Башкы беткеКоомБишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жолу уюштурулууда

Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жолу уюштурулууда

Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Айдарбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө велосипед жолу курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда «Бишкекасфальтсервис» ишканасы жол белгилерин чийип, велосипед тилкесин унаалар жүрүүчү негизги жолдон бөлүп турган атайын тосмолорду орнотууда.

Бул иштер жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга, шаар ичинде жүрүүнү ыңгайлаштырууга жана велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарындагы велосипед жолдорунун жалпы узундугу 77 чакырымды түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар