Башкы беткеСаясатБШК президенттикке талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

БШК президенттикке талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн үч жарандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Сыймык Жапыкеевдин каржы маселелери боюнча өкүлү Н.К. Сапарбаева катталды.

Ал эми Садыр Жапаровдун шайлоо маселелери боюнча өкүлү А.С. Мощин, каржы маселелери боюнча өкүлү А.Б. Тологонова болду.

Бактыбек Калмаматовдун шайлоо маселелери боюнча өкүлү болуп А.Ж. Жээнтаев, каржы маселелери боюнча өкүлү болуп А.А. Камчибеков катталды.

БШКнын маалыматына караганда, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар