ОСАГО: Аймактардагы реалдуу төлөмдөр жана каржылык коопсуздук

                Кыргызстандын бардык аймактарында милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) тутумун жайылтуу жана айдоочулардын каржылык коопсуздугун камсыздоо иштери жигердүү улантылууда. Санариптештирүү чараларынын аркасында документтерди тариздөө кыйла жөнөкөйлөп, жол-транспорт кырсыктарына кабылгандарга миллиондогон сомдук компенсациялар тоскоолдуксуз төлөнүп берилүүдө. Бул механизм ашыкча талаш-тартыштарды азайтып, өлкөдө маданияттуу жана коопсуз жол кыймылын калыптандырууга жол ачууда.

Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруунун (ОСАГО) маанилүүлүгүн жогорулатуу жана аны жалпы өлкө боюнча толук кандуу жайылтуу багытында активдүү иштер уланууда. Бардык аймактарда айдоочулардын укуктук жана каржылык коопсуздугун камсызлуу, ошондой эле жол-транспорт кырсыктары болгон учурда келтирилген зыянды өз убагында калыбына келтирүү максатында түшүндүрүү жана контролдоо чаралары күчөтүлүүдө. Мамлекеттик органдар, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы жана камсыздандыруу компаниялары биргеликте иш алып барып, ОСАГО тутумун калкка жеңил жана түшүнүктүү кылууга өзгөчө басым жасап жатышат.

Аймактарда документтерди тариздөө процессин жөнөкөйлөтүү үчүн санариптик чечимдер кеңири колдонулууда. Азыркы тапта айдоочулар камсыздандыруу полисин алуу же узартуу үчүн компаниялардын кеңселерине барып убакыт коротпостон, мамлекеттик мобилдик тиркемелер жана онлайн платформалар аркылуу электрондук полистерди тез арада тариздей алышат. Бул өзгөчө алыскы айылдарда жана аймактарда жашаган тургундар үчүн убакытты үнөмдөөгө жана ашыкча убарагерчиликтен арылууга чоң өбөлгө түзүүдө.

Айрым аймактарда ОСАГОнун маанилүүлүгүн али да толук түшүнө элек айдоочуларга маалымат берүү багытында жер-жерлерде атайын акциялар жана түшүндүрүү иштери уюштурулуп жатат. Жол кайгуул кызматкерлери автоунааларды текшерүү учурунда полистин бардыгын текшерүү менен бирге, анын кырсык учурунда эки тарапка тең бере турган каржылык коргоосун эскертишүүдө. Камсыздандыруу базары да туруктуу ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталып, төлөмдөрдү калыс жана кечиктирбей берүү тартиби катуу көзөмөлгө алынууда.

Соңку мезгилде өлкө аймактарында ОСАГО тутумунун реалдуу натыйжалуулугу даана байкала баштады. Жол-транспорт кырсыктары катталган учурларда келтирилген материалдык жана физикалык зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөрдүн көлөмү олуттуу өстү. Алсак, соңку көрсөткүчтөр боюнча, камсыздандыруу компаниялары тарабынан жабыр тарткан жарандарга жана унаа ээлерине миллиондогон сом өлчөмүндө каржылык ордун толтуруу каражаттары төлөнүп берилди. 50 миңден бир нече жүз миң сомго чейинки төлөмдөр конкреттүү кырсыктардын кесепеттерин жоюуга, анын ичинде автоунааларды оңдоого жана дарылануу чыгымдарына багытталды.

Өлкөдөгү камсыздандыруу компанияларынын статистикалык маалыматтарына таянсак, жеке унаа ээлерине жана коомдук транспорттун катышуусундагы кырсыктарга кабылгандарга ондогон, жүздөгөн миң сомдук төлөмдөр кечиктирилбестен которулуп берилүүдө. Кузовдук оңдоолордон баштап, мотор жана башка тетиктерди калыбына келтирүү чыгымдары толугу менен камсыздандыруу лимиттеринин алкагында жабылууда. Бул чаралар күтүүсүз кырсыкка кабылган айдоочуларды капысынан пайда болгон оор каржылык карыздардан коргоого чоң өбөлгө түзүп жатат.

Аймактарда орун алган конкреттүү учурларды алсак, Бишкек-Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы жыш кыймылдуу трассаларда катталган жол кырсыктарында ОСАГОнун пайдасы айкын көрүнүүдө. Маселен, талкаланган транспорт каражатынын чыгымы көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланып, тиешелүү документтер топтолгондон кийин, жабырлануучу тараптын эсебине 100 миңден 150 миң сомго чейинки каражаттар кыска мөөнөттө которулуп берилген учурлар көбөйдү. Бул өз кезегинде эки тараптын ортосундагы ашыкча талаш-тартыштарды жөнгө салып, маселени цивилизациялуу жол менен чечүүгө шарт түзүүдө.

Материалдык зыяндан сырткары, ЖТК учурунда жарандардын ден соолугуна келтирилген зыянды толтуруу боюнча да олуттуу төлөмдөр каралууда. Ооруканада дарылануу, зарыл болгон дары-дармектерди сатып алуу жана калыбына келтирүү процедураларына кеткен чыгымдар тастыктоочу документтердин негизинде камсыздандыруу компаниялары тарабынан жабылууда. Жаракат алган айдоочуларга же жүргүнчүлөргө бөлүнүп жаткан мындай каржылык жардамдар өзгөчө социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөр үчүн оор учурда чоң көмөк болууда.

Санариптештирүү процесстеринин алкагында төлөмдөрдү кароо жана бекитүү мөөнөттөрү да кыйла кыскарды. Мурда бюрократиялык тоскоолдуктарга кабылып, айлап документ чогултуу талап кылынса, азыркы тапта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) корутундусу жана санариптик платформалар аркылуу тапшырылган билдирмелер бекитилген регламентке ылайык тез арада каралууда. Бул чаралар аймактардагы айдоочулардын убактысын үнөмдөп, төлөм алуу жараянын максималдуу түрдө ыңгайлуу жана ачык кылды.

Мындай реалдуу каржылык компенсациялар жана ачык процесстер калк арасында камсыздандыруу маданиятын түп-тамырынан бери өзгөртүүдө. ОСАГОну мурда кошумча чыгаша же жөн гана милдеттенме катары көргөн айдоочулар, азыр анын башына иш түшкөндө чоң каржылык жоготуулардан куткаруучу механизм экенине ынанышты. Натыйжада өлкө боюнча өз ыктыяры менен жана өз убагында полис тариздеткен унаа ээлеринин катары күндөн-күнгө калыңдап жатат.

Кыргызстанда ОСАГО тутумун жайылтуу жана өркүндөтүү багытындагы иштер сапаттык жаңы деңгээлге чыкты. Көчөлөрдөгү коопсуздукту жогорулатуу, ар бир жол кыймылынын катышуучусун каржылык жактан коргоо жана мамлекеттик деңгээлдеги көзөмөлдү бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан комплекстүү чаралар келечекте жоопкерчиликтүү жана маданияттуу жол чөйрөсүн түзүүгө бекем пайдубал болуп берет.

                                                                                                                                           Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»