Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы тойканалар, кафе-ресторандар, соода түйүндөрү жана башка тейлөө жайлары тез көбөйүүдө. Ишкердин логикасы белгилүү: керектөөчү жана суроо-талап бар, акчанын айланышы тез, бизнес-моделди түшүнүү оңой. Бирок ушул жерде «экономиканын мындай модели узакка созула алабы?» деген суроо жаралат.
Тойканалардын жылдык орточо кирешеси боюнча өзүнчө статистикалык маалымат жок. Ошентсе да расмий статистика кызмат көрсөтүү тармагындагы өсүштү ачык көрсөтүүдө. Мисалы, 2024-жылы ресторандар, барлар жана тамак-аш менен камсыз кылган башка ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 49,6 млрд сом болсо, 2025-жылы 62,2 млрд сомго жетип, бир жылдагы өсүш болжол менен 25 пайызды түздү.
Дагы бир көрсөткүч көңүл бурууга арзыйт. Мейманкана жана ресторан тармагына салынган инвестициялар көбөйдү. 2024-жылы бул багытта негизги капиталга 2,6 млрд сом жумшалса, 2025-жылы көрсөткүч 5,7 млрд сомго жетти. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында мейманкана жана ресторан объекттерин курууга жана реконструкциялоого 5,15 млрд сом өздөштүрүлүп, өсүш 23,2 пайызды түзгөн.
Бул сандардын ичинде тойканалардын да олуттуу үлүшү бар деп айтууга негиз бар.
Тойкана үчүн имарат, ашкана жабдуулары, эмерек, кызматкерлер жана азык-түлүк керек. Кардар бар. Акча күн сайын айланып турат. Завод-фабрика башка логиканы талап кылат. Ага жер участогу, электр энергиясы, суу, жол, жабдуу, технология, адистер, чийки зат, сертификат, логистика жана туруктуу сатуу рыногу керек. Ири инвестициянын кайтарымы бир нече айда эмес, бир нече жылда эсептелет. Демек, ишкердин тандоосу көп учурда экономиканын узак мөөнөттүү кызыкчылыгына эмес, өзүнүн тобокелдигин азайтууга негизделет.
Элди кызыктырган дагы бир суроо бар: тойканалардын саны өтө көбөйүп кеткен жокпу? Атаандаштык күчөп, кирешеси азайган ишканалардын саны көбөйбөйбү? 2ГИСтин базасына таянсак, 2024-жылы Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын саны 2247ден 3440ка чейин көбөйгөн, өсүш 53,1 пайызды түзгөн. Ош шаарында мындай жайлардын саны 563төн 885ке жетип, 57,2 пайызга өскөн. 2ГИСтин маалыматтары, албетте, расмий статистика эмес, ошентсе да алар рыноктун канчалык тез кеңейип жатканын көрсөтөт.
Кийинки суроо: керектөөчүлөрдүн кирешеси дагы ушундай ылдамдыкта өсүп жатабы? Эгер сунуш суроо-талаптан тез өссө, атаандаштык күчөйт. Кардар үчүн күрөш бааны төмөндөтөт. Айрым жайлардын кирешеси азаят. Ижара, эмгек акы, азык-түлүк жана коммуналдык чыгымдар өсүп турган шартта маржа кыскарат. Антсе да азырынча «тойкана рыногунда кризис болот» деп айтууга негиз жок, тескерисинче, тармактын жалпы жүгүртүүсү өсүүдө. Бирок айрым шаарларда рыноктун өтө тез кеңейиши келечекте кайра иргелүүгө алып келиши мүмкүн.
Тойкана, кафе же ресторанды экономикага каршы коюу негизи туура эмес. Алар жумуш орундарын түзөт, салык төлөйт, айыл чарбасынан азык-түлүк сатып алат, курулушка жана башка кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап жаратат. Маселе башкада.
Эгер ишкер үчүн 50–100 млн сомду тейлөө тармагына салуу өндүрүшкө караганда түшүнүктүүрөөк жана коопсуз көрүнсө, капитал ошол жакка багытталат. Бул ишкердин катасы эмес, бул экономикалык шарттардын натыйжасы. Өндүрүш үчүн арзан жана узак мөөнөттүү каржы, даяр инфраструктура, энергиянын туруктуу жеткиликтүүлүгү, квалификациялуу кадр жана, эң башкысы, рынок керек.
Кыргызстандын ички рыногу чакан. Ошондуктан жаңы заводдун келечеги Бишкектеги же Оштогу кардарлар менен гана чектелбейт. Анын продукциясы Борбордук Азияга, ЕАЭБге, Кытайга чыгууга тийиш. Өлкө үчүн тойканалардын азайышы эмес, завод куруунун экономикалык жактан пайдалуу болушу маанилүү.
Кызмат көрсөтүү тармагы тез акча алып келет. Өндүрүш болсо узак мөөнөттүү капиталды, технологияны жана рынокту талап кылат. Бирок дал ошол өндүрүш экспортту көбөйтөт, импортту алмаштырат жана экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондуктан негизги суроону «эмне үчүн тойкана көп?» деп бербей, «эмне үчүн завод куруу ишкер үчүн дагы деле тойкана ачуудан татаал?» деп коюшубуз керек. Ушул суроого жооп табылмайынча, жеке капиталдын агымы да олуттуу өзгөрбөйт.
Курманбек МАМБЕТОВ,
«Кыргыз Туусу».

