Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары - кыргыз элинин улуттук мурасын дүйнөгө тааныткан эң ири маданий-спорттук долбоорлордун бири. Бул ирет масштабдуу сапардын өзгөчөлүктөрү, маданий программасы, уюштуруу иштери жана оюндардын коом үчүн мааниси тууралуу режиссёрлор тобунун жетекчиси Алтынбек Максүтов менен маектештик.
– Алтынбек Аскарович, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси качан, кандайча көтөрүлгөн? Бул улуттук демилгенин эл аралык деңгээлге чыгып, ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын катарынан орун алышы тууралуу маалымат берсеңиз.
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү демилгеси 2011-жылдан тартып көтөрүлүп, 2013-жылы практикалык иштер башталып, 2014-жылы биринчи жолу Кыргызстанда жогорку деңгээлде өттү. Экинчиси – 2016-жылы, үчүнчүсү – 2018-жылы бизде уюштурулду. Андан кийин эстафета Түркия менен Казакстанга өтүп, мына эми VI Көчмөндөр оюндары кайрадан өзүбүзгө келип отурат. Бул долбоордун тарыхы терең, ага салым кошкон инсандар абдан көп.
Ал эми ЮНЕСКО маселесине токтолсок, Көчмөндөр оюндары жөн гана спорттук мелдеш эмес, көчмөн элдердин руханий, маданий мурасын сактап калуучу уникалдуу масштабдуу долбоор болгону үчүн эл аралык деңгээлде таанылды. Улуттук оюндарыбыз менен маданий баалуулуктарыбыз (мисалы, көкбөрү, айтыш, боз үй жасоо өнөрү) ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилди. Бул биздин Көчмөндөр оюндары аркылуу сунуштаган маданий феноменибиз бүткүл дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланганынын айкын далили.
Ошол 2014-жылы Маданият министрлигине Кырчын жайлоосунда кадырлуу конокторду татыктуу тосуп ала турган өзгөчө жай даярдоо тапшырмасы берилген. Оюндарга эки ай калганда мага башкы режиссёр болуу сунушталган. Биз ошол кезде Кырчын жайлоосунда көрсөтүлө турган маданий этно-системаны түзүп чыкканбыз. Жылдан-жылга өнүгүп отуруп, азыр Көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын 70 пайызы дал ушул Кырчын жайлоосунда өтүүдө.
–VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы жана географиясы тууралуу айтып берсеңиз. Ачылышы Бишкекте, ал эми негизги бөлүгү Ысык-Көлдө өтөт экен. Быйылкы масштаб эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
–Быйылкы оюндар мурункуларга караганда алда канча чоң масштабда жана катуу даярдык менен өтүп жатат. Мурун каражаттын же убакыттын чектелүүлүгүнөн улам айрым нерселер жетишпей калса, быйыл бардык багытты толук камтыдык. Масштабы мурункудан он эсе чоңойду десек болот: мурда 3 кичине локация болсо, быйыл 7 чоң, жалпысынан 50дөй түрдүү локациялар курулду.
Ачылыш аземи Бишкектеги “Бишкек Аренада” өткөндүгү бул оюндардын географиясы кеңейгенин айгинелейт. Ал эми негизги маданий, спорттук жана илимий иш-чаралар Ысык-Көлдөгү 6 чоң локацияда уланат: Курманжан Датка музейи: Бул жерден бардык катышуучу өлкөлөрдүн желектери көтөрүлүп, скульптуралар, сүрөт көргөзмөлөрү жана өзгөчө жасалгаланган дарбазалар менен коноктор тосулуп алынат.
“Рух Ордо” маданий борбору: Бул жерде “Көчмөндөр санаты” (“Башат”) аттуу 4 күндүк эл аралык фестиваль өтөт. Ата-бабадан калган салттуу музыка, күү, салттуу ыр аткаруучулук боюнча дүйнөлүк конкурс уюштурулат. Мында параллелдүү түрдө 8 өзүнчө локацияда эртеден кечке сынактарга орун берилет.
Ат майданы: “Көчмөндөр жаңырыгы” аттуу эл аралык фестиваль-конкурс өтөт. Тандалып алынган 20 мамлекеттен келген профессионалдуу эстрадалык жана этно-ырчылар таймашат. Калыстар тобуна дүйнөгө таанымал 5 адис кирет (төртөө чет өлкөлүк, бирөө Кыргызстандан).
“Дордой Номад”: Мында “Номад Фест” эл аралык фестивалы өтүп, этно-бий, этно-мода, кол өнөрчүлөрдүн сынагы жана “Көчмөндөр жылдыздары” оюндары уюштурулат.
Кырчын жайлоосу: 7 облустан, 2 шаардан жана коомдук уюмдардан катышкан 20 ордо жайгашат. Мында ири республикалык таймаштар өтөт.
Кырчындагы ачылыш аземи быйыл мурункуларга окшошпосун деп татаалдаштырылып, мюзикл форматында коюлууда. Музыка, ыр, көчмөн маданияты, төөлөр, өгүздөр жана аттуу-жөө каскадёрлор биригип, бирдиктүү театралдаштырылган мюзикл түзүлөт. Жалпысынан өкмөт тарабынан бекитилген 835 иш-чара программага кирген.
Андан сырткары, мурунку оюндардан кийин эл аралык концепция, жоболор жана автордук укуктар кагаз бетине толук түшпөй калган болсо, биз алардын баарын юридикалык жактан иштеп чыктык. Атайын Катчылык түзүлүп, Көчмөндөр оюндарынын символикасы, жоболору мамлекетке өткөрүлүп берилди. Мындан ары оюндар кайсы мамлекетте өтпөсүн, дал ушул кыргыз тарап иштеп чыккан жобо менен өтөт.
– Иш-чара учурунда транспорт, турак жай жана тейлөө баалары кескин жогорулап кетчү эле. Уюштуруу тобу мунун алдын алуу үчүн кандай чараларды көрдү?
– Бул маселе башынан эле катуу көзөмөлгө алынды. Мурда боз үйлөрдүн бир күндүк ижарасы 40–60 миң сомго чыгып кетсе, быйыл жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, баалар суткасына 10 миң сомдон ашпагандай жөнгө салынды. Катышуучулар жана коноктор үчүн мамлекеттик жана жеке пансионаттардан орундар алдын ала ээленди.
Транспортко келсек, өрнөк айылынан тартып Бактуу-Долонту жана Кырчын жайлоосуна чейин атайын чоң авто токтотмолор уюштурулду. Ал эми ошол токтотмолордон иш-чаралар өтүүчү жайларга чейин атайын маршруттук транспорттор тынбай каттап турат. Бул автобустар биздин жарандар жана келген коноктор үчүн толугу менен акысыз кызмат көрсөтөт.
– Жалпысынан оюндарга канча өлкөдөн өкүлдөр келет жана жалпы катышуучулардын болжолдуу саны канча?
– Азыркы тапта спорт, маданият жана илим тармагын кошуп эсептегенде 118 мамлекеттен катышуучулар катталды (бир гана спорт боюнча 113 мамлекет). Акыркы так сан алар толук келип жайгашкандан кийин айтылат, бирок катышуучу өлкөлөрдүн саны 100дөн ашары анык.
– Көчмөндөр оюндарынын материалдык-техникалык базасы кандай болууда? Мурдагы оюндардан айырмасы барбы?
–Айырмасы абдан чоң. Мурда биз ачылыш жана жабылыш аземдери үчүн 3,5 миллион долларлык сахналык жана үн аппараттарын чет өлкөлөрдөн ижарага алчубуз. Азыр болсо техникалык базанын 90 пайызы өзүбүздүкү. Мамлекет тарабынан атайын “Кыргыз Маданият Сервис” мекемеси түзүлүп, заманбап техникалар сатылып алынды. Бул ири каражаттын өлкө ичинде калышына шарт түздү.
Мындан сырткары, Кырчын жайлоосунда 52 гектар аянтка этно-шаарча курулду. Ал жерде: “Кербен Сарай” жана боз үйлөр: Тажрыйбалуу ресторандар конокторду жогорку деңгээлде тейлейт. “Эски Базар”: Дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн келген кол өнөрчүлөр өз эмгектерин тартуулап, тажрыйба алмашышат. Инфраструктура: Кырчындагы ар бир ордонун кире бериш дарбазалары кооздолуп, аймак түнкүсүн толук жарыктандырылды. Эң башкысы, тазалыкты сактоо үчүн атайын калдыктарды тазалоочу сооружениелер (тазалоочу курулмалар) даярдалды. Кырчын эми жыл бою иштей турган туруктуу этно-комплекске айланат.
– Көчмөндөр оюндарын жөн гана спорттук мелдеш катары кароого болбосо керек. Бул масштабдуу долбоордун өзөгүндө кандай терең философия жатат? Негизи эле бул оюндар кыргыз эли жана сырттан келген коноктор үчүн кандай мааниге ээ?
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Олимпиада сыяктуу жөн гана спорт эмес. Мунун өзөгүн спорт, маданият жана илим деген үч чоң компонент түзөт. өзүбүздү таануу жана мурас: Биз убагында жоготуп алган тарыхый, руханий байлыктарыбызды кайра изилдеп, калыбына келтирип жатабыз. Улуттук кийимдерибиз, каада-салтыбыз, оюндарыбыз кандай пайда болгонун дүйнөгө көрсөтүүдөбүз. Туризм жана экономика: Дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды оң тарабынан таанытып, туристтердин агымын арттырууда. Соңку жылдары өлкөгө келген саякатчылардын көбөйүшүнө Көчмөндөр оюндарынын салымы зор. Мамлекеттик амбиция жана тажрыйба: Мындай масштабдуу иш-чараларды каражаты көп мамлекеттер да дароо эле өткөрүп кете албайт. Сөз идеяда жана уюштуруучулук тажрыйбада.
Кээ бирөөлөр: “Ушунча акча коротуп эмне кереги бар?” – деп айтышы мүмкүн, бирок өнүгө турган өлкө алдына чоң амбицияларды коюп, ушундай ири долбоорлорду ишке ашыруу менен гана өсөт. Негизи биз бул маданий иш-чараларга жумшалган чыгымдарды билеттер аркылуу бир жумада эле актап алсак болмок. Бирок мамлекет тарабынан “элибиз кыйналбасын, руханий азык алсын” деген чечим кабыл алынып, иш-чаралардын көбү акысыз кылынды.
Эң башкысы, азыркы композиторлордун музыкасы, скульпторлордун, сүрөтчүлөрдүн эмгектери, сценарийлер келечек муунга мурас катары калат. Биз мындай ири деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүнү үйрөндүк. Азыр түрдүү өнүккөн мамлекеттер бизден жардам сурап кайрылып жатышат, биз барып башка өлкөлөрдө да ушундай маданий долбоорлорду уюштуруп жатабыз. Эң башкы жетишкендигибиз — элибизде «колдон келет экен, биз да өнүгүүгө жөндөмдүү экенбиз» деген бекем улуттук ишенимдин жана сыймыктын пайда болгону.
Маанилүү маек үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайбыз!
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

