Адабий каарман жана мезгил: Толгонай: энелик тагдырдын философиясы

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында – Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестиндеги Толгонайдын образына токтолобуз.

Чыңгыз Айтматов дегенде оболу көз алдыма “Саманчынын жолу” повести жана Толгонай көз алдыма келет.

“Саманчынын жолу” – жаратмандык менен кыйратмандык ортосундагы күрөш, кагылыш. Бул күрөш, бул кагылыш абалтадан келатат. Адамзаттын тарыхын согуштардын тарыхынан бөлүп кароо кыйын. Кылымдар алмашып, мамлекеттердин чек аралары такталып, коомдук түзүлүштөр жаңыланып, илим менен техниканын мүмкүнчүлүктөрү болуп көрбөгөндөй кеңейгенине карабастан, адам баласынын согуштан арылуу кыялы алиге чейин толук ишке аша элек. Тарыхтын бир бетинде адамзаттын акыл-эсинин, маданиятынын, руханий жетишкендиктери ишке ашып, өсүп-өнүгүү болуп жатса, экинчи бетинде кан төгүүлөрдүн, басып алуулардын, кыйроолордун, жетимдик менен жесирликтин кара тактары уланып жатат. Ушундан улам согушту адамзат цивилизациясынын эң чоң парадокстарынын бири деп атоого болот: адам баласы акыл-эси менен тынчтыкты эңсейт, бирок ошол эле акыл-эси менен согуштун улам жаңы, улам кыйраткыч түрлөрүн ойлоп табат.

Бүгүн да жер жүзү кандуу кагылыштардан, баскынчылыктан, бомбалоолордон, ок атуулардан жана алардын артынан ээрчиген адам өлүмдөрүнөн арылган жок. Мунун эң коркунучтуу жагы – адам өмүрүн кыйган согуштардын кээде «тынчтык», «коопсуздук», «улуттук кызыкчылык», «тарыхый зарылдык» сыяктуу бийик
түшүнүктөрдүн атынан жүргүзүлүп жатышы. Согуштар ар дайым эле «согуш» деп айтылбайт; аны ар түрдүү саясий жана идеологиялык түшүнүктөр менен жаап-жашырууга аракет жасалат. Бирок кандай ат менен аталбасын, кандай максат менен түшүндүрүлбөсүн, анын акыркы эсебинде шаарлар кыйрап, адам өмүрлөрү кыйылат, күлгүндөй жаш өмүрлөр чыгышталат.

Демек, согуштун эң чоң трагедиясы өлүмдүн өзүндө гана эмес. Анын трагедиясы – адамдын адамга болгон ишенимин, келечекке болгон үмүтүн, үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, муундардын уландысын бузгандыгында. Согуш бир адамды гана өлтүрбөйт; ал тирүү калгандардын да жашоосун өзгөртөт. Өлгөндөрдүн саны бүтсө да, алардын артында калган кайгынын мөөнөтү бүтпөйт. Кылымдар бою уланат. Ошондуктан согуштун чыныгы тарыхы согуш бүткөн күнү аяктабайт. Ал энелердин жүрөгүндө, балдардын эсинде, элдин жамааттык эс-тутумунда, коомдук аң-сезимде дагы да ондогон жылдар бою жашай берет.

Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын образынын философиялык бийиктиги мына ушунда. Толгонайдын тагдыры – бир аялдын, бир үй-бүлөнүн гана трагедиясы эмес. Анын тагдыры – бүтүндөй бир доордун, бүтүндөй бир муундун трагедиясы.

Толгонайдын образын согуш алып кеткен уулдарынан, жарынан ажыраган эне катары гана кабыл алсак, анда катуу жаңылышып калабыз. Албетте, анын эне катары кайгысы чыгарманын өзөгүн түзөт. Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө эне түшүнүгү жеке биологиялык же үй-бүлөлүк мааниден алда канча кең. Эне – өмүрдүн башаты. Эне – тукумду улантуучу. Эне – адамзаттын эс-тутумун сактаган тирүү тарых. Ошондуктан Толгонайдын кайгысы жеке кайгыдан жалпы адамзаттык трагедияга көтөрүлөт. Эгер биз    Гераклит «Согуш – баарынын атасы» деп айтканын эске алсак, Чыңгыз Айтматовдун улуулугу – Толгонайдын тагдырына бүтүндөй доорлордун, адамзатынын трагедиясын батырган.

Толгонай Маргарет Тетчер сыяктуу мамлекеттик ишмер, же Тереза эне сыяктуу мээримдүүлүктүн миссионери, Жаңыл Мырзага окшогон колуна курал кармап, эл-жерин жат душмандан коргогон баатыр да эмес.

Ал болгону карапайым дыйкан аял. Субанкулдун өмүрлүк жубайы, Касым, Майсалбек, Жайнактын энеси, Алимандын кайненеси. Бир сөз менен айтканда, Толгонай образында миллиондогон карапайым аялзатынын: энелердин жана өмүрлүк жубайлардын образы бар. Анткени, Толгонайдын образында миллиондогон аялзатынын тагдыры бар. Анын колунда ороктон башка куралы жок, бирок ал согуштун бардык азабын көтөрөт. Анын эрдиги – күн сайын жашоону улантуу, жер иштетүү, буудай өстүрүү, нан жасоо, эл менен бирге болуу, өлгөндөрдү эстөө жана тирүүлөр үчүн жоопкерчилик
алуу.

Согуш мезгилинде Толгонай эркектердин ордун басып, бригадир болуп иштейт. Бул да анын образынын маанилүү бир өзгөчөлүгү. Бардык замандарда жана элдерде куду дал ошондой болгон, эркектер согушка кеткен, аялдар ата конушунда калып, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап, өлгөндөн калган тукумду улап, жаратмандык иш менен алек болушкан. Ушул өңүттөн алганда, адабиятчылардын Толгонайдын согуш жылдарындагы жаратмандык иш-аракети – эмгек менен, дыйкандык түйшүк, эмгек жоопкерчилиги байланышканы менен толук кошулабыз. Ооба, анын эмгеги – дыйкандык иш жөн гана чарбалык иш эмес, бул жаратмандык. Эмгек – Толгонайдын жашоо үчүн күрөшүнүн формасы.

Дагы да орчундуу учур, анын жашоосу тылда калган эмгекчи аялдар менен тыгыз байланышкан, мунун өзү жеке адамдын тагдыры, чыгарманын башкы каарманынын тагдыры – эл тагдырынан ажырагыс, бөлүнгүс деген идеяны билдирет. Толгонай өзүнүн жеке кайгысын элдин кайгысынан, өзүнүн жашоосун элдин жашоосунан бөлүп карабайт.

Демек, Чыңгыз Айтматов эненин тагдыры – элдин тагдырынан ажырагыс, эненин тагдыры элдин тагдырынын бир бөлүгү деген улуу идеяны айтат жана муну менен Толгонайдын образы жеке адамдык деңгээлден тарыхый-философиялык деңгээлге көтөрүлгөн. Анын өмүрлүк жолдошунан жана үч уулунан ажырашы – бир үй-бүлөнүн трагедиясы. Бирок ошол эле учурда бул – согушта балдарынан ажыраган миңдеген, миллиондогон энелердин тагдыры. Демек, Толгонай – жеке адамдан типке, типтен символго көтөрүлгөн образ.

Эми Жер-Эне менен Толгонайдын образдарынын өз ара байланышынын маанисине токтололу. Айтматов таануучулар жана адабий сынчылар «Саманчынын жолундагы» адам менен Жердин диалогун чыгарманын өзгөчө көркөм табылгасы катары жогору баалашкан. Анткени Жер-Эне повестте жөн гана табияттын бир бөлүгү эмес, Толгонайдын кайгы-муңун угуп, анын сырын бөлүшкөн руханий шерик катары көрүнөт. Толгонайдын жеке тагдыры менен Жер-Эненин образынын ортосунда терең ички окшоштук бар: экөө тең өмүр берип, адам баласын багып, ошол эле учурда согуштун азабына күбө болушат. Ошол себептен Толгонайдын жеке трагедиясы Жер-Эне аркылуу кеңейип, жеке адамдын кайгысынан жалпы адамзаттын кайгысына, ал эми бир эненин тагдырынан бардык энелердин тагдырына өтөт. Демек, Жер-Эне образы чыгарманын философиялык өзөгүн тереңдетип, өмүр менен өлүм, согуш менен тынчтык, эне менен бала, адам менен жаратылыштын байланышы сыяктуу түбөлүктүү маселелерди ачууга кызмат
кылат.

Биздин оюбузда, Жер эне менен Толгонай – эки образ эмес, бир философиялык бүтүндүк. Толгонай – адамзаттын үнү болсо, Жер – анын эс-тутуму. Жер адамдардын төрөлгөнүн көрдү; сүйүүсүнө күбө болду; алардын эмгегин кабыл алды; өлгөндөрүн кайра койнуна алды. Демек, Жер чыгармада жөн гана пейзаж эмес. Ал тарыхтын жандуу, тирүү күбөсү.

Толгонайдын образын философиялык жактан чечмелегенде, анын Жер эне менен окшоштугу, эне да Жер энедей эле жаратман, эне адамды жарык дүйнөгө алып келет. Эне – баласын багат. Жер – адамзатты багат. Эне – өлгөн баласын жоктоп ыйлайт. Жер – өлгөн адамды өз кучагына алат.

Кыскасы, Чыңгыз Айтматов Толгонайды Жер-Эненин символуна чейин көтөрө алган. Толгонайдын образынын кайталангыстыгы ушунда.

Чыгарманын аталышы да – анын маани-маңызын андан ары тереңдеткен. Алсак, повесттин орусча аталышы – «Материнское поле». “Материнское поле” – жөн гана талаа эмес. Ал – өмүр менен өлүмдүн, эмгек менен тарыхтын, адам менен табияттын ортосундагы байланыштын символу. А кыргызча аталышы – “Саманчынын жолу”. Түнүндө асмандын бир учунан бир учуна самандын дандарындай болуп чууруп жаткан Күн системасы жайгашкан эбегейсиз зор галактиканы баарыбыз эле көрүп жүрсөк керек.

Анысы кандай, Саманчынын жолу чыгармада жөн гана астрономиялык түшүнүк эмес, ал адамзаттын тагдырын, убакытты, өмүрдүн уланышын жана түбөлүктүктү символдоштурган, учтан түпкө чейин созулган адам баласынын жашоосун чагылдырган көркөм образ.

Кыскача айтканда, «Саманчынын жолу» – согуштун адам тагдырына тийгизген таасирин, эненин кайгысын, эмгекти, адамдык чыдамкайлыкты жана тынчтыктын баасын даңазалаган философиялык чыгарма.

Жер эне менен Толгонайдын сырдашуусу – бул эс-тутум философиясы. Толгонайдын жашоосунда өткөн мезгил эч качан толук өтүп кетпейт. Анын уулдары жок. Бирок алардын элеси бар. Күйөөсү жок. Бирок анын элеси бар. Алиман жок. Бирок анын баласы бар. Мына ошентип, өлгөндөр эстутум аркылуу жашоосун улантат.

Бул Айтматовдун чыгармачылыгындагы маанилүү философиялык мотивдердин бири. Адамдын денеси өлөт, бирок анын эмгеги, сүйүүсү, сөзү, урпагы, элеси жашай берет.

Толгонай мына ошол тарыхый эс-тутумдун сактоочусу жана алып жүрүүчүсү. Анын Жер эне менен сүйлөшүүсү – өткөндү жөн гана эскерүү эмес. Бул – өлгөндөрдүн алдында тирүүлөрдүн жоопкерчилиги жөнүндө философия.

“Саманчынын жолунда” дагы бир эки паралель бар. Толгонай жана Алиман. Экөө эки башка муун, бирок бир эле трагедия. Толгонайдын образын Алимандан да бөлүп кароого болбойт. Толгонай – улуу муундун өкүлү, башынан көптү өткөрүп, үч баланы төрөгөн эне.  Алиман эми гана турмушка чыгып, арзышып тийген күйөөсүнүн ысык махабатын да толугу менен татпай калган, төрөп-түшкөнгө да жетишпей калган жаш келин. Бирок экөөнү бириктирген нерсе – аялдык тагдыр, согуш жана эң жакын адамдарынан ажырап калышы. Алиман сүйүүсүнөн ажырайт. Толгонай балдарынан ажырайт. Алиман он гүлүнүн бир гүлү да ачылбай, өмүрүнүн гүлдөп турган кезинде өлөт. Толгонай жашоосунун акырында жалгыз калат.

Чыгарманын дал мына ушул эпизоддорунда эненин жаратмандыгы жүрөктү титиретип, эне түшүнүгү, эненин адамзат коомундагы орду алдыңкы планга чыгат. Толгонай Алиман төрөгөн баланы, ал канынан жаралбаган бала болсо да, аны кабыл алат. Адатта, ата-баба салтында башка бирөөнүн канынан жаралган бала – ал тукумдун улантуучусу болуп эсептелбейт. Биологиялык мыйзам ченемдүүлүктөн алганда да деле ошондой. Арийне, Толгонай Алимандын башка бирөөдөн төрөгөн баласын өз баласы катары кабыл алат. Анын мындан башка аргасы да, амалы да жок. Ал Субанкулунун, үч уулунун жаркын элестери алдында мына ушул кадамга барат. Айтматовдун генийлиги, Толгонайдын энелик улуулугу, анын образынын кайталангысы мына ушул эпизоддордо.

Толгонайдын образы – жалпы адамзатынын энесинин символу. Эне бардык доорлордо жана бардык элдерде адамзатынын тукумун улоо үчүн мына ушундай кадамга барууга аргасыз болгон.

“Саманчынын жолунда” Толгонайдын образы жаратмандыктын образы, а согуш – кыйратмандыктын образы. Бардык мезгилдерде жана бардык элдерде кагылыш – жаратмандык менен кыйратмандык ортосунда жүрөт. Акыры жаратмандык жеңет – кыйратмандык жеңилет.

Толгонай – эне, Толгонай – өмүрлүк жубай. Анын миссиясы кандай болбосун, адамзатынын, тагыраагы Субанкулунун тукумун улоо, Субанкулунун ысымы жер бетинен биротоло тукум курут жок болуп кетпеши үчүн анын өз канынан жаралбаган бала болбосо да, тукум улашына жол берүү. Мына ушундай гуманисттик ойдо ал келини Алиманды кечирет.

Эне болуу – төрөө гана эмес, башка бирөөнүн өмүрү үчүн жоопкерчилик алуу. Толгонайдын эң чоң сыноосу – өзүнө эмес, келечекке жооп берүү. Чыгарманын акырында Толгонайдын колунда калган эң чоң «мурас» – бала менен калат. Бул бала аркылуу Айтматов окурмандын алдына “Өткөндүн кайгысын келечекке кантип өткөрүп беребиз?” – деген өтө маанилүү философиялык суроону коёт:

Толгонайдын милдети ал баланы жөн гана багуу эмес. Ал ага – аталары жөнүндө; согуш жөнүндө; өлгөндөр жөнүндө; жашоонун баасы жөнүндө чындыкты өткөрүп бериши керек.

Айтматов согушту «баатырдык окуя» катары көрсөтпөйт. Ал согуштун адамдык баасын сурайт. Ошондо согушта ким жеңди, тагыраагы согушту ким жеңди? Ким утту? Ким утулду? Жеңиштин артында канча эненин көз жашы калды? Канча баланын атасы жок калды? Канча аялдын өмүрү өзгөрдү? Жеңиш – душманды жеңүү эмес. Кээде жеңиш – бул өлгөндөрдү унутпоо; тирүүлөрдү сактап калуу; эмгекти улантуу; баланы чоңойтуу; адамдык сапатты жоготпоо; сүйүү жөндөмүн сактоо. Ушул суроолор Толгонайдын образында топтолот. Толгонай фронтто болгон жок, согушта эч кимди өлтүргөн эмес. Бирок анын өмүрү согуштун эң оор сыноосунан өтөт.

Ошондуктан Толгонайды «согуш мезгилиндеги кыргыз аялынын типтүү образы» деп түшүндүрүү аздык кылат. Анын образы адамзаттын тарыхына айланган согушка каршы тик турган энелердин образы. Эне гана согушту айыптайт, эне гана согуштан жийиркенет. Эне гана адам баласынын укум-тукумун улаган жаратмандык касиети менен, бүтүндөй үй-бүлөсүнөн ажырап, жалгыз кара башы калса да, өлгөндөн калган адам тукумун, жатсынбай, бөлөк көрбөй, өз канынан жаралбаган бала экенин билип турса да бооруна кысып,
өз кылат.

Ушул себептен Толгонай – өткөн согуштун гана каарманы эмес, бүгүнкү адамзатка да кайрылып турган образ. Анын образы бизди согуштун себептерин гана эмес, анын адамдык кесепетин ойлонууга мажбурлайт. Толгонайдын образы бизге согушту «жеңиш» же «жеңилүү» деген эки гана түшүнүктүн ортосунда кароого мүмкүн эместигин эске салып, эскертип турат.

Толгонай бизге согуштагы эң чоң жеңилүү – адамдын өлүмү, элдин жана мамлекеттин жер бетинен жок болупу кетиши экенин, ал эми чыныгы жеңиш – адам өмүрүн сактап калуу экендигин эскертет.

Толгонайдын философиялык бийиктиги – анын кайгыны көтөргөндүгүндө гана эмес, эртеңкиден үмүтү жок туруп, адамдык наркты сактап кала алгандыгында. Согуш анын жакындарын алып кетти, бирок анын адамдык эс-тутумун, эне катары жоопкерчилигин, жашоого болгон ишенимин толук жеңе алган жок. Ал өлүмдүн арасында өмүрдүн маанисин, жоготуунун арасында улануунун зарылдыгын, кайгынын ичинде адам болуунун наркын сактап калды.

Көркөм каармандар белгилүү бир доордо жашайт, ал эми айрымдары доорлордон бийик көтөрүлүп, адамзаттын түбөлүктүү суроолорунун жанында жашай берет. Толгонай дал ошондой образ. Анын кайгысы – өткөндүн кайгысы, бирок анын суроосу – бүгүнкү күндүн да, келечектин да суроосу.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»