Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат жаатындагы мамлекеттик социалдык буюртмасынын алкагында кыргыз классиги Аалы Токомбаевдин “Таң алдында” (биринчи жолу 1935-жылы “Кандуу жылдар” деген ат менен жарык көргөн) ыр менен жазылган романынын айрым каармандары тууралуу кеп кылабыз.
Үркүн – кыргыз адабиятындагы башкы темалардын бири. Үркүнгө арналган көркөм өнөрдүн, асыресе көркөм адабияттын түркүн жанрында түрдүү чыгармалар кеңири белгилүү. Алардын көбү улуттук адабияттын алтын казынасы. Ошондой керемет чыгармалардын бири – кыргыз адабиятынын чыныгы классиги Аалы Токомбаевдин “Таң алдында” (“Кандуу жылдар”) ыр менен жазылган романы.
“Тан алдында” романынын баш каарманы – кыргыздын мыкты жигити, кыйын кезенде элди көтөрүлүшкө баштап чыккан азаматы – Алымкул. Көтөрүлүштун себептеринин бири – кыргыздардын жер-сууларын тартып алышы болгону маалым. Романда бул жагдай мындайча баяндалган:
“Жалган эмес, эрке казак-орусуң
Тартып алды бабабыздын конушун”.
Ал 1916-жылкы улуттук-боштондук күрөшү жеңилүү ызасы, азап-тозок, кайран элдин улуу трагедиясы менен коштолсо да, кыргыз руху жеңилген эмес. Көтөрүлүш аёосуз басылат, эл кырылат, аман калганы Кытайга качат. Биздин бул окуядан алуучу нравалык сабактар кымбат жана баалуу. 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшү эл-журт башына каран түн түшкөндө да ар-намысы үчүн күрөштүн улуу сабагы.
1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн, кайран элдин трагедиясын эстөө, эскерүү ызалануу же кимдир бирөөгө кекенүү эмес, өнүгүү жолун издөөнүн, айкөлдүктүн жана акылдын сабагы.
Улуттук-боштондук күрөшү кандай сыноо болсо да, аны жеңе билүүнүн чыдамкайлык сабагы.
Жан айласын таппай кыйсыпыр түшкөндө да, адам бойдон калуунун абийир сабагы.
Эркиндик үчүн жаны курман болсо, адам өмүрү текке кетпей тургандыгынын эрдик сабагы.
Азаттык үчүн күрөштүн сабагы.
Бүлүнгөн кезде бүтүндүгүн сактап, чачылган кезде биримдигин сактап, эл бойдон калуу сабагы.
Кыйын кезде кыйрап кетпей, дөөлөт жаратып, мамлекетин сактоо сабагы.
Алымкул баштаган күрөш элдин эркиндик, адилеттүүлүк жана азаттык үчүн азаптуу күрөшүнүн жогорудагы улуу сабактары романда поэтикалык образдар аркылуу чагылдырылган. Алымкул элге кызмат кылуунун анык үлгүсү. Алымкул жапжаш жигит кезинде эле салгылашта курман болот. Ал көз жумар алдында кайгысын билдирет:
Көрөрүмдү көрбөдүм,
Жарык эле көрөрүм
Мен ошого кайгырам” .
Алымкулда кыргыз азаматтарына мүнөздүү кыйынчылыкка чыдамдуулук, ысылы-суука байымдуулук, өлүмдү токтоолук, сабыр менен кабыл алган эр мүнөзү кара күчтү даңктаган саптар эмес, романдагы “Элес” деген кенедей (болгону 12 сап) эпизоддо келиштире баяндалган:
“Ысык-Көл ылдам чайпалат,
Мени жер сагынып калганбы?
Ээрчитип бүркүт кеткенсийт,
Мени эл сагынып калганбы?
Кылычтын үнү кыңгырайт
Мени эр сагынып калганбы?
Булуттар ойноп күркүрөйт,
Мени тер сагынып калганбы?
Кара жер кайра жарылат,
Мени көр сагынып калганбы?”
Романдагы баш каармандардын бири Мурат улама. Улама институту – традициялуу кыргыз коомунда билим берүүнүн жана тарбиянын негизги субъектиси жана туруктуу институту болгон. “Уламадан уккан сөз”, “Уламадан калган кеп, учу-кыйырга жеткен сөз” сыяктуу туруктуу фразеологизмдер улама институтунун маанисин көрсөтүп турат. “Манас” эпосунда улуу баян уламадан башталганы белгиленет:
“Уламадан уккан сөз
Учугу өнүп чыккан сөз”..
Аалы Токомбаевдин “Таң алдында” (Кандуу жылдар”) ыр менен романында Мурат улама башкы каармандардын бири. Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн башчыларынын бири Алымкулдун келбесине кеткенин угузуу эпизодунда (романда “Угузуу” аттуу бөлүм) Мурат улама акыл-билимди сактоочу жана кийинки муунга өткөрүп берүүчү туруктуу институт катары келиштире сүрөттөлгөн.
Маселен, Мурат улама көтөрүлүштүн алдында элге кайрылып, “Бириккиле бузулбай” деп ынтымакка чакырат. Ал эми “Угузуу” деген бөлүмдө Алымкулдун жаңылган октон курман болгонун угузуп турган жер салт менен нарктын мыкты үлгүлөрүнүн бири. Кыргыз салтында каза тапкан кишини “өлдү” деп кыска, орой угузган эмес. Угузуунун өзунчө жол-жобосу, эрежелери болгон. Мурат улама дал ошол наркка ылайык алыстан баштайт: “Алыстан кайгып баштады,
Азоого чалма ургандай”.
Мурат карыя Текестин терең сууларын кимдер кечип, кечпегенин санап,
“Туурасын жерге койгулап, тулпар да өткөн Текестен,
Текөөрүн текке сындырып, шумкар да өткөн Текестен,
Каскактарын сындырып, Туулар да өткөн Текестен”
деп келип, түбөлүк нерселерди тизмектейт:
“Энедей бейпил жер өлбөйт,
Бирдиги мыкты эл өлбөйт,
Укмуштун баарын жомоктоп,
Улуган тентек жел өлбөйт”.
Акырында бүткүл жандык, адам баласынын физикалык тирүүлүгү утурумдук, жаралган соң жоголуу мыйзамына баш ийерин поэтикалык мазмунда баяндайт:
“Өлбөй турган адамзат,
О, балдар,
Эзелтен бери төрөлбөйт”. Жандууга жана Адамга мүнөздүү идеал сапаттарга ээ асылдардын баары акыры тирүүчүлүк менен коштошорун улам бир образдар аркылуу бекемдеп айтып, акыры
“Осуят кылган жеринде,
Олчойгон жаңы көр жатат.
Азыр коюп биз кайттык,
Издесек эми табылбайт,
Кагылайын балдарым,
Ал жерде Алымкул деген эр жатат” – деп жыйынтыктайт. Ошентип, “Угузуу” философиялык мааниси абдан терең, өз алдынча турган күндө да керемет чыгарма дегидей поэтикалык саптар.
Романдагы дагы бир каарман – Антон. Карапайым орус дыйканы. Ооба, келгин, орус, христиан. Падышачылык Россиянын саясатынын натыйжасында кыргыз жерине келип, жерге ээлик кылып, дыйканечылык кылган орус мужугу. Бирок Антондун образы аркылуу карапайым элдер ортосунда кпарама-каршылык болбогону, маселе падышачылык бийликтин эзүүчүлүк саясатында экени реалисттик штрихтер аркылуу сүрөттөлөт. Романда келгин орус мужугу Антон менен көтөрүлүштүн кол башчысы Алывмкулдун достугу – чыныгы достуктун үлгүсү. Албетте, романда класстык күрөштүн мотивдери камтылганы түшүнүктүү. Анткени бекеринен Аалыкебиздин чыгармасы 1935-жылы алгач жарык көргөндө катуу сынга кабылып, кийин класстык аң-сезимди көрсөткөн образдар кошулган соң кайра жарыяланган эместир. Бул тууралуу улуттук адабиятта ыр менен жазылган туңгуч романдын автору А. Токомбаев “Таң алдынданын” баш сөзүндө учкай баяндайт.
Аалы Токомбаевдин “Таң алдында” (“Кандуу жылдар”) ыр менен жазылган романындагы сөз болгон каармандардын образдары элдин аздектеген баалуулуктары, кыйын кезеңдеги, кыркылышкан учурдагы улуу нравалык сабактар керемет чагылдырылган.
Алмаз Окин, “Кыргыз Туусу” гезити

