Адабий каарман жана мезгил. Мурза Гапаровдун «Кыштакчасындагы» кыялкеч каармандар

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин классикалык адабий жана эпикалык мурастарды кеңири жайылтууга, жаштарда туруктуу руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөгө багытталган мамлекеттик социалдык буюртмасынын «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» долбоорунун алкагында окуялардын чиеленишкен хронологиясына же курч сюжеттик кагылышууларга эмес, каармандардын ички дүйнөсүнө, маанайына, сезимдерине жана айлана-чөйрөнү кыялкеч кабыл алуусуна басым жасаган жазуучу Мурза Гапаровдун «Кыштакча» повестиндеги каармандар дүйнөсүнө кайрылууну эп көрдүк.

 

Оболу, автор тууралуу эки ооз сөз. Адатта, сүрөткер өзүнүн пенделик турмушунда кандай адам болсо, кандай ойлосо, кандай жашоо образы менен жашаса, ал жараткан каармандар куду дал өзүндөй, өзүнө окшош болот. Жазуучу Мурза Гапаров да жан дүйнөсү жарык, кыялкеч, назик, тубаса мырза адам эле. Көп ачылып сүйлөй бербеген (тагыраагы, баарына эле ачылып сүйлөй бербеген), сырдакана адамына гана жүрөгүн ачып салган, “күнөстүү аралчада”, жомоктор дүйнөсүндө жашаган, биз жашаган ааламга адашып келип калган адамдай сезилчү. Анысы кандай, Мурза аке өзү кандай аруу, таза, кир кол менен кармагыс калемгер болсо, дал өзүндөй сезимтал жана кыялкеч каармандардын галереясын түзүп кетти.

«Кыштакча» — кыргыз прозасында адамдын ички дүйнөсүн, анын сезим-туюмун, кыялын жана турмушка болгон жекече мамилесин алдыңкы планга чыгарган лирикалык-психологиялык чыгармалардын бири. «Кыштакча» — кыргыз адабиятындагы психологиялык лиризмдин жана улуттук колориттин өзгөчө үлгүсү.

Повестте жаш адамдын турмуштан өз ордун издөөсү, жан дүйнө жалгыздыгы, сагыныч, өкүнүчү, мезгилдин токтобос агымы тууралуу философиялык ой толгоолор айыл турмушу жана андагы элет адамдарынын карапайым жашоосу менен ажырагыс бир бүтүндүктө берилет. Жазуучу күндөлүк жашоонун көпчүлүк учурда көзгө анча илинбеген көрүнүштөрүн көркөм ойдун деңгээлине көтөрүп, аларга эстетикалык жана философиялык маани берет.

Гапаровдун прозасынын эң башкы бир өзгөчөлүгү — анын тилинин жатыктыгы, элдик сүйлөө интонациясына жакындыгы, түштүк диалектисинин назик колорити жана турмуштук сөздөрдүн табигый колдонулушу. Анын каармандары жасалма, китептик тил менен сүйлөгөн адамдар эмес. Алар өздөрү жашаган чөйрөнүн тили менен сүйлөшөт, мүнөздөрү да кызык, одуракай-бодуракай, өз дүйнө таанымы бар, эч кимге жана эч нерсеге түздөнүп жашабаган жашоо образы менен жашашат.

Гапаровдун каармандары — жашоонун ар кандай кырдаалдарында да жашоону сүйүп, жаркын нерсени көрө билген, сезимтал, кыялкеч, күнөстүү ажайып аралда, кыялдар дүйнөсүндө жашаган, ички дүйнөсү аруу жаштар жана элеттик карапайым адамдар. Ошондон улам го, жазуучу үчүн окуянын өзүнө караганда каармандын ошол окуяга болгон ички толгонуусу, психологиялык абалы автор үчүн башкы орунда турат.

Повестте алыскы бийик тоолордун арасында унутта калган кыштакчанын жай турмушу сүрөттөлгөн. Ошол жай турмуштагыдай эле андагы каармандар да ошол кыштакчанын карапайым адамдары. Бир караганда, алардын турмушунда эрдиктин, же катардагы каармандыктын белгилери жана окуялары жок. Баягы эле элет айылына мүнөздүү жай турмуш. Антсе да адамдардын ортосундагы бири-бирине болгон аеолуу мамиле, адамгерчилик, пакизалык алдыңкы планга чыгып, арзыган адамына болгон сагыныч, кусалык, туулган жерге берилгендик, адамды түшүнө билүү, эмгекчилдик, мээрим, жоопкерчилик сыяктуу түшүнүктөргө басым жасалат. А мунун өзү бардык замандарга, бардык элдерге мүнөздүү нерсе. Кайсы доор, кайсы мамлекеттик түзүлүш болбосун, адамдык мамилелер жашоонун өзөгүн түзүп турат, адам жашоосу адамгерчилик мамилелер менен баалуу. Мурза Гапаров да каармандардын ички сырдуу дүйнөсүнө, маанайына, аруу сезимдерине өзгөчө басым жасайт жана ал мамилелерди тоолуу айыл турмушунун алдыңкы планына алып чыгат.

Мурза Гапаровдун чыгармачылык тагдырында Памир темасынын өзгөчө орду бар. Ал жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Мургаб районунда мугалим болуп иштегендиктен, «Кыштакчаны» Гапаровдун жеке турмушунун түз көчүрмөсү эмес, жашоо тажрыйбасы көркөм ой жүгүртүү аркылуу кайра иштелип чыккан чыгарма катары кароо туура.

Повестте окуялар жай, лирикалык маанайда өнүгөт. Сюжетте каармандардын курч тирешүүсү же чоң социалдык конфликт жок. Конфликт көбүнчө каармандардын ички дүйнөсүндө өтөт. Бул –

кыял менен реалдуулуктун ортосундагы ажырым; адамдын ички каалоосу менен жашоо шарттарынын ортосундагы карама-каршылык; жалгыздык менен адамга болгон муктаждыктын кармашы; сагыныч менен азыркы учурдун ортосундагы ички чыңалуу; жаңы дүйнөгө умтулуу менен туулган жерге болгон байланышты сактоо маселеси.

Мына ушундай ички карама-каршылыктар аркылуу каармандын психологиялык портрети ачылат.

«Кыштакчанын» каармандары кастарлаган, кир кол менен кармагыс ыйык санаган нерсе – бул адамгерчилик. Адамгерчилик идеясы чыгарманын башынан аягына чейин кызыл сызык менен өтөт жана баары адамгерчилик алдында баш ийишет жана түздөнүшөт. Адамгерчилик – карама-каршылыктар менен эмес, айылдагы жөнөкөй турмуштук жүрүм-турум, бири-бирине болгон назик мамиле, улууну сыйлоо, кичүүнү аяп-кечирүү жана жаратылыш менен таза жашоо аркылуу даӊазаланат.

Андай болгондо, “Кыштакчадагы” каармандар кандай адамдар? Эгерде каармандардын жалпы моралдык-психологиялык портретин жалпыласак, алар – ички дүйнөсү таза, аруу адамдар: Аларда ичи күйдүлүк, көрө албастык, кастык же куулук сыяктуу терс сапаттар жок. Алар өздөрүн курчап турган Памир тоолору, таза аба, дарактар жана дарыялар менен бир бүтүндүктө жашашат. Алар иралды улуттук нарк-насилди кармангандар. Аларга тартