1765-ж. Абылай султан дагы бир жолу кыргыздарына кол салып, уруу башчыларынын балдарынан жана аялдарынан тогуз кишини үй– жайы менен аманатка алып кеткен. Алымбеков Тургунбектин кол жазмасында Нарын, Кочкор, Жумгал жана Талас тоолору жайлоо эсебинде болуп, эл аз болгондуктан Иле суусунун бою, Чүй, Талас сууларынын аягындагы калмактан бошогон кыргыз жерлерине казак уруулары көчүп келип отурукташа баштаганы айтылат.
Оң канаттан Эсенкул баатыр, сол канаттан Туума бий башында турган бийлери Таластын Капкасында кеңеш өткөрөт. Жыйында бийлер Чүй-Талас багытындагы кыргыз жерлерин коргоп калуу максатында Кетмен Төбөдөгү каба саяктарды Таласка, Кочкордогу чекир саяктарды Чүйгө көчүрүү жөнүндө бүтүмгө келишет.
Кабалардын башчысы Садыр көчүп келгенден кийин Капкага коргон тургузуп, Жайыл баатыр менен бирдикте казактардын уйсун элетине кол салып башташкан (Алымбеков. №364. 36-39-б.).
Казак уруулары дагы Иленин сол өйүзүндөгү сарыбагыш уруусунун конушу – Үч Алматы жана Сары Токум жайлооруна чейин кирип келип, жайлай башташкан. Мындай аракеттерди жүзөгө ашырууда чанычкулудан Бердикожо, чапыраштыдан Кооман, Жабек, Качыке жана Дөөлөт, ботбайдан Түлөкабыл жана Жайсаң, кашкороо уругунан Малдыбай жана Конушбай сыяктуу казак баатырлары кыргызга карай аттанып келишип, жылкы тийип, барымта алып турушкан. Ушундай чабыштардын биринде сарыбагыштардын колунан Качыке, солтолордун колунан Жайсаң жана Кооман баатырлар каза табышат.
Бул окуялардан кийин Бердикожо менен Жабек Азиреттин Каратоосундагы Абылайга барып арызданышат. Бирок, алар Абылайды кыргызга каршы аттандырууга ынандыра албай, найман уруусунун баатыры көкжарлы Баракка барышат. Алардын чакырыгын кабыл алган көк жарлы Барак, 1771-жыл кыргыздарга каршы жортуулга аттанат. Бирок, казактардын көздөгөн максаттары жүзөгө ашпай, көк жарлы Барак баштаган кол жеңилет жана Чүйдөн талкаланып, Иледен ары сүрүлөт.
Ушул окуяга байланыштуу аскер кызматчысы И. Абдулов 1771-ж. 9- октябрындагы Батыш-Сибирь аскер башчысына «…менин укканыма караганда жакында казактар тоолук кыргыздарга байланыштуу Абылай ханга даттанып келишкен, алар (кыргыздар) казактардын Чоң ордосунун Баланай болуштугун талкалап, 17 миң адамдарын өлтүрүшкөн. Абылай алардын даттанууларын кабыл алып, ушул кышта тоолук кыргыздарга каршы жүрүшкө ниеттенүүдө», -деген билдирүү жиберген. Кыргыздарга каршы согушууга орустардан жардам сураган Абылайдын ою ишке ашкан эмес.
Абылайдын бул чабуулунан кийинки кыргыз-казак мамилесиндеги тынчтык көпкө созулган эмес. Кыргыздардын башкы бийи Эсенкул баатырдын бир нече жолу эскерткендигине карабастан, Таластагы Садыр өз алдынча кол топтоп, Жайыл баатыр менен бирдикте казак конуштарына кол салып, Чолок Коргон, Сузак калаасына чейин кирип барышкан. Ушул чабыштан катуу сокку жеген Улуу жүз казактары Жоогач баатырды Абылай ханга кабарга жөнөтүшкөн. Сары Аркада жатып чабармандарды кабыл алган Абылай хан; «кыргыз-казак калмактан жаңы кутулуп отурганда, кыргыз жерине кызыгып ушул ишти баштап отурасыңар, мурунтан бир тукум, бир боз үйдүн баласы элек. Кокон, кытай, орус, ушул үчөөнүн бири кол салса, кереги тиет эле сүйлөшсөк, кыргыздын» деген экен. Бирок, Абылай кыргыздарга аттануудан мурун, Жоогачты кайрадан элчилике жиберген. Жоогач кыргыздын чети, солтолордун бийи Момоконго жана Жайылга жолугуп, Абылайдын сөзүн айтып кайткан.
Ушул мезгилдердеги казак старчыны Кулбактын көрсөтмөлөрү боюнча Көкчө Тоодо жайлап жаткан Абылай 1778-ж. кыргыздарга каршы согушка аттануу үчүн Батыш-Сибирь линиясынан жардамга аскер сурап, орустардан жардам болбогон соң, 1779-ж. Түркстан жана Ташкен шаарларына жакын жайгашкан Улуу жүзгө көчүп келет. Анын 1779-ж. 13 августунда Оренбург губернатору И. Рейнсдорпко жазган катында; «Чоң жана Кичи ордо мага карайт, анын ичинен Чоң ордо (сөз Улуу жүз казактары жөнүндө болуп жатат –Т.А.) Ташкенде, ал жакта мага жоо болгон кыргыз дегендер да, ал аймактарда көчүп-конуп жүрүшкөн мага таандык казактардын тынчын алып, анысы аз келгенсип, алардын катын-балдарын туткунга алып кетип жаткандыктан, алар көз жашын агызып, менден калканыч издөөгө мажбур болушту. Ал жака балдарыма жана туугандарыма эң мыкты кишилерди кошуп жөнөттүм, алардан кийин, мен өзүмдүн ата-журтум үчүн аттанууга даярдануудамын» деп жазат.
Ушул жылы Абылай Ташкен калаасын каратып, кыргыздардын элчилерин кабыл алган. Маалыматтарга караганда Абылайдын алдына кырк элчи барган. Эки тарап бири-бирине дооматтарын коюп, кыргыздардын тынчын Бердикожо, казак жагын Садыр алгандыгы айтылат. Элчилерден Түлөберди бий 21 жаштагы жигит курагында Абылай ханга сөзү менен жаккан жана ортодогу иштерди ал аркылуу бүткөрүүгө жетишкен. Алар мындан ары көчүп-конуу маршруттарын чектөө жана мүмкүн болсо бири-бирине жакын жайгашпоого милдеттенишкен. Кыргыз элчилери кайтып келгенден кийин, эки тарапта тынчтык орноп, Талас жагындагы кыргыз конуштарын казактардан алысырак жайгаштыруу жөнүндө Эсенкул баатырдын алдында макулдашылган.
Кыязы, бул сүйлөшүүлөр Абылай ханды канааттандырган эмес. Натыйжада, ал 1779-ж. Жети Сууга келгендигин билдирип, өз уулун Кытайга элчиликке жөнөткөн жана кыргыздарга каршы согушууга жардам сурап кайрылган. Ушул эле жылы Абылай өзүнүн уулу Сайдеке аркылуу Синьцзяндагы наместник Илэтуга жиберген катында, коңшулаш ээликтер менен болгон кагылышуулар жөнүндө баяндап, жардам катары 500-600 аскер жиберүүсүн суранган. Мындан кийин тилмеч М. Бекчуриндин 1780-ж. 16 июнунда Н.Г. Огаревго жөнөткөн маалыматтарында, Абылай Кытайга кеткен уулунан кабар күтүп, Ташкенден алты күнчүлүк жердеги Талас суусунун боюнда өргүп жаткандыгы, анын кол алдындагы казактар өз улустарына тарап кеткендиги айтылат.
Бул маалыматтар Абылай хандын кыргыздарга жасаган акыркы чабуулу жөнүндө кабар берет. Окуя 1779-ж. күзүндө же 1780-ж. эрте жазында болгон Абылай хандын ушул чабуулунун учурунда Эсенкул баатыр Үч Алматыдагы жайлоосунан Ак Бешимдеги күздөөсүнө конуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар дагы окуянын күз мезгилинде болгондугун далилдейт. Демек, Абылайдын бул чабуулун алдын-ала эч ким билген эмес. Ал өз колун үч багытка бөлүп, биринчисин Талас тарапка – Садыр баатырды көздөй, экинчисин Олуяата тарапка, үчүнчүсүн Чүйгө – Жайыл баатырдын конушун карай аттандырган. Чабуулдун натыйжасында Садыр уулу менен Абылай хандын колуна түшөт. Жайыл баатыр жеңилип, үч уулу менен туткундалат. Кичүүсү Жоогачтын кийлигишүүсү менен бошотулат.
Катуу соккудан кийин Эсенкул баатыр башында турган кыргыз бийлери акылдашып, Абылай хан менен келишүү керек деген чечимге токтошот. Бул максатта Абылай хандын Түйүшкөндөгү конушуна кайрадан Түлөбердини элчиликке жөнөтүшөт. Барган элчилерди Абылай хан кабыл алып, чыр-чатактын чыгышына себепкер болгон жер жана конуш тууралуу маселени коет. Абылай хан кыргыз менен казактын чеги катары Күйүктүн белин, Кичи Буурул-Чоң Буурул тоолорун көргөзүп, аягы туптуура Түймөкенттен-Таластын суусун кечип, Абылкайырды басып, Курагаттыны жээктеп, Түйүшкөндүн жана Уландын учугун басып, Тескейге түшүп, Ыргайтыга чейинки аймактар аркылуу бөлүнүүгө тийиш деген талабын айтат. Абылайдын сөзүн угуп отурган Түлөберди, «…кыргыздардын каны көп төгүлгөн жер экенин билесиз, чек ошол Чокмордун белинен тартып Иленин Сарытокумуна чейин барып токтосун» деп жооп берген.
Түлөбердинин казактарга элчи болуп барышы жөнүндө маалыматтар Үмөт молдодо да бар: «Түлөберди бийлик кылган, каратмаган, жоого аттанып баатырлык кылмаган. Ол убакта солто деген элди бөлөкбай Байсейит тукумунан Кичибек (Кебек) деген киши билген. Абылай хандын заманы, Абылай ханга ээрчий бармак болгон. Шонда ар ким ар бирөөнү айткан. Кебек Түлөберди баланы жиберелик деген. Шол убакта Түлөберди он жети жашар бала болгон. Ата-энеси бермаган. Шонда Кебек ата энесине баламдын амандыгын сурасын, балам эмес журттун баласы деген сөз менен ата-энеси кабыл алып, солто тарабынан Түлөберди барган. Ташкент казак колунда, жанжколу Кара Байтик деген аким экен. Абылай ханды Ташкенден талкандан башка кыргыз элчилерин беремиз. Сураган Түлөберди аз гана кыргыз деген элбиз. Сиздин фанаңызда тынчылык менен өмүр сүрсөк деген сөзгө хан макул келип, тынччылык берүүгө убада берген. Мындан абийрлүү болуп келген, он тогуз жаштагы Түлөберди орто жүздүн төрөсү Абылмыз ханга элчиге барган. Мындан да абийир тапкан. Жыйырма бир жашында орто жүздүн төрөсү Кудайменде ханга элчиге барган. Мындан да абийир тапкан. Кулаккайсар Кудайменде аталган төрө экен. Түлөбердинин кулагын ушалап, кулагыңды кесейинби? Абылайга бардым, Абылмизге бардым, неге кийин келдиң? –деген, алар ишик кирдим. Төргөнүңө чыктым. Кулак кессең кесерсиң, элчи эл садагасы кулак-баш деген. Бул сөздөрү ханга куп келип, кулагын кое берип, казака түшкөн кыргыздарын колуна берип, казак-кыргыздарды тынчтандырмака жана казака бир аялуу киши үй менен кепилдике кондуруп коюга шарт болгон. Бир жакшы кыз алып берген. ªзүнүн катынылыкка алды деп, Түлөбердини Сирке деген катыны шол Кудайменде деген катын кайтып элине келип, Ак үйлүү дейт экен. Ол убактагы айыл акүйлүү эч ким үй менен барууга көнбөгөн аялуу кишилер баласын да бермеген. Шол убакта Ашкожо деген бала туулган экен. Канай деген баласы энесинин курсагында, өзү көчүп барган казак ругу кери Аржакы бек деген кишинин колунда турган. Кыргыздан мал алып, казак-кыргызга алып берип, кыргыз малын алып казака алып берип, канча жыл тургандыгы маалим эмес. Канай туулуп, тили казакча чыгып, сүйлөп келген дейт» (Үмөт молдонун архивинен көчүрмө. №191, 301-б.).
Түлөберди кайтып келгенден кийин кеңешишип, бир бүтүмгө токтогон кыргыз бийлери Абылай менен тынчтык мамилени бекемдөөгө киришишет. 1780-ж. Абылай хандын алдына сол канаттан Туума бий менен Мама бий; солтодон Кебек бий менен Түлөберди; сарыбагыштан Эсенкул баатыр менен Атаке баатыр, бугулардан Бирназар бий, чекир саяктан Жамболот баатыр менен Качыке баатыр, каба саяктардан Сейит бий менен Келдибек бийлер барып, жер чегин ажыратып келишкен.
Ал чек аранын батышы Күйүктүн бели менен Үч Буурул тоолорун камтып, Түймөкент, Абылкайырдан өтүп, Курагаттынын Чүйгө куйган жери аркылуу Чокмордун кайкысын басып, Илени жээктеп келип, Үч Алматыны камтууга тийиш болгон. Ошону менен, казак-кыргыз чек арасынын башы Үч Алматыдан башталып –түндүгү Иле бою, аягы Чокмордун бели, Курагаттынын Чүйгө куйган жери, батыш жагы Кичи Буурул-Чоң Буурул тоолору, Терс суусу, Күйүктүн бели, Түлкүбаш тоолору чек болуп, Абылай хандын алдында бир бүтүмгө келишет.
Тынчтыктын белгиси дешип, кыргыз-казак чыбыктарын кыркышып, кыргыз тарабы «ак үйлүүгө» Түлөберди бийди көчүрүп беришкен жана мындан аркы кыргыз-казак мамилелерине тийиштүү маселер ал аркылуу чечиле тургандыгы макулдашылган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Иле суусунун жогорку агымындагы жерлердин маселеси козголгон эмес. Мурунку боюнча эле суунун оң тарабы казактарга, сол тарабы кыргыздардыкы болуп кала берген. Бирок, Абылай хандан кийин эки элдин ортосунда толук бейпилдик өкүм сүргөн деп айтуу кыйын. Анткени, Абылайхан жөнүндө Семипалатинск чебинен маалымат топтоп келүүгө 1780-жылдын 16-июнунда барган М. Бекчуриндин көрсөтмөсүндө, өткөн апрель айында Абылай Түркстан шаарында болгондугу жана соодагерлердин айтуусу боюнча азыр Түркстандан кетип, Ташкенден алты күндүк жерде жайгашкындыгы айтылган.
Абылайдын колунда 200дөй гана киши тургандыгы, алардын көбү колго түшкөн түркмөн, калмак, ж.б. туткундар экендиги жана кыргыздар тоодон түшүп келип, казактардан үч жолу жылкы тийип, кол салып кеткендиги белгиленген. Андан кийинки башкыр старшинасы К. Казанбаевдин 1781-жылдын 1-августунда Оренбург губерниясынын канцелериясына берген маалыматында ошол эле кыргыздар Улуу жүздөгү Адил султандын ээлигине кол салып, бир канчасын өлтүрүп жана туткундаганын, эми Абылайхан өлгөндөн кийин мындай иштер казактардан өч алуу катары гана саналарын айткан. Ушуну менен кыргыз-казак башчыларынын сүйлөшүүлөрү аяктап, мындан ары тынчыйлы деп тарашат. Түлөберди казактарга акүйлүү болуп көчүп барып, ортодогу аркандай майда чыр-чатактарды чечип турат. Санжырадагы маалыматтар боюнча Түлөберди көчүп барган мезгилде Эшкожонун төрөлүп калган маалы жана Канай курсактагы бала болот. Түлөберди казактардан Канай төрөлүп, анын тили казакча чыгып, сүйлөп калгандан кийин көчүп келген.
Капитан Андреевдин жазып кеткендери боюнча «алар (казактар –Т.А.) жай мезгилдеринде тоолук кыргыздар менен жайытташ болушуп, бир-бирине эч кандай залал келтиришпейт, бирок, кокустан жаңжал башталып калса, Аягуз жана Каракол сууларын карай (Иленин оң жээги –Т.А.), көчүп, ал тургай Жийде Сууга чейин кирип барышат». Бул жөнүндө 1785-ж. кыргыз-казактын жогорудагы тынчтык келишимин бузган казактын Бердикожо баатырынын өз оозу менен айткандары күбө болот. Анын өз сөзү боюнча «ал Аягуз жана Каракол дарыяларынын боюнда, 18 жыл тоолук кыргыздар менен аралаш турушкан». 1785-ж. май айында анын Чынгызтоого көчүп кетиш себебине «анын болуштугу тоолук кыргыздар менен согушканда наймандардын эч кандай жардам бербей койгону болгон». Демек, Бердикожонун көчүп кетишине анын кыргыздар менен кагылышып турушу себеп болгон. 1785-жылдын 13-июлунда ал Семипалатинск чебиндеги орустарга барганда, иниси Тыс 300 киши менен кыргыздарды тоноймун деп барып, колго түшкөнүн айткан.
Ушундай тарыхый булактарга көз жүгүртүп, жыйынтык чыгарсак, XVIII кылымдын экинчи жарымында кыргыз- казак мамилелеринин татаалдашып кетишине карабастан, чарбалык жана саясий мамилелердин тең укуктуу даражада чечилип турганын көрөбүз. Буларга туруктуу болбосо дагы эки элдин ортосундагы чек ара маселесинин такталышы мисал боло алат. Ушул окуяларда Түлөберди дипломатиянын мыкты үлгүсүн көргөзгөнү талашсыз факт.
Темирбек АСАНОВ,
тарых илимдеринин кандидаты



