Көчмөндөр салтанаты

Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкекте башталып, 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда уланды. “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү Көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү катары даярдыктын жүрүшүнөн тартып, жабылышына чейинки окуяларга тике катышты.

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” жана “Слово Кыргызстана” гезиттерине, “Ала-Тоо” жана “Байчечекей журналдарына, алардын сайттарына жана социалдык тармактардагы баракчаларына Көчмөндөр оюндары түрдүү форматта жана жанрда байма-бай, кенен чагылдырылды.

Биз катышкан жана күбө болгон окуялар быйылкы Көчмөндөр оюндарынын айрым өзгөчөлүктөрүн айгинелеп турат.

  1. Жаңы мазмун, интеграциялык миссия. Көчмөн маданият бир гана Кыргызстандын гана эмес, Евразиянын эбегейсиз зор мейкиндигине  Борбордук Азиядан Монголияга, Казакстандын талааларынан Кытайдын түндүк жана батыш аймактарына чейин тараган жалпы тарыхый мурас деп белгилешет окумуштуулар. Туура. Бирок ошол маданият жалпы дүйнөгө жаңы түс, жаңы форматта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу даңазаланды. Кыргызстандын бул ирет ошол көп түрдүү мурастын ичинен көчмөндөрдүн оюндарын эл аралык масштабдагы туруктуу платформага айландыра алганында. Башкача айтканда, Кыргызстан көчмөн маданиятын бир элдин энчисинде калтырбастан, Кыргызстан өзүн Евразиядагы көчмөн цивилизациясынын маданий диалогу өтүүчү аянтча катары көрсөттү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачылыш аземинде оюндарды өлкөнүн заманбап бейнесин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү катары сыпаттады: “Көчмөндөр оюндары – Евразия мейкиндигин байырлаган байыркы көчмөндөрдөн: байыркы гунндардан, байыркы кыргыздардан, байыркы түрктөрдөн, байыркы түргөштөрдөн жана башка көчмөн бабаларыбыздан мурасталып калган улуу маданият. Мына ушул руханий жана маданий мурас бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жаңы мазмун менен кайра жаралууда”. Быйылкы Оюндар көчмөндөр цивилизациясын жалпы адамзат цивилизациясынын ажырагыс бөлүгү катары таанууга жана баалоого, көчмөндөр маданиятын адамзат үчүн орток баалуулук катары кабылдоого, түрдүү цивилизациялардын, элдердин жана өлкөлөрдүн башын кошуп, маданияттарды жакындаштыруу миссиясын аткара алды. Бул биздин гана субъективдүү баа эмес, ушул жагдайды дүйнөлүк абройлуу медиаагенттиктер адилет чагылдырды.
  2. Кеңири масштаб. Быйылкы оюндарга 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышты. Албетте, оюндардын жылдан жылга кызыгы артып, мазмуну жана масштабы өзгөрмөгү турулуу иш. Борбор Азиядагы эң ири стадион Бишкек аренадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде чет өлкөлөрдүн спортчуларынын жана өкүлдөрүнүн парады салттуу Олимпиаданын ачылышын гана элестетпестен, командалардын узакка созулган чубатуусу, жүздөн ашык мамлекеттердин желектеринин бир аренада булгаланып өтүшү зор сыймыктануу сезимин жаратты, сыймыкка бөлөдү.

Масштаб катышуучулардын саны менен чектелбеди. Анткени Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында театрлаштырылган композициясы ар башка, бирок жалпы идеяга бириктирилген ондогон түрдүү сценаларды бир эле мезгилде жүздөгөн кишинин синхрондуу, гармониялуу аткарышы көрүүчүлөргө айрыкча таасир калтырды.

  1. Интеллектуалдык иш, акылгөйлөр дискуссиясы. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары оюн-зооктор жана спорттук мелдештер менен чектелбестен, интеллектуалдык иштер менен коштолду. Анын айкын далили Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференция болду. Ага дүйнөнүн ар тарабынан окумуштуулар катышып, номадизм, көчмөндөрдүн маданияты жана тарыхы тууралуу пикир алышып, жаңы идеялар козголду. Көчмөндөр цивилизациясынын жалпы адамзат үчүн мааниси менен ролун көчмөндөрдүн эмес, отурукташкан Европа маданиятынын өкүлдөрү тарабынан айтылып жатышы изги көрүнүш. Мисалы, “климаттын өзгөрүшү, экологиялык көйгөйлөр жана аргасыз миграция күчөп жаткан шартта адамзат көчмөндөрдүн жаратылыш менен гармонияда жашоо тажрыйбасынан сабак алышы керек” – дейт конференцияга катышкан Словениянын Любляна университетинин профессору Сванибор Петтан. Өзүн даңктоодон өзгөлөрдүн калыс баасы кыйла жогору.
  2. Жарашыктуу формат, жаңы элементтер. Иш-чаранын алкагында Кырчын жайлоосунда атайы этношаарча курулду. Улуттук колорит эске алынып, ар кандай зооктор үчүн ыңгайлуу аянтчалар жана меймандар үчүн эс алуу, көрүү, тамактануу, сейилдөө жайлары уюштурулганы дагы бир жетишкендик. Улуттук спорт мелдештери, фольклордук фестивалдар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана илимий жыйындар жогорку деңгээлде уюштурулду. Оюндардын Бишкектеги жаңы аренада өткөрүлгөн ачылыш аземи социалдык тармактарда чоң кызыгууну жаратты. Ал тууралуу түрдүү тилдерде көптөгөн пикирлер жазылды. Ачылыш аземиндеги шоуда жүздөгөн катышуучулар болду, чабандестер өнөрүн көрсөтүп, улуттук кийимдер, бийлер жана заманбап жарык эффекттери тартууланды. Айрымдар муну жөнөкөй спорттук иш-чарага караганда көчмөн элдердин тарыхын жана маданиятын чагылдырган театрлаштырылган чоң салтанат катары баалашты.

Оюндардын маданий, интеллектуалдык иш чараларын өткөрүүгө жооптуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги бийик деңгээлин, уюштуруучулук жөндөмүн жана чыгармачылык дарметин көргөзө алды. Оюндардан баш-аягын жыйнай электе Таласта Эгемендиктин 35 жылдыгы белгиленди. Таластагы салтанаттын маданий компоненти алкоого татыктуу.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги бул ирет оюндардын ачылышынан тартып, жыйынтыкталышына чейин керемет режиссуралык чечимдерди, жаңы табылгаларды ыктуу колдоно алды. Жаңы элементтер көрүүчүлөрдүн көзүн кубантты. Көп аткаруучу катышкан массалык бийлер, сахналаштырылган оюндардагы образдардын чагылдырылышы, дене-бойду дүркүрөткөн театралдык сценалар, окуяларга үндөш музыкалык коштоо, ыр-күү фестивалы, кыргыз өнөрүнүн салттуу үлгүлөрү менен заманбап чыгармалардын айкалышы көрүүчүлөргө эстетикалык рахат тартуулады.

  1. Тарыхый символика, лидерлердин колдоосу. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык зор мааниге жана терең саясий-дипломатиялык мазмунга да ээ болду. Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалык кылган жылга, улам таасири артып бараткан ШКУнун 25 жылдык мааракесине, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдык майрамына, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланган тарыхый жылга туш келип отурушу эң башкы өзгөчөлүк. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары, өнөктөш өлкөлөрдүн жана бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери түгөл катышты. Көчмөндөр оюндарын туруктуу өткөрүү идеясы, демилгеси жана туңгуч тажрыйбасы Кыргызстанга таандык. Бирок кыргыз элинде жаралган идея эл аралык аренада ишке ашты. Эң алгач кыргыз жеринде өткөн Көчмөндөр оюндары дүйнөлүк мейкиндикте кызуу колдоого ээ болду.

Оюндар маданий иш чаралар менен чектелбестен, дипломатиялык мазмунга ээ болду. Көчмөндөр оюндары саясатташа элек, кыргыз мамлекети саясатташтырууга да шылтоо бербеди, өбөлгө түзгөн жок. Аймактык алкак, атаандаш, ал тургай мамилеси татаал, салкын мамлекеттердин ажырымы менен да чектелбейт. Санкциялар кычап, гибриддик кармаштар, карама-каршылыктар күчөп турган шартта бир да мамлекет жана уюм тарабынан Көчмөндөрдүн быйылкы оюндарына кыйыр же тымызын бойкот болбоду. Тескерисинче, тигил же бул мамлекеттин саясий позициясы, мамилеси оюндарга терс таасирин тийгизбеди. Быйылкы  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам аброю артып бараткан Кыргызстан үчүн эл аралык  коомчулуктун колдоосун, кубаттоосун, кызыгуусун демонстрациялады.

  1. Гармониялуу аракеттин, чыгармачыл иштин натыйжасы. Оюндар көчмөндөр маданиятынын салтанаты болду десек аша чаппкандык эмес. Эң мыкты деңгээлде өткөн быйылкы оюндар Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында бардык мамлекеттик органдардын, жалпы коомчулуктун гармониялуу, биримдиктүү ишинин натыйжасы болду.

 

 

Галина БАЙТЕРЕК,

“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн башкы директору