Башкы беткеМаданиятРоза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыды

Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыды

Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова Түркиянын Аланья шаарында өткөн эл аралык иш-чарада искусство тармагындагы Глобалдык сыйлыкка татыды.

9-ноябрда Аланья шаарында Дүйнөлүк журналисттер кеңешинин VI Дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын жолугушуусунун алкагында VI Глобалдык ийгилик сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү.

Салтанатта Косовонун мурдагы президенти Вьоса Османи, белгилүү футбол машыктыруучусу Фатих Терим, TRT AVAZ телеканалынын, Corendon Airlines авиакомпаниясынын өкүлдөрү жана 32 өлкөдөн келген журналисттер бир сахнада чогулушту.

Алардын арасында үнү бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таанылган кыргызстандык артист Роза Аманова да болду. Ага искусство тармагындагы Глобалдык сыйлык тапшырылды.

Бул жөн гана сыйлык эмес. Бул — миңдеген жылдык тарыхты, элдин мурасын жана руханий дүйнөсүн сактап келген үнгө берилген эл аралык баа.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар