Башкы беткеКоомКыргызстанда унааларды каттоо жана кайра каттоо кызматтарынын 87 пайызы онлайн көрсөтүлүүдө

Кыргызстанда унааларды каттоо жана кайра каттоо кызматтарынын 87 пайызы онлайн көрсөтүлүүдө

Кыргызстанда автоунааларды каттоо жана кайра каттоо кызматтарынын 87 пайызы «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Тилек Женишев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын башынан бери айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча 676 миң арыз түшкөн. Алардын 58 пайызы электрондук түрдө берилген.

Онлайн кызматтардын киргизилиши «Унаа» мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндөгү кезектердин азайышына шарт түзгөн. Жарандар унаасын каттоодон же кайра каттоодон аралыктан өткөрүп, техникалык паспортун жана мамлекеттик номурларын кийин ала алышат.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-декабрына чейин мамлекеттик номурларды жана техникалык паспортторду жарандардын үйүнө жеткирип берүү кызматын ишке киргизүү пландалууда. Бул кызмат «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу «Кыргыз почтасы» менен биргеликте көрсөтүлөт.

Документтерди тариздөөдө жарандар аларды «Унаа» мекемесинин бөлүмүнөн өздөрү алып кетүүнү же көрсөтүлгөн дарекке жеткиртип алууну тандай алышат.

Маалыматка ылайык, кызматты ишке киргизүүгө даярдык көрүү иштери 60 пайызга аяктады. Ал эми жеткирүү акысы азырынча бекитиле элек.

Белгилей кетсек, Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 1,9 миллиондон ашык унаа катталган. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар