Башкы беткеКоомУрмат Абдукаимов: “Улуттук кураманын башкы максаты — кыргыз футболунда жаңылык жаратуу”

Урмат Абдукаимов: “Улуттук кураманын башкы максаты — кыргыз футболунда жаңылык жаратуу”

            Кыргызстандын улуттук футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов менен заманбап футболдун талаптары, оюнчулардын даярдыгы, тактикалык өзгөчөлүктөр жана алдыдагы ири мелдештер тууралуу маек.

Урмат Абдукаимов жакында эле бул кызматка дайындалганы менен, футбол дүйнөсүндө көп жылдан бери эмгектенип келет. Ал сегиз жашынан тартып футбол менен машыгып, ар кандай командалардын жана жаштар курамаларынын катарында ойногон. Кийин топтогон тажрыйбасын машыктыруучулук багытта улантып, кесиптик билимин өркүндөтүүгө киришкен.

Анын жетекчилиги астында улуттук курама Мальдив аралдарынын жана Ливандын командалары менен болгон жолдоштук беттештерде 3:1 жана 5:0 эсебинде жеңишке жетишти. Бул жыйынтыктар команданын алдыдагы жооптуу мелдештерге даярдыгы жана жаңы машыктыруучунун иштөө принциптери тууралуу кызыгууну арттырды.

Улуттук футбол командасынын башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов менен «Кыргыз Туусу» маалымат басма үйүнүн журналисти Руслан Машрапов кеңири маек курду.

           Урмат мырза, сиз футболго жаштайыңыздан аралашып, кийин машыктыруучулук кесипти тандадыңыз. Бул жол кандай башталган?

Футбол менен сегиз жашымдан тартып машыга баштагам. Көп жылдар бою ар кандай командаларда ойноп, өлкө чемпионаттарында жана жаштар курамаларында тажрыйба топтодум. Футболчу катары жүргөн жолум мага оюнду талаадан түшүнүүгө, команданын ички түзүмүн сезүүгө жана оюнчунун мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жардам берди.

Кийин топтогон тажрыйбамды машыктыруучулук багытта улантууну чечтим. Анткени футболдо оюнчу болуп ойноо менен машыктыруучу болуунун айырмасы өтө чоң. Машыктыруучу оюнду гана билбестен, ар бир футболчунун өзгөчөлүгүн түшүнүп, команданын ишин уюштуруп, туура чечим кабыл ала билиши керек. Ал үчүн керектүү билимге ээ болуусу кажет.

        Кесипкөй машыктыруучу болуу үчүн атайын билим жана лицензия талап кылынат. Бул багыттагы даярдыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

Албетте, футболду жакшы билүү эле жетишсиз. Машыктыруучу болууну каалаган адам атайын окуудан өтүп, тиешелүү лицензияларды алышы зарыл. D жана C категориялары көбүнчө балдар футболунда иштөөгө жол ачса, B лицензиясы орто деңгээлдеги командаларды машыктырууга мүмкүнчүлүк берет. A категориясы жогорку деңгээлдеги жана кесипкөй футболчулар менен иштөөгө багытталган. Ал эми PRO лицензиясы машыктыруучулуктагы эң жогорку баскыч болуп эсептелет.

Учурда PRO лицензиясын алуу боюнча окуумду аяктоо алдында турам. Заманбап футбол тынымсыз өзгөрүп жатат. Ошондуктан машыктыруучу дагы дайыма билим алып, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп, эл аралык тажрыйбаны үйрөнүп турушу керек.

           Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу катары алгачкы беттештерде Мальдив аралдарынын жана Ливандын командаларын жеңдиңиздер. Бул жыйынтыктар командага кандай таасир берди?

Жеңиш ар дайым командага ишеним берет. Мальдив аралдарынын курамасын 3:1, Ливандын командасын 5:0 эсебинде уттук. Бул беттештер оюнчулардын даярдыгын көрүүгө, командалык аракеттерди баалоого жана айрым тактикалык чечимдерди иш жүзүндө текшерүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ошол эле учурда жолдоштук беттештердеги жеңиштер менен эле чектелбешибиз керек. Биз үчүн негизги максат расмий мелдештерде туруктуу жыйынтык көрсөтүү. Ар бир оюндан сабак алып, кемчиликтерди оңдоп, команда катары алдыга жылууга тийишпиз.

      Күйөрмандар футболду көбүнчө талаадагы оюн жана жыйынтык менен баалашат. Ал эми профессионалдык футболдо тартиптин орду канчалык чоң?

Тартип кесипкөй футболдун негиздеринин бири. Футболчу талаада жакшы оюн көрсөтүшү үчүн машыгуу менен гана чектелбеши керек. Анын күнүмдүк жашоо образы, туура тамактануусу, жетиштүү эс алуусу жана ден соолугуна кам көрүүсү да маанилүү.

