Башкы беткеСаясатБШК: Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

БШК: Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, президенттик шайлоого катышуу үчүн 11 адам талапкерлигин көрсөттү.

Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу жүрүп жатат. Бул жараян 2026-жылдын 7-декабрына чейин уланат. Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкер катары катталуу үчүн кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасы талап кылынат.

Талапкерлерди каттоо үчүн зарыл болгон документтер 2026-жылдын 13-декабрына чейин кабыл алынат. Ал эми президенттикке талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт.

Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар