ШКУга 25 жыл. Тарыхый тандоо жана жаңы саясий реалдуулук

КРнын толук жана ыйгарымдуу элчиси, саясий илимдердин доктору, профессор Алипбек Жекшенкулов менен маек 

  ШКУга 25 жыл: Мамлекеттик тарыхый тандоо жана жаңы геосаясий реалдуулук

– Аликбек мырза, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) түзүлгөндүгүнө быйыл 25 жыл толду. СССР урагандан кийинки татаал геосаясий шартта негизделген бул уюм бүгүнкү күнү Кыргызстан үчүн эмнени билдирет? Чейрек кылым ичинде уюм кандай трансформацияга учурады жана Кыргыз Республикасы анын курамында өзүнүн эгемендиги менен ордун кантип бекемдей алды?

– Шанхай кызматташтык уюмунун (баштапкы «Шанхай бешилтиги») түптөлүшү эң оболу тарыхый зарылчылыктан келип чыккан. Советтер Союзу урагандан кийин СССРдин мурдагы курамындагы эгемендүү мамлекеттер менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы миңдеген километрге созулган чек ара маселелерин жөнгө салуу эң курч, өмүрлүк мааниге ээ көйгөй катары күн тартибине коюлган.

Ал мезгилде Кытай менен чектешкен беш мамлекет Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан өтө татаал, дипломатиялык кылдаттыкты талап кылган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мажбур болгон. 7-8 жылга созулган тынымсыз аракетибиздин, бири-бирибизге болгон саясий ишенимибиздин жана бири-бирибизди түшүнүүнүн натыйжасында мамлекеттик чек аралар толугу менен делимитацияланып жана демаркацияланып, ийгиликтүү чечилген. Чек ара маселесинин адилеттүү жөнгө салынышы Борбордук Азия аймагында туруктуулуктун пайдубалын түптөдү.

Чек ара көйгөйлөрү толук жөнгө салынгандан кийин коңшу мамлекеттер ортосунда тынчтыкты туруктуу сактоо, өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ишенимдүү шарт түзүү, аймактык коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле терроризмге, диний экстремизмге жана сепаратизмге каршы биргелешип күрөшүү зарылчылыгы келип чыкты. Ошол максатта 2001-жылы Шанхай шаарында уюм расмий түрдө негизделген.

Бул чейрек кылым аралыгында Кыргызстан ШКУнун тең укуктуу уюштуруучу мүчөсү катары өзүнүн татыктуу ордун тапты. Кыргыз Республикасы өзүнүн төрагалык кылуу мезгилдеринде дүйнөлүк жана региондук геосаясий чыңалууларга, Афганистандагы татаал кырдаалга, Ирандын айланасындагы чыр-чатактарга, Индия менен Пакистандын ортосундагы тирешүүлөргө карабастан, саясий жоопкерчиликти калыстык жана жогорку кесипкөйлүк менен аткара алды.

Кыргызстандын тышкы саясатындагы калыстык, адилеттүүлүк, меймандостук жана дипломатиялык корпустун жогорку чеберчилиги ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди бекемдеди. Өлкөбүз жөн гана геосаясий сыноолордон өтпөстөн, маданият, спорт, илим жана ар кандай тармактык министрликтердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо боюнча чоң ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын жогору кезетке көтөрө алды.

 

Кыргызстандын төрагалыгы: сүрөөндөр, саясий кылдаттык жана аткарылган милдеттер

– Кыргызстандын 2026-жылдагы ШКУга төрагалыгы «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыпка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген салмактуу ураан астында өттү. Бул ураандын артында кандай конкреттүү саясий жана практикалык максаттар турду? Төрагалык мезгилинде өлкө жетекчилиги жана дипломатиябыз кандай кылдат сыноолорду баштан кечирди?

– Кыргызстандын төрагалыгынын эң негизги саясий философиясы жана максаты  эл аралык саясатта адилеттүүлүктү, акыйкатты сактоо жана улуттук кызыкчылыкты бекем коргоо менен бирге аймактык тынчтыкты сактоо болду. Төрагалык кылуу бул эбегейсиз зор геосаясий жоопкерчилик. Анткени бир эле байкабай айтылган туура эмес сөз же дипломатиялык мүчүлүштүк чоң аймактык түшүнбөстүктөргө алып келиши мүмкүн эле.

Маселен, ушул мезгилде ШКУ мейкиндигинде өтө татаал геосаясий окуялар орун алды. Афганистандагы туруксуз кырдаал биздин өлкөлөргө да түздөн-түз тиешелүү маселе болчу. Мындан тышкары, ШКУнун мүчөсү болгон Ирандын тегерегинде бир нече жолу согуш коркунучу өрчүп, аскердик кагылышуулар болду. Ошондой эле, уюмдун курамындагы Индия менен Пакистандын ортосундагы чек аралык тирешүүлөр дагы кооптуу абалды жаратты. Кыргызстан ушундай өтө кылдат, опурталдуу саясий сыноолордон кыл көпүрөдөн өткөндөй чеберчилик менен өтүп кетти деп сыймыктануу менен айта алабыз.

Биздин төрагалык үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында расмий аяктап, төрагалык эстафетасы Пакистан Ислам Республикасына өткөрүлүп берилет. Бирок Кыргызстан жөн гана төрагалыкты аман-эсен өткөрүп тим болбостон, уюмдун тарыхында кала турган зор практикалык ийгиликтерди жаратты. Мурда уюмдун алкагында саясий коопсуздук менен гана чектелип келген болсок, Кыргызстандын төрагалыгы астында маданий-гуманитардык жана илимий кызматташтыкка жаңы дем берилди. Маселен, белгилүү спорт жылдыздары, маданият жана искусство ишмерлери, көрүнүктүү илимпоздор Бишкекке, Ысык-Көлгө чогулуп, маданий фестивалдарды, илимий форумдарды өткөрүштү. Ар кайсы министрликтердин жана ведомстволордун ортосунда түз байланыштар түзүлүп, ондогон жаңы келишимдерге кол коюлду.

Эгерде Кыргызстан өз тышкы саясатын адилеттүүлүк менен, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн ачык жана чынчыл багытта жүргүзбөгөндө, мынчалык зор деңгээлдеги меймандар жана жогорку деңгээлдеги делегациялар бизге келбейт болчу. Элибиз өзүнүн атам замандан берки келе жаткан меймандостугун, акылмандыгын жана бийик маданиятын көрсөтүп, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн элдеринин ортосунда бир туугандык маанайды түзө алды. Бул ийгиликтин негизги себепкери Кыргызстан эли, Кыргызстандын жетекчилиги жана биздин кесипкөй дипломаттарыбыз болду.

 Чоң демилгелер жана натыйжалуу документтер: Иш жүзүнө ашуу кепилдиги

– Кыргызстандын төрагалыгы алкагында 40тан ашуу ири иш-чаралар өткөрүлүп, ондогон стратегиялык документтерге кол коюлду. Эл аралык уюмдарда кабыл алынган документтер кээде кагаз бетинде декларация бойдон калат деген сын-пикирлер бар. Кол коюлган чечимдердин актуалдуулугу жана аткарылышы тууралуу сиздин изилдөөчү-илимпоз катары пикириңиз кандай?

– Мен бул маселеге жалаң гана көп жылдык тажрыйбасы бар дипломат катары эмес, геосаясатты изилдеп жаткан илимпоз катары терең баам салып келем. Албетте, коомчулукта Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) сыяктуу көптөгөн эл аралык уюмдарды «көп сүйлөп, иш кылбайт, чечимдери декларация бойдон калат» деп сындаган учурлар көп болот. Бирок ШКУнун ишине баам салганда, анын дарегине мындай катуу сын айтууга эч кандай негиз жок. Албетте, кайсы бир деңгээлде уюштуруучулук же техникалык кемчиликтер болушу мүмкүн, бирок кабыл алынган документтерди ишке ашырууга бүгүнкү күндө ШКУга мүчө болгон бардык 10 мамлекеттин мамлекет башчылары жигердүү аракет кылып жатышат.

Бул жерде ШКУнун абдан маанилүү бир уникалдуулугун белгилеп кетишибиз керек. ШКУ бул геосаясий түзүмү, экономикалык кубаттуулугу, саясий системасы жана маданияты таптакыр ар башка болгон мамлекеттерди бир столго бириктирген уникалдуу платформа. Ошого карабастан, уюмда «консенсус» принциби катуу сакталат. Башкача айтканда, 10 мамлекеттин бардыгы тең макул болмоюнча, бир дагы документ кабыл алынбайт. Тогуз мамлекет макул болуп, бир эле мамлекет каршы болсо, ал чечим өтпөйт. Консенсус менен кабыл алынган документ бул бардык улуттардын, бардык мамлекеттердин кызыкчылыгы эске алынган, тең салмакталган документ болуп саналат.

Төрагалыкты «демилге – иш-чара – натыйжа» формуласы менен баалай турган болсок, Кыргызстандын төрагалыгы астында жетишилген эң башкы үч натыйжаны баса белгилей алам:

Эл аралык авторитет жана саясий ишеним. Кыргызстан ШКУнун ичинде да, глобалдык саясий аренада да өзүнүн саясий аброюн эселеп жогорулатты. Өлкө жетекчилиги жана дипломатиясы өзүнүн принциптүүлүгүн жана уюштуруучулук жөндөмүн далилдеди.

Коопсуздук жана санариптик суверенитет. Аймактык коопсуздукту чыңдоо менен бирге санариптештирүү жана маалыматтык коопсуздук маселелери жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда санариптик эгемендүүлүктү коргоо негизги тема катары каралды. Бүгүн Батыш мамлекеттери тарабынан киргизилип жаткан адилетсиз бир тараптуу санкциялар жана экономикалык басымдарга каршы ар бир өлкөнүн суверендүү укугун сактоо, эл аралык сооданы адилеттүү жүргүзүү маселелери катуу коюлду.

Стратегиялык темир жол жана транзиттик коммуникациялар. Чоң аймактык даярдыктар, тактап айтканда, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун практикалык нукка бурдуруу боюнча фундаменталдуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

 

Аймактык коопсуздук, чек араларды жөнгө салуу жана суу-энергетикалык эгемендүүлүк

– Борбордук Азиядагы коопсуздук туруктуу болуп турган менен курч турган суу-энергетика көйгөйлөрү турат, аларды чечүү кандай каралууда деп ойлойсуз?

– Мен саясий илимдер менен көп жылдардан бери кесипкөй деңгээлде алектенип келе жатам. Чынында эле, Батыштын белгилүү аналитикалык борборлору «Фергана өрөөнүндө чек ара жана суу маселесинен улам чоң согуш чыгат, туруктуулук болбойт» деген суук болжолдорду ондогон жылдар бою айтып келишкен. Анткени адамзат тарыхында эң кандуу кагылышуулар оболу жер маселесинен, андан соң суу маселесинен келип чыккан.

Бирок Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мамлекет башчылары саясий эрк, акылмандык көрсөтүп, кылымга созулган чек ара көйгөйлөрүн тынчтык келишимдери менен биротоло чечишти. Элибиз бул кадамдын канчалык зор тарыхый мааниге ээ экендигин али толук аңдап жете элек болушу мүмкүн. Бул өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун кепилдеген эң улуу ийгилик!

Чек ара маселелери чечилери менен Өзбекстан менен болгон соода-экономикалык мамилелерибиздин деңгээли 10 эсеге өстү. Коңшулар менен ишеним орноду, өлкөнүн түштүк аймагына да, жалпы Кыргызстанга да чет өлкөлүк инвестициялардын агымы кескин көбөйдү. Эл аралык инвесторлор эң оболу саясий туруктуулукка жана чек ара коопсуздугуна карайт. Бүгүн Кыргыз мамлекетине жана анын жетекчилигине болгон эл аралык ишеним болуп көрбөгөндөй жогорулады.

Ал эми суу-энергетика маселесине келсек, бул биздин экономикабыздын өнүгүшүнүн башкы кыймылдаткыч күчү. Совет доорунда сууну бөлүштүрүү Ташкенттеги атайын институт тарабынан жөнгө салынып, борборлоштурулган система иштеген. Суу бергенибиз үчүн бизге коңшулардан көмүр, атайын ресурстар же электр энергиясы берилип турган. Тилекке каршы, эгемендүүлүк алгандан кийин 30 жыл бою ушул система бузулуп, бир тараптуу болуп калган башкача айтканда биз сууну жөн гана берип келгенбиз.

Жакында Астанада өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушууда Президент Садыр Жапаров ачык жана принциптүү билдирүү жасады: Кыргызстан өзүнүн эгемендик укугунан пайдаланып, суу ресурстарына ээлик кылышы керек жана суунун экономикалык пайдасын көрүшү зарыл. Мурда мындай курч сөздөр дипломатиялык кыйчалыштардан улам бүдөмүк айтылса, биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде ачык айтылды. Ушундан кийин көп жылдан бери токтоп турган «Камбарата-1» ГЭСин куруу долбоору реалдуу кыймылга келе баштады. Бул маселе жалаң гана Борбордук Азия алкагында эмес, ШКУга кирген Россия, Кытай, Индия сыяктуу ири мамлекеттердин да илимий, каржылык жана технологик тажрыйбасын тартуу менен адилеттүү чечилет деп ишенем.

 

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу: Глобалдык транзиттик борборго айлануу

– Мега-долбоор катары бааланган «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу Кыргызстанды чындап эле эл аралык логистикалык жана транзиттик борборго айланта алабы? Бул долбоор өлкөнүн ички инфраструктурасына кандай өзгөрүүлөрдү киргизет?

– «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу бул Кыргызстандын экономикалык тарыхын түп тамырынан бери өзгөртө турган эң ири мега-долбоор. Бул жолдун айланасында ири логистикалык борборлор, логистикалык складдар, өнөр жай ишканалары курулуп, миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Чет элдик бизнесмендер жана инвесторлор кайсы бир өлкөгө акча салардан мурда эң оболу логистиканы жол маселесин сурашат. Дүйнөлүк практикада жүк ташуунун эң арзан жолу  деңиз транспорту, андан кийинки экинчи орунда темир жол турат. Авиация аркылуу жүк ташуу өтө кымбатка турат. Бизде деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, темир жол биздин экономикабыздын башкы тирегине айланат.Бул долбоордун алкагында өтө татаал инженердик милдеттер турат: туннелдерди казуу, рельстердин колеясын (жазылыгын) аныктоо, ылдамдык менен жүрүүчү заманбап поезддерди киргизүү жана тармактык адистерди даярдоо. Азыр темир жол өлкөнүн ичинде Балыкчыдан Кочкорго чейин жетти. Ал андан ары уланып, Чүй аймагынан Кытайдын чек арасына чейин бириксе, өлкөнүн ички транспорттук тармагы бирдиктүү системага айланат.

Биз ушул транзиттик мүмкүнчүлүк аркылуу дүйнөлүк деңгээлдеги логистикалык өлкөгө айланабыз. Ал үчүн коомчулук, жаштар, илимпоздор жана саясатчылар азыртадан даяр болушу керек. Ички иштер министрлиги, атайын кызматтар, бажы жана чек ара кызматтары транзиттик агымдардын коопсуздугун камсыздоого толук даяр турушу зарыл. Кайдыгерликке жол бербей, келечекти көрө билүү менен коммуникация тармагын өнүктүрүшүбүз керек.

 

Экономика, IT жана жасалма интеллект: ШКУнун жаңы өнүгүү вектору

 

– Айрым серепчилер ШКУ мурда аскердик-саясий коопсуздукка гана басым жасап келсе, эми уюмдун багытын экономика, санариптештирүү, IT, инновация жана жасалма интеллект тармактарына жигердүү бурушу керек деп эсептешет. Сиз бул көз карашка кошуласызбы?

– Мен бул пикирге толугу менен кошулам. Жана айтып өткөндөй, дүйнөлүк саясат жана глобалдык экономика абдан ылдам темп менен өзгөрүп жатат. Бүгүнкү күнү экономикалык өсүштүн, өндүрүмдүүлүктүн жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугунун негизги кыймылдаткычы катары санариптештирүү, IT тармагы жана жасалма акыл (AI) чыгууда. Маселен, Афганистан, Пакистан же Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн айрым аймактарында соода же билим берүү тармагындагы айрым кыйынчылыктар оболу коммуникациянын, заманбап жолдордун же санариптик инфраструктуранын жоктугунан келип чыгууда. Андыктан ШКУ алкагында «Түндүк – Түштүк» жана «Орто коридор» сыяктуу глобалдык коридорлорду заманбап маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект менен айкалыштыруу мезгилдин башкы талабы.

ШКУга мүчө мамлекеттердин ичинде IT жана жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк лидерлер бар. Маселен, Кытай менен Россия бул багытта зор илимий-техникалык базага ээ. Кыргызстан дагы санариптештирүү багытында акыркы жылдары чоң секириктерди жасап жатат. Биз ушул мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, ШКУ алкагында бирдиктүү санариптик мейкиндикти жана суверендүү маалыматтык коопсуздукту түзүшүбүз керек.

Глобалдык геосаясий келечек: Көп полярдуу дүйнө жана ШКУнун 20-25 жылдан кийинки ролу 

–ШКУнун аткарган иштеринин жыйынтыгын жана анын эл аралык аренадагы ордун 20-25 жылдан кийин кандай элестетесиз?

– Бүгүн дүйнөлүк коомчулукта бир полярдуу жана көп полярдуу дүйнөлүк түзүлүштүн ортосунда чоң геосаясий талаш-тартыштар жана тирешүүлөр жүрүп жатат. Илимпоз катары терең ишеним менен айта алам: келечек — сөзсүз түрдө көп полярдуу дүйнөгө таандык. Ошол көп полярдуу дүйнөлүк тартиптин башкы борборлорунун бири дал ушул ШКУ мейкиндиги болот. Уюмдун курамындагы Кытай, Индия, Россия сыяктуу калкы эң жыш жайгашкан, экономикасы эбегейсиз ылдамдык менен өсүп жаткан ири мамлекеттер дүйнөлүк өнүгүүнүн локомотивине айланат. Ал эми ошол кубаттуу пайдубалга таянган Кыргызстан сыяктуу орто жана чакан мамлекеттер туруктуу өнүгүү жолуна түшөт.

Эгер тарыхка кайрылсак, дөөлөт, илим жана өнүгүү борбору алгач Чыгыштан Батышка оошкон болчу. Ал эми азыр тескерисинче, батыш өлкөлөрүндө экономикалык жана социалдык рецессия байкалып, дүйнөнүн берекеси, ырыскысы жана өнүгүү борбору кайрадан Чыгышка  Азияга кайтып келүүдө. Убагында Европа кандай дүңгүрөп өнүккөн болсо, ШКУ мамлекеттери жакынкы чейрек кылымда дал ошондой гүлдөп-өсүү доорун баштан өткөрөт.

Биримдик, меймандостук жана келечекке болгон ишеним

– Жакында Бишкек шаарында ШКУнун кезектеги саммити өтөт. Өлкө жарандарына, коомчулукка дипломат жана коомдук ишмер катары кандай кайрылуу жасар элеңиз?

– Мен өзүмдүн мекендештериме, урматтуу жарандарыбызга атайын кайрылгым келет. ШКУнун саммити сыяктуу эбегейсиз зор эл аралык масштабдагы иш-чаралар жалгыз гана мамлекеттик бийликке же дипломаттарга керек нерсе эмес. Бул бүткүл элибизге, өлкөбүздүн эл аралык кадыр-баркына жана келечек муундарыбызга керек!

Саммит өтүп жаткан күндөрү борбор калаабызга ондогон өлкөлөрдүн лидерлери, дүйнөлүк деңгээлдеги делегациялар жана миңдеген меймандар келишет. Биз баарыбыз ар бир жаран сабырдуулук, жогорку маданияттуулук жана ынтымак көрсөтүшүбүз зарыл. Жөн эле майда-чүйдө уюштуруучулук маселелерди сындап олтурбай, кең пейилдүүлүк менен конокторду тосуп алышыбыз керек.

Менин турмуштук жана саясий философиям жөнөкөй: «Оюбуз оңолсо — ишибиз да оңолот». Эгерде биз мамлекетибиздин келечегине ишенип, жаратмандык ойлорду ойлоп, ынтымакта эмгектенсек, Кыргызстан сөзсүз түрдө дүйнөдөгү эң өнүккөн, беделдүү жана гүлдөгөн мамлекеттердин бирине айланат!

                Маектешкен Гүлмайрам Рахманбердиева,

“Кыргыз-Туусу”