Улуттук курамада ар бир оюнчу чоң жоопкерчиликти сезиши зарыл. Анткени ал клубунун гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн намысын коргойт. Ошондуктан оюнчулардан кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти жана өзүнө болгон талапты күчөтүүнү күтөбүз.

         Оюнчулардын физикалык абалы кандай көзөмөлдөнөт? Машыгуу алдындагы медициналык текшерүүлөрдүн мааниси эмнеде?

Окуу-машыгуу жыйындарында оюнчулардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулат. Күнүмдүк текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алардын пульсу, кан басымы, салмагы жана организмдин жалпы абалы көзөмөлдөнөт. Бул көрсөткүчтөр футболчунун машыгууга даярдыгын аныктоого жардам берет.

Ар бир оюнчунун физиологиялык өзгөчөлүгү ар башка. Бир футболчу үчүн ылайыктуу болгон жүктөм экинчисине ашыкча болушу мүмкүн. Ошондуктан машыгуунун көлөмү жана интенсивдүүлүгү оюнчунун абалына жараша жөнгө салынышы керек.

Машыгуудан кийин да калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Массаж, медициналык текшерүү жана адистердин сунушуна ылайык муздак суу процедуралары колдонулушу мүмкүн. Мунун баары оюнчулардын кийинки машыгууга даяр болушуна жана жаракат алуу коркунучун азайтууга багытталган.

        Команда күнүнө канча жолу машыгат? Теориялык даярдык менен талаадагы машыгуулардын байланышы кандай?

Окуу-машыгуу жыйындарында команда, адатта, күнүнө эки жолу машыгат. Биринчи машыгуунун алдында теориялык сабак өтүлүп, мурунку күндөгү иш-аракеттер видео аркылуу талданат. Оюнчулар кетирген каталарын көрүп, оюн учурунда туура чечим кабыл алуунун жолдорун үйрөнүшөт.

Андан кийин теориялык сабакта каралган тапшырмалар талаада аткарылат. Командалык аракеттерге, оюнчулардын өз ара түшүнүшүүсүнө жана тактикалык схемаларды туура колдонууга көңүл бурулат.

Күндүн экинчи жарымында дагы бир машыгуу өткөрүлүп, андан соң калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Жүктөмдү туура бөлүштүрүү абдан маанилүү. Эгер оюнчу жетиштүү эс албаса, чарчоо топтолуп, жаракат алуу коркунучу жогорулайт. Биздин милдет футболчулардын ден соолугун сактоо менен бирге алардын оюн деңгээлин туруктуу жогорулатуу.

         Заманбап футболдо башкы машыктыруучу жалгыз иш алып барбайт. Сиздин машыктыруучулар штабыңызда канча адис бар жана алардын милдеттери кандай бөлүштүрүлгөн?

Биздин штабда беш жардамчы эмгектенет. Алардын арасында дарбазачылардын машыктыруучусу, дене тарбия даярдыгы боюнча адис, аналитик жана башка жардамчылар бар. Мындан тышкары, команда менен менеджерлер, администраторлор, дарыгерлер жана массажисттер иштешет.

Ар бир адистин өзүнө тиешелүү милдети бар. Мисалы, аналитик атаандаштардын оюнун изилдеп, машыктыруучуларга керектүү маалыматтарды даярдайт. Дене тарбия боюнча адис оюнчулардын физикалык даярдыгын жакшыртууга көңүл бурат. Ал эми медициналык кызматкерлер футболчулардын ден соолугуна жана калыбына келишине жооп беришет.

Өнүккөн футбол өлкөлөрүндө команданын деңгээлине жана оюнчулардын санына жараша кеңири адистер тобу иштейт. Кыргызстанда да бул багытты өнүктүрүү зарыл. Анткени футболдогу ийгилик оюнчулардын талантына гана эмес, аларды курчап турган кесипкөй чөйрөгө да байланыштуу.

       Сиз кайсы стилдеги футболду жактырасыз? Улуттук курама талаага кандай тактикалык принциптер менен чыгат?

Мага активдүү, динамикалуу, топту көзөмөлдөөгө жана прессингге негизделген футбол жагат. Бирок бардык атаандаштарга бирдей тактика менен чыгуу туура эмес деп эсептейм.

Ар бир команданын күчтүү жана алсыз жактары бар. Ошондуктан атаандашты алдын ала талдап, анын өзгөчөлүктөрүнө жараша даярдык көрүү зарыл. Кээ бир оюндарда топту көзөмөлдөө артыкчылык берсе, айрым беттештерде тез чабуулга өтүү же коргонуудагы тартипти сактоо маанилүү болот.

Заманбап футболдо мурдагыдай өлкөлөргө гана таандык оюн стили менен чектелүү кыйын. Команданын оюн ыкмасы курамдагы футболчулардын мүмкүнчүлүктөрүнө, алардын сапатына жана машыктыруучунун ошол мүмкүнчүлүктөрдү канчалык туура пайдалана алганына байланыштуу.

        Командалык оюнду биринчи орунга коюу менен ар бир футболчунун жеке жөндөмүн ачып берүү ортосундагы тең салмакты кантип сактоого болот?

Футбол — командалык оюн. Ошондуктан жалпы кызыкчылык биринчи орунда турушу керек. Бирок бул жеке жөндөмдөрдү эске албоо дегенди билдирбейт.

Ар бир футболчунун өзүнө мүнөздүү күчтүү жактары бар. Кимдир бирөө ылдамдыгы менен айырмаланса, экинчиси топту жакшы көзөмөлдөйт, үчүнчүсү голдук мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жөндөмдүү болушу мүмкүн. Машыктыруучунун милдети ар бир өзгөчөлүктөрдү туура пайдаланып, аларды команданын жалпы максатына багыттоо.

Эгер футболчунун мүмкүнчүлүгүн туура ачып бере алсак, бул команданын оюнун да күчөтөт. Биз жеке чеберчиликти командалык тартип менен айкалыштырууга аракет кылабыз.

          Улуттук кураманын алдында турган негизги милдеттердин бири албетте, Азия кубогунда ийгиликтүү ойноо. Бул багытта команданын максаты кандай?

Азия кубогуна даярдык биздин жакынкы пландарыбызда өзгөчө орунду ээлейт. Биринчи милдет тайпалык баскычтан ийгиликтүү өтүү. Андан кийин плей-офф баскычында мүмкүн болушунча алыска барууга аракет кылабыз.

Мындай мелдештерде атаандаштардын деңгээли жогору болот. Ошондуктан ар бир беттешке өзүнчө даярдык көрүп, оюнчулардын физикалык жана психологиялык абалын туура жөнгө салуу зарыл. Командалык түшүнүшүү, тактикалык тартип жана оюн учурунда туура чечим кабыл алуу чоң мааниге ээ.

         Мелдешке даярдык көрүү үчүн кандай окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү пландалган?

Даярдык планынын алкагында ноябрь айында Вьетнамда окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү, Кытайлык Тайбэй жана Вьетнам курамалары менен беттештерди уюштуруу каралган. Андан соң 10-декабрдан тартып Бириккен Араб Эмираттарында төрт жумалык даярдык өткөрүп, мелдеш өтүүчү Эр-Рияд шаарына жөнөп кетүү пландалган.

Мындай жыйындар оюнчулардын физикалык даярдыгын жакшыртууга, тактикалык байланыштарды бекемдөөгө жана команданын өз ара түшүнүшүүсүн жогорулатууга жардам берет. Расмий оюндар башталганга чейин команданын бардык багыт боюнча даяр болушу маанилүү.

       Азия кубогунан кийин Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары турат. Бул багыттагы максаттарыңыздар кандай?

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары дагы чоң жоопкерчиликти талап кылат. Оюнда негизги максат  кийинки баскычка өтүү жана дүйнөлүк чемпионатка чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калуу.

Буга чейин, 2023–2024-жылдары, улуттук курама тандоо турунун үчүнчү баскычында Өзбекстан жана Иран сыяктуу күчтүү командалар менен беттешкен. Бул оюндар биз үчүн чоң тажрыйба болду. Эми ошол деңгээлге кайра жетип, андан ары жылууга аракет кылышыбыз керек.

Алдыдагы даярдыкта март же июнь айларында Бишкекте же башка жерде эки окуу-машыгуу жыйынын өткөрүү, алардын биринин алкагында Бишкекте жолдоштук беттеш уюштуруу пландалган. Даярдыкты туура уюштуруп, оюнчулардын деңгээлин жогорулатып, команда катары туруктуулукту камсыз кылуу зарыл.

          Акырында, кыргыз футболунун келечеги жана улуттук кураманын күйөрмандарга бере турган үмүтү тууралуу эмне айтар элеңиз?

Кыргыз футболун өнүктүрүү үчүн бир эле жеңишке же бир мелдештин жыйынтыгына таянбашыбыз керек. Туруктуу өсүүгө жетишүү үчүн таланттуу оюнчуларды даярдоо, машыктыруучулардын билимин жогорулатуу, медициналык жана аналитикалык иштерди өнүктүрүү, жалпы футболдук системаны жакшыртуу зарыл.

Улуттук кураманын башкы максаты  кыргыз футболунда жаңылык жаратуу, өлкөбүздүн эл аралык аренадагы ордун бекемдөө жана күйөрмандардын ишенимин актоо. Бул үчүн ар бир оюнчу, машыктыруучу жана штабдын мүчөсү өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылышы керек.

Күйөрмандарга айтарым  улуттук кураманы колдоп, командага ишеним көрсөтүп туруңуздар. Биздин алдыбызда чоң милдеттер турат. Аларга жетүү үчүн талыкпай эмгектенип, ар бир мүмкүнчүлүктү туура пайдаланууга аракет кылабыз.

 

                                                                                                                                                        Руслан Машрапов

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар