Бабадан калган өнөрдү улап, бүркүттүн канаты менен кыргыздын рухун бийиктеткен мүнүшкөр Мирбек Тургунбаев тууралуу кеп.
«Дарак да тамыры кыркылса, көктөй албайт. Ата салты, баба наркы – улуттун тамыры. Өткөнүн унуткан коомдун келечеги
да бүдөмүк. Андыктан илим-билим, технология өнүккөн заманда улуттук баалуулуктарыбызды кошо тутунуп, келечек муунга сактап өткөрүү ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети».
Алыскы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жашаган мүнүшкөр Мирбек Тургунбаев үчүн бул жөн гана сөз эмес. Бул ал үчүн жети атасынан бери келе жаткан мурас. Ошол улуу мурасты кийинки муунга өткөрүүнү өзүнүн парзы катары көрөт.
Кылымдар бою кыргыз элинин жашоо-турмушу жаратылыш менен тыгыз байланышта болгон. Ат минип, жаа асынып, колуна бүркүт кондуруп, этегине тайганын ээрчиткен кыргыздын элеси улуттук дүйнө таанымыбыздын ажырагыс бөлүгү катары баалай алабыз. Ошол элестин өзөгүндө мүнүшкөрлүк өнөрү да бар.
Жети атадан калган мурас
46 жаштагы Мирбек Тургунбаевдин бул өнөргө болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Анын атасы, чоң атасы, бабасы деги жети атасы тең мүнүшкөрлүктү аркалашкандар. Албетте, илгери тиричиликтин зарылдыгынан улам бүркүт таптап, коён, элик, кийик сыяктуу жаныбарларды кармоо үчүн аң салышкан. Ал эми ителги, каракуш өңдүү алгыр куштар менен кеклик, чил, кыргоолдорго аңчылык кылышып, күнүмдүк тиричиликтерин өткөрүшкөн. Бирок, ал өнөр бара-бара ата-баба салтына айланып, балдарына мурас катары өтө баштаган.
«Сен мүнүшкөр бол. Бул өнөрдү таштаба. Бул – жети атаңдан берки мурас», деген атасынын керээзи Мирбектин эсинде өмүр бою сакталып калчу жагдай.
Ал кичинесинен атасын ээрчип, ат үстүндө куш таптоонун сырларын көрүп чоңойгон. Үйүндө куштар, сыртта аттар – анын балалык дүйнөсүнүн бир бөлүгү болгон. Кийин окуу, турмуш, миграция сыяктуу ар кандай себептерден улам бул өнөрдөн алыстаган. Бирок атадан калган өнөрдүн тамыры аны кайрадан өзүнө тартып, мүнүшкөрлүк жолуна биротоло кайтарган.
Бүгүн Мирбек бул өнөрдү жөн гана сактап калууну эмес, анын каада-салтын, тажрыйбасын жаш муунга өткөрүп берүүнү да маанилүү милдет деп эсептейт.
Куш таптоо сабырдын мектеби
Жапайы жырткыч кушту колго үйрөтүү сыртынан караганда жеңил көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында бул мүнүшкөрдөн көп убакытты, чыдамкайлыкты жана өтө кылдат мамилени талап кылган татаал процесс.
Алгыр куштун өзүнүн мүнөзү бар. Ал тарынчаак, кекчил, ал тургай каардуу болушу мүмкүн. Ошондуктан ага күч колдонууга, уруп-согууга болбойт. Мүнүшкөрдүн кичинекей эле катасы куштун адамга болгон ишенимин жоготушу мүмкүн.
“Жапайы кушту биринчи кармаган учурда эле ал колду чокуп, чапчып каршылык көрсөтөт. Ошого чыдаш керек. Аны күч менен эмес, сабырдуулук жана кылдаттык менен таптоо зарыл. Куштун эртеңки келечегин ойлоп мамиле кылыш керек”, – дейт Мирбек мырза.
Кушту талаадан кармап келгенде анын канат-куйругуна зыян келбеши үчүн өзгөчө этият мамиле жасалат. Томого кийгизилип, айрым учурда атайын кездемеге оролуп, тынч абалда кармалат. Андан соң адамга акырындап көндүрүлөт.
Жырткыч кушту таптоодо жемдин да орду чоң. Куштун табигый өзгөчөлүгүнө жараша эт менен азыктандырылып, жемди аз-аздан берүү аркылуу мүнүшкөргө көндүрүлөт. Алгач бир метр аралыктан чакырылса, кийин аралык улам узартылат. Ушундай жол менен куштун ээсине кайра учуп келүүсү калыптанат.
Демек, мүнүшкөрлүк – кушту кармоо гана эмес. Ал сабырдуулуктун, жоопкерчиликтин жана жаратылышты түшүнүүнүн мектеби.

Ар бир куш – өзүнчө дүйнө
Мүнүшкөрлүк дүйнөсүндө ар бир куштун мүнөзү ар башка. Бири кекчил, экинчиси өжөр, дагы бири адамга тез көнөт дегендей. Ал эми чыныгы кыраан куш мүнүшкөрдүн өмүрүндө бир гана жолу жолугушу мүмкүндүгүн мүнүшкөр белгилейт.
Мирбек Тургунбаевдин эсинде өзгөчө калган куштардын бири «Полвон» аттуу эркек бүркүт болгон. Уядан алынып багылган бул бүркүт башкалардай байланбай, эркин жүргөндү жакшы көрчү экен. Талаада чөп чабылып жатканда ээсинин үстүндө калкып учуп, жаш балдар менен кубалашып ойногон учурлары Мирбектин жүрөгүндө өзгөчө из калтырган.
Мындай куш мүнүшкөр үчүн жөн гана аң уулоочу канаттуу эмес. Ал өнөктөш, табият менен адамдын ортосундагы тирүү байланыш. Бирок, кандай учур болбосун бүркүт, ителги куштарынынын жырткыч экенин унутпоо зарыл.
Көп ичинен суурулган кыраандар
Кыргызда «ар ким эле мүнүшкөр боло бербейт» деген түшүнүк бекеринен айтылган эмес. Бул өнөр үчүн адамдын ички туюму, куштун мүнөзүн сезе билүүсү жана жаратылыш менен тил табыша алуусу абдан зарыл.
Ошол эле учурда ар бир тапталган бүркүт да кыраан боло бербейт.
Бүркүттү тандоодо анын башына, сөөк-саатына, шыйрагына, канаты менен куйругунун түзүлүшүнө чейин көңүл бурулат. Кыргыз мүнүшкөрлөрү куштун өңү-түсүнө, башынын түзүлүшүнө жана башка белгилерине карап «ак сары баш», «кара каш», «кум сары», «сары кыран» сыяктуу аталыштарды колдонуп келишкен. Бул сөздөрдүн ар биринде ата-бабадан муундан муунга өтүп келген куш таануу тажрыйбасы камтылган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу чоң жоопкерчилик
Мирбек Тургунбаев үчүн мүнүшкөрлүк атадан калган мурас гана эмес, эл аралык аренада кыргыз элин татыктуу таанытуу мүмкүнчүлүгү.
Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн бир нече тандоо баскычынан өткөн. Биринчи тандоо февраль айында өтүп, андан соң Нооруз майрамындагы, 9-Майдагы иш-чараларда жана салбуурундарда үзгүлтүксүз машыгуу өткөргөн.
Жыйынтыгында 30га жакын бүркүтчүнүн арасынан суурулуп чыгып, Кыргызстандын курама командасына кошулган.
“Мен бул тандоодон өткөнүмдү чоң жоопкерчилик деп эсептейм. Бул жөн гана мелдешке катышуу эмес, ыйык милдет. Эгер жакшы жыйынтык көрсөтө албасак, биз үчүн уят. Ошондуктан бул сезимди сөз менен айтып жеткирүү кыйын, – дейт
мүнүшкөр.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бүркүт салуу боюнча бир нече көнүгүү каралган. Алардын бири кушту алыстан чакыруу. Бүркүт белгиленген аралыкта марага чакырылып, анын учуп келүү ылдамдыгы секундомер менен эсептелет.
Экинчи көнүгүүдө бүркүт чыргага салынат. Анда түлкүнүн териси ат менен белгилүү аралыкка сүйрөлүп, бүркүттүн аны көздөй учуп барышы бааланат.
Мындай мелдеште мүнүшкөр үчүн куштун табын туура кармоо өзгөчө маанилүү. Куш өтө ток болсо, жемге кызыгуусу азайышы
мүмкүн. Ашыкча ачка болсо, күчү кетип, жакшы уча албай калат. Ошондуктан мелдеш алдындагы ар бир саат, ар бир жемдин өлчөмү өзгөчө маанилүү.
Мындан тышкары оюн талаасындагы алаксытуучу нерселер да куштун көңүлүн бурушу мүмкүн. Көрүүчүлөрдүн кыймылы, башка куштар, кийимдер же жемге окшош нерселер бүркүттүн багытын өзгөртүп коюшу ыктымал. Ошондуктан мүнүшкөр кушун салардын алдында айлана-чөйрөгө кылдат көз салып, анын көңүлүн бөлө турган жагдайлардын болбошун талап кылууга укуктуу. Демек, мүнүшкөрлүк бир эле куш таптоо эмес, ал баарына ар тараптан кылдаттык көңүл буруу.
Мүнүшкөрлүк дүйнөдө…
Каарманыбыз белгилегендей, совет доорунда мааниси бир топ басаңдап калган мүнүшкөрлүк бүгүн кайрадан жанданып келе жатат. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында «Бүркүтчү», «Ителги», «Салбуурун» сыяктуу коомдук бирикмелер иштеп, жаштарды бул өнөргө тартууга аракет кылууда. Мүнүшкөрдү кубантканы жаштардын кызыгуусу жылдан жылга өсүп барат. Айрыкча башталгыч класстын окуучуларынын мүнүшкөрлүккө кызыгып жатканы кубандырат.
Мүнүшкөрлүк жана салбуурун салты эл аралык деңгээлде да таанылган. Бул өнөр 2010-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча көп улуттуу тизмесине киргизилген.
Кыргызстан эл аралык мүнүшкөрлүк коомчулугу менен кызматташып, фестивалдарга, мелдештерге жана эл аралык иш-чараларга катышып келет. Мындай байланыштар кыргыздын мүнүшкөрлүк мектебин дүйнөгө таанытууга кенен жол ачаарына өнөр ээлери ишенишет.
Улуттук руханий мурас
Бүгүн мүнүшкөрлүккө болгон кызыгуу кайрадан күчөп турган чакта бул өнөргө болгон мамилени да жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл.
Мүнүшкөрлүк – бүркүт таптап, аң уулоо гана эмес. Ал – ата-бабанын дүйнө таанымы, жаратылыш менен тил табышуунун маданияты, сабырдуулуктун жана жоопкерчиликтин мектеби.
Эгер мүнүшкөрлүктү майрамдарда гана көрсөтүлүүчү өнөргө же айрым адамдардын жеке хоббисине айлантып койсок, анын терең маңызын жоготуп алуу коркунучу бар. Ошондуктан бул өнөрдү улуттук маданий мурас катары сактоо, устат-шакирт салтын күчөтүү, жаштарды тартуу жана мамлекеттик деңгээлде колдоо учурдун талабы.
Мирбек Тургунбаев үчүн бүркүттүн канаты жөн гана аңчылыктын куралы эмес. Ал жети атанын үнү, бабалардын керээзи, улуттун эс тутуму.
Гүлмайрам Рахманбердиева, “Кыргыз-Туусу”


