресурстарынын колдонулушу каралат.
Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгын коомчулукка өз убагында жарыялоо милдети коюлду.
Анын жыйынтыгы менен уюштуруучулук жана системалык чаралар аныкталат. Эгер мыйзам бузуулар табылса, күнөөлүү адамдарга карата мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

