Башкы беткеСаясатБШК шайлоо алдындагы үгүттү мөөнөтүнөн мурда жүргүзбөөгө чакырды

БШК шайлоо алдындагы үгүттү мөөнөтүнөн мурда жүргүзбөөгө чакырды

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти.

БШКнын маалыматына ылайык, 21-октябрда Тимур Оторбаев жетектеген жумушчу топтун жыйынында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы каралды.

Анын жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн жана шарттарын бузуу белгилери бар материалдар аныкталган. Ушуга байланыштуу социалдык тармактардын колдонуучулары Санжарбек Тилековго, Айбек Теңизбайга жана Туратбек Мусакеевге эскертүү берилип, тиешелүү билдирүүлөрдү өчүрүү милдеттендирилди.

БШК жарандарды, талапкерлерди, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырды. Мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерге, анын ичинде интернетке тиешелүү материалдарды жарыялоого жол берилбейт.

Жумушчу топ социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана мыйзам бузуулар тууралуу материалдарды кароону улантат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар