20-июнда юбилейлик Ысык-Көл интеллектуалдар форуму өтүп, анда ТҮРКСОЙдун баш катчысы С.Раев сөз сүйлөдү. Окурмандарыбызга анын форумда сүйлөгөн сөзүн сунуш кылабыз.
Касиеттүү Ысык-Көлдүн боюнда дүйнөлүк интеллектуалдык ой алптары, дагы бир жолу кубаттуу толкундай улуу журтубузга келип олтуру. Бу жолу мындан 40 жыл илгери Айтматовдун демилгеси менен өткөн дүйнөлүк интеллектуалдардын форуму жаңы тарыхый шартта, жаңы доордо, жаңы форматта өткөнү туру. Арабызда Айтматов жок, бирок анын идея-сы, анын Ысык-Көл форуму бар. Бул тек гана акыл адамдарынын шеринеси эмес, бу азыркы алакан отундай жанып турган бүгүнкү проблемалардын, бүгүнкү карама-каршылыктардын, бүгүнкү катаал чындыктын, бүгүнкү түзүлгөн реалдуулуктун, бүгүнкү оош-кыйыштуу, ал гана эмес, драматизмге жык толгон транзиттик доор-дун ачуу чындыгына жооп издөөнүн аракети.
Арийне, эң оболу бир тарыхый чындыкты айтып коюбуз абзел? Ал чындык эмне? Биз, ушул кезге чейин Айтматов түптөп кеткен интеллектуалдардын Ысык-Көл форумунун тарыхый ордуна, тарыхый миссиясына, адамзаттык маанисине, дүйнөлүк цвилизациялык циклга кошкон салымы жөнүндө тарыхый баасын бере элекпиз.
Бул форумду кезегинде өз көзү менен көргөн адам катары айткым келет. Алгачкы форумга ошо кездеги идеологиялык көз караштары, позициясы карманча кыл келбеген, карама-каршы пикир тутумун алып жүргөн дүйнөлүк деңгээлдеги акылмандар, философтор, футурологдор келген. Алардын арасында Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон, Рим клубунун президенти Александр Кинг, ЮНЕСКОнун баш директору Федерико
Майор, жазуучулар Питер Устинов, Яшар Кемал, Лисандра Оте-ро, Джеймс Болдуин, драматург Артур Миллер, сүрөтчү Афеверк Текле, илимпоз Аугусто Форти, футурологдор Олвин жана Хейди Тоффлер, композитор Йомер Леванели баштаган улуу инсандар келген. Ыйык көлдүн боюнда дүйнөлүк ойдун каймактары кыл тиштеген замандын эң көйгөлүү маселесин ортого салган эле.
Бу форумдун негизги мааниси эмне эле? Алгачкы жолу Чыгыш менен Батыштын интеллектуалдары биригип, бир платформада глобал дүйнө проблемаларын чечүү жолдорун издөөнү гана эмес, эң оболу бу форум дүйнөнүн саясий циклин өзгөртүүгө, дүйнөдө калыптанган идеологиялык стереотипти бузууга, жаңы ой, жаңы көз караш, эң башкысы Чыгыш менен Батыш диалогун орнотууга, ошондой эле Дүйнөлүк картанын жаңы архитектурасын жаратууга жол ачуу эле. Мына ушул идеялардын жана руханий кайра жаралуунун кубаттуу толкуну ушу Ысык-Көл форумунан башталганын бүгүн дүйнөлүк коомчулук, жалпы адамзат мойнуна алуу керек!
Ошол себептүү, бүгүнкү форумдун сөзүн, үнүн, көз карашын, позициясын, дүйнө чакырыгын жалпы дүйнө коомчулугу күтүп жатат! Бүгүнкү жандүйнө чындыгыбыз бууракандап турган мезгилге, анын кыйма-чийме соболдоруна кандай таасир берет, анын таасир этүү шкаласы канчалык деңгээлге көтөрүлөт!?
Атактуу француз драматургу Сэмюэл Бекеттин “В ожидание Годо” драмасындагы каармандардай багытсыз ээн жолдо бир нерсени күтөбүз, күтөбүз да, өзүбүздү иллюзия менен алдайбыз, чын эле ушул акыбалга келдикпи? Дүйнөлүк драма апогейине жеттиби? Максатсыздык метафорасы, адамдык жашоонун үмүтсүздүгү, дүйнөнүн абсурддугу бизди чыныгы реалдуулук менен сюреалдуулуктун ажырымы, руханий катаклизм акыры адамзатты жашоонун кууш жарына такадыбы?..
Бүгүн дүйнө белгисиздик менен чыңалуунун, Улуу жымжырттыктын алкагында турат. Атактуу Ницше айткандай “мир живет у подножья вулкана”.
Биздин маңдайыбызда Согуш жана тынч-тык карааны турат.
Урматтуу катышуучулар!
Ысык-Көл форуму эгемендүү Кыргызстандын дүйнөлүк процесске таасир берүү миссия-сы менен эл аралык статусу, орду жаңы бас-кычка көтөрүлгөн тарыхый учурга туш келди. Ал биринчи кезекте, Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө шайланган, улуттук дипломатиянын триумфунун алкагында өтүп жатат. Бу жеңиш, албетте, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын, суверенитетинин жеңиши деп билебиз.
Бу бийик платформада айтылган ар бир глобал ойлор, маселелер БУУнун коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү Кыргызстан аркылуу дүйнөлүк бийик трибунага жетет. Бул окуя да форумга жаңы мүмкүнчүлүк жана жаңы мейкиндикти ачып берет.
Ысык-Көл форуму адамзаттын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабаган, дүйнөнүн тагдырына чын дилинен күйгөн адамдардын платформасы.
Бу кырдаал мындан 40 жыл илгери да болгон, бүгүн да ошондой кырдаалда турабыз, постгуманисттик кризис адамдагы Адамдыкты сактоо дүйнөлүк ойдун кыл чокусуна айланды, анткени бу ой гуманист Айтматовдун эң башкы руханий манифести жана инсандык миссиясынын өзөгү болгон.
Дүйнө көп полярдуу, көп багыттуу жана көп кырлуу. Бирок анын алдында турган негизги коркунуч бирөө гана.
Ал – Адамдагы адамдыкты сактоо.
Жазуучу катары мен адамга жана жалпы адамзатка багытталган дагы бир чоң коркунучка токтолгум келет. Ал – экстремизмге, диний фанатизмге, шовинизмге, фашизмге, ар кандай идеологиянын үстөмдүгүнө жана ушул сыяктуу терс көрүнүштөргө негизделген ишенимдер менен дүйнөтаанымдардын кагылышы.
Биз ХХI кылымда жашап жатканыбызга карабастан, адамзат өз каталарын кайра-кайра кайталоодо. Ал эми заманбап санариптик прогресс бул каталарды ого бетер курчутуп, күчөтүп, “интеллектуалдык зомбинин” вирусу жайылууда. Натыйжада адам виртуалдык жана реалдуу дүйнөнүн айрымасын жоготуп, жасалма маалыматтардын жана виртуалдык экстремизм тарабынан күчөтүлүп, кооптуу социалдык конфликттерди алып келүү ыңгайын жаратууда.
Асыресе, бу тенденция “санариптик аборигендердин армиясын” жаратты жана ал барган сайын жалган маалыматтардын манипуляциясын күчөттү.
Фейк жана фейкизм – бүгүнкү замандын руханий терроризмине айланды. Ал – адамзаттын аң-сезимине жарыяланган руханий согуш.
Бүгүн “үчүнчү дүйнөлүк согуш” биздин аң-сезимибизде, дүйнөтаанымыбызда, көз карашыбызда жүрүп жатат. Бирок анда танктар менен автоматтар эмес, адамдардын аң-сезимине, мээсине таасир этүүчү, агрессивдүү идеялар аркылуу жүрүп жатканы жашыруун эмес. Бу биздин жалпы коомдун руханий жакырчылыгынын, алсыздыгынын, боштугунун пандемиясы.
Биз адамды сүйүүнүн баалуулуктарын жоготтук, биз боорукерликтин, кайрымдуулуктун, бөтөндүн кайгысын түшүнө билүү жана колдоо сезимин жоготтук. Ыймансыздык девальвациясы, моралдык кыйроо бүтүндөй бейруханийсиздик араанында жашап жатабыз.
Азыркы күндө дүйнө адам өнүгүүсүнүн жаңы фазасына келди. Ал эң оболу жасалма интеллекттин күндөн күнгө адамзат чөйрөсүнүн бардык ишмердүүлүгүнө батыл кирип бара жаткандыгына байланыштуу. Жасалма интеллект бу адамга карата болгон заман чакырыгы, анын оң жагы да, терс жагы бар экендигин билебиз. Бирок бу жасалма интеллект келечекте дагы бир тоталдык манкуртизмдин мейкиндигин ачпайбы деген коопсуздануу да заман чындыгы. Анын адам жашоосундагы орду жана зыяны тууралуу азыр ачык кеп айта турган учурга келип такалдык. Жасалма интеллект эч талашсыз бу технологиялык прогресстин бир феномени, ал руханий чен өлчөмдөн алгандачы? Бу собол мезгил соболу.
Бу маселе тууралуу кезегинде “Биз, жасалма интеллект башкарган улут эмес, жасалма интеллекти башкарган улутка айланышыбыз керек” деп жазган элем өз макаламда. Эгерде биз жасалма интеллекттин ашкере колдонуучусуна айлансак, ага “көз каранды” болсок, анда биз ХХI кылымдын жаңы руханий пандемиясына кабылабыз. Бу пандемиянын вакцинасын таба алабызбы же жокпу? Мен айтаар элем: ал вакцина адамдагы табигый касиеттерди, артыкчылыктарды, боорукер сезимди, жандүйнөнү сактап калуу! Бу эң оболу адамзаттык сүйүүнүн өзөгү, ана башаты!
Бүгүн эң кыйын жана эң оор руханий парз бу адамга Адамдыкты кайтарып берүү, адамдыктын баалуулугун орнотуу! Эгерде, арабызда Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо ал дагы бир жолу өзүнүн бизге руханий аманат сөзүн айтат эле, ал сөз – “Канткенде Адам уулу качан Адам болот?” деген! Биз азыр ушу сөзгө, ушу духка, ушу чындыкка таңсыкпыз!
Адам жашоосун эбейгейсиз, ченемсиз радикализациялоо, башка маданиятты мажбурлап таңуулоо, биздин улуттук нарктарды, дөөлөттөрдү суррогат маданияттар менен алмаштыруу бу өтө коркунучтуу симптом. Тилекке каршы, бу тенденция барган сайын жаш жүрөктөрдү ээлеп, тоталдык маңкуртизм чеңгелине салганы турат. Президентибиз Садыр Жапаровдун “Уңгу жол: улуттук дем жана дүйнөлүк бийиктик” концепциясынын өзөгүн кайсы бир улуу өрнөктөрдөн, кайсы бир таасирленүүдөн эмес, мен аны “Өзүбүздүн руханий башатыбызга, ыймандык баалуулуктарга кайрылып келүүдөн көрөм”. Бу доктрина иденттүүлүктүн руханий манифести деп билем. Кыргыз ренессансы тышкы дүйнөдөн эмес, ички рух дүйнөсүнөн башталат.
Азыркы глобалдашкан доордо улуттук башатты сактап калуу эң оболу эгемендүүлүктү, суверенитетти, мамлекеттүүлүктү сактап калууга тете!
Биз касиеттүү ыйык Ысык-Көл боюнда турганда экологиялык маселелер тууралуу айтпай кетсек болбос. Ысык-Көл космикалык
бийиктиктен караганда ыйык тумардай көрүнөт, жер жүзүнүн карегиндей көрүнөт, демек таза экологиянын символу болгон ыйык көлүбүздү коргоо жана сактоо бу бабалардан калган аманат. Биз табият менен ширелишкен, гармонияда жашаган элбиз, жараткан берген бу айкөлдүктү, аруу, таза сактап калуу ыйык парз деп билем. Дагы бир маселе эң орчундуу, бул Адам жандүйнөсүнүн экологиясын, ыйманын, ар-намысын, абийирин, сезимин сактоо маселеси! Улут куралы менен эмес, руху менен күчтүү!
Ал – кооз табиятыбыз менен ширелишкен ыйык түшүнүктө жашайт…
Дүйнөдө дүйнөлүк ар кандай маселелерди камтыган саясий, экономикалык, коопсуздук, климаттык, социалдык, диний форумдар жана платформалар бар. Давос эл аралык экономикалык форуму, Токио эл аралык форуму, Женева форуму, Санкт-Петербург экономика форуму, Бүткүл дүйнөлүк социалдык форум, Европа социалдык форуму, Лондон билим форуму, Астана дүйнөлүк диндер форуму бар. Бул багыттан алганда дүйнөдө интеллектуалдык, руханий, маданий такай аракеттеги ири форум, платформа жок экендиги баарыбызга маалым, ошол себептүү бүгүнкү Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларына улуу жазуучу, планетардык инсан Айтматовдун урматына кайрылгым келет! Дүйнөлүк интеллектуалдар менен маданий ишмерлердин такай салтка айланган платформасын, аянтчасын кыргыз өкмөтү колдосо, биздин касиеттүү Ысык-Көлдө дүйнөлүк акылгөйлөрдүн системалуу, фундаменталдуу форумун Кыргызстанда туруктуу өткөрүүнү сунуш кыламын. Кыргызстан Акыл Ой ордосу болууга толук моралдык укугу бар өлкө!
Биз Күчтүн духу, акылдын руху менен жашаган байыркы элбиз!
Ысык-Көл Айтматовдун духу менен, руху менен, энергетикасы менен жашаган ыйык аймак. Бу аймак дүйнөлүк интеллектуалдардын борборуна айлансын деген пикирибизди, сунушубузду айткыбыз келет! Дүйнөдө эң түгөнбөс байлык – Акыл!
Бул руханий да, тарыхый жактан алганда да эң туура болот деген ишенимдемин!

