26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде жаштар үчүн бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт.
Иш-чараны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы университет менен биргеликте уюштурууда.
Жарманкеге 40тан ашык иш берүүчү катышат. Алар экономика, юриспруденция, IT, билим берүү, журналистика, башкаруу жана башка тармактар боюнча 4 миңден ашык бош жумуш ордун сунушташат.
Иш-чаранын максаты — жаштарга, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө жана жаш адистерге жумуш табууга көмөктөшүү. Катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз байланышып, маектешүүдөн өтүп, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, Бишкектин мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого багытталган тесттер, оюндар жана университет боюнча экскурсия уюштурулат.
Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери жумушка орношуу, кесиптик окутуу, жаштар стажировкасы жана мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет.

