Башкы беткеМаданиятСтамбулда «Кыргызстан маданият үйүнүн» этномаданий көргөзмөсү ачылды

Стамбулда «Кыргызстан маданият үйүнүн» этномаданий көргөзмөсү ачылды

Түркиянын Стамбул шаарындагы Түрк дүйнөсүнүн маданий кварталында «Кыргызстан маданият үйүнүн» этномаданий көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков, маданий кварталдын директору Абдүлметин Кескин жана мекендештер катышты.

Ачылыш аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын концерттик программасы менен коштолду.

Салтанатта Айбек Дайырбеков кыргыз элинин бай маданий мурасын, улуттук баалуулуктарын жана каада-салттарын Түркияда таанытууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн Стамбул шаардык мэриясына ыраазычылык билдирди.

Ал эми көргөзмөдө орун алган боз үй кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн, меймандостугун жана ынтымагын чагылдырган символ экенин белгиледи. Ошондой эле мындай иш-чаралар кыргыз жана түрк элдеринин тарыхый, руханий байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Ачылыштын жүрүшүндө коноктор кыргыз элинин этнографиялык буюмдары, улуттук кол өнөрчүлүк үлгүлөрү жана салттуу турмуш-тиричилиги чагылдырылган экспонаттар менен таанышты.

Иш-чаранын соңунда делегация Топкапы маданий паркындагы «Серен 1453» тарыхый музейине экскурсия жасады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар