Ысык-Көл Эл аралык форумунун алкагында “Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитинин баш редактору Алмаз Кулматов Оксфорд университетинин профессору, азыркы замандын эң таанымал тарыхчысы Питер Франкопан менен жолукту. Питер Франкопан Форумду өткөрүү идеясын жогору баалап, дүйнө эли бири бирин уга билүү маданиятына муктаж экенин, кыргыз жери, Манас” менен Айтматовдун эли ушул миссияны аткарып, интеллектуалдарды чогултуп жатканына терең ыраазычылык билдирди.
“Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитине форумду утурлай Улуу Британ окумуштуусунун азыркы доордун жүзу тууралуу макаласынан үзүндү жарыялаган. Баш редактор менен Питер Франкопандын “Жибек жолу: кездемелердин, кулдардын, идеялардын, диндердин жолу” жана “Жибек жолу: жаңы доор жана келечек” деген китептерин кыргыз тилине которуп, басып чыгаруу укугуна “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнө ыйгарып, макулдашышты. Питер Франкопан буга атайы келишимдин кереги жок экенин, анткени англичандар менен кыргыздар оозеки макулдашууну мыйзам катары кабылдайт деген пикирин билдирди. Буюрса, макулдашуу ишке ашса, кыргыз окурмандары орошон ойчулдун китептери менен эне тилинде таанышуу мүмкүнчүлүгүнө
ээ болмокчу.
Сыргак ЭСЕНБЕК

