Редактордун колонкасы
Азыркы Президент Садыр Жапаров кызматын тапшырбастан эмдиги жылы январда өтө турган президенттик шайлоого катышуусу түшүнүксүз жагдайлардан улам талкууга түштү.
Түшүнүксүз дегенибиз, бул жагдай “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын “Талапкердин статусу” аттуу беренесинде так көрсөтүлгөн. Аталган мыйзамдын 21-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттик саясий кызматчылар талапкер катары көрсөтүлгөн учурдан тартып өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотору белгиленген. Бирок бул талап Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президентке тиешелүү эмес экендиги белгиленген (https://shailoo.gov.kg/kg/konstitucionnye-zakony-kr/konstitucionnye-zakony-kr/O_vyborah_Pr-1913/). Демек, мыйзам азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кызматтан кетпестен президенттик шайлоого катышуусуна толук жол берет.
Аракеттеги конституциялык мыйзам президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү учурунда өз ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттендирбейт. Мыйзамдын башка новеллаларында да бул жобого кайчы жоболор камтылган эмес. Цитаталанган мыйзам жобосунун мааниси бүдөмүк эмес, чечмелегенгенде бурмаланып кетүүгө жол бербеген так, анык жобо. Бул укуктук негиздер боюнча расмий түшүндүрмөлөрүн мыйзам чыгаруу органы парламент да, шайлоо өткөрүүгө ыйгарым укуктуу орган Борбордук шайлоо комиссиясы да берген.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат. Президент шайлоо учурунда өз милдетин аткарууну токтотору белгиленген эмес. Конституциянын 69-беренесинде “Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу ар кандай аракеттерин токтотот” деп көрсөтүлгөн. Демек бир партиянын ишине байланбаган жана бир партиянын колдоосу менен чектелбеген мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы, анткени Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат. Андан тышкары, партиялык ишмердүүлүккө чектөө шайлоо өнөктүгүндө президентке бөтөнчө артыкчылык берүү мүмкүнчүлүгүн чектейт, анткени саясий партия шайлоо процессинин эн башкы субъекттеринин бири. Ошондуктан, иштеп жаткан президенттин шайлоого катышкандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтото турушуна конституциялык негиз жок. Андай талап шайлоо мыйзамдарынын эч бир жеринде кездешпейт.
Иштеп жаткан президенттин өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотпостон шайлоого катышуусу жаңы жобо эмес. Мындай укуктук практика Кыргызстандын шайлоо системасында мурда да колдонулуп келген. Ушундай эле норма 1999–2011-жылдары колдонулуп келген Шайлоо кодексинде да бар болчу. Президенттик шайлоолор ушул эрежеге ылайык өткөрүлгөн, кызматын тапшырган президент биздин өлкөнүн саясий тарыхында кездешпейт.
Жалгыз биздин өлкөгө мүнөздүү жобо эмес. Борбор Азия мамлекеттеринен сырткары, АКШ, Бразилия, Россия, Франция, сыяктуу башка ондогон өлкөлөрдүн иштеп жаткан мамлекет башчылары президенттик шайлоого катышып жаткан учурда ишин убактылуу тапшырбайт же кызматтан четтебейт. Абалтадан ошондой эрежелери бар. Шайлоого катышкандыгына байланыштуу ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу, убактылуу тапшыруу же башка бир тарапка өткөрүп берүү талаптары аталган өлкөлөрдүн мыйзамдарында жок.
Шайлоо тууралуу мыйзамдарда административдик ресурсту колдонууга катуу тыюу салынган. Атаандаштар талапкерлигин көрсөтүүдөн тартып, шайлоо фонду, үгүт иштерин жүргүзүү сыяктуу баардык маселелерде талапкерлер бирдей шартка ээ, алардын шайлануу укуктары бирдей. Элдин эркин тандоо мүмкүнчүлүгү Баш мыйзам менен шайлоо мыйзамдарында так аныкталган. Азыркы бийликтин калыс, адилет шайлоо өткөрүүгө изги ниети анык, саяий эрки бекем, аракети күч, шайлоонун мыйзамдуулугун камсыздоого технологиялык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.
Албетте, мөрөй – буйруктун иши деңизчи. Ошентсе да мөрөй өзүнөн өзү буюрбайт, оңой менен колго тийбейт. Марага карай жарышта чечүүчү мааниге факторлорду жадыбыздан чыгарганга болбойт.
Биринчиден, талапкерлердин ар түрдүү болмогу мыйзамченемдүү. Баарыдан мурда, ар биринин дарамети ар башка.
Экинчиден, атаандаштардын психологиялык, менталдык, интеллектуалдык, инсандык, экзистенциалдык, турмуштук, нравалык, физикалык ж.б. толгон-токой өзгөчөлүктөрү менен айырмачылыктары бар.
Үчүнчүдөн, талапкерлердин ар биринин өз тагдыры, өмүр жолу жана ишмердүүүлүгү менен аныкталган жана бири биринен айырмалуу ийгиликтери, өтөгөн эмгектери, саясий салмагы, ички-сырткы коомдогу орду, образы бар.
Төртүнчүдөн, потенциалдуу талапкерлердин программалары, убадалары, электоратка сунуштаган идеялары, колдонгон шайлоо технологиялары да ар башка болмогу анык.
Ушулардын баары биригип келип “бак” аталган жеңишти аныктоочу факторлор.
Алмаз Кулматов,
“Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору

