2026-жылдын 10-ноябрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук илимдер академиясында Илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарага академиктер, илимий институттардын жетекчилери жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү чогулду.
Сөз сүйлөгөн Улан Маматканов бүгүнкү күндө мамлекеттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү билимге, технологияларга жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу экенин белгиледи. Анын айтымында, илим экономикалык өнүгүүнүн, технологиялык жаңылануунун жана улуттук коопсуздуктун стратегиялык негизи болуп саналат.
Ошондой эле ал илимий изилдөөлөр өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктоого, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын ала баалоого жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда практикалык сунуштарды иштеп чыгууга багытталышы керектигин айтты.
Өзгөчө көңүл мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сактоого, Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоого, энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана саламаттык сактоо тармактарына бурулушу керектигин белгиледи. Мындан тышкары, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана биотехнологиялар илимдин маанилүү багыттары катары аталды….

