2027-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) төрагалык кылуу Россиядан Тажикстанга өтөт. Бул тууралуу 11-ноябрда Москвада өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында белгилүү болду.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун айтымында, төрагалык кылуу мезгилинде өлкө аймактык коопсуздукту чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Анын негизги урааны «Жамааттык коопсуздук, чек араларды бекемдөө, аймактын туруктуулугу жана биргелешкен жоопкерчилик» деп белгиленди.
Душанбе төрагалыктын негизги артыкчылыктары катары тажик-афган чек арасын бекемдөөнү, ЖККУнун тышкы чек араларын коргоону жакшыртууну, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөштү атады.
Мындан тышкары, уюмдун жамааттык күчтөрүнүн даярдыгын жогорулатуу, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кризистик кырдаалдарга ыкчам чара көрүү механизмдерин өркүндөтүү пландалууда.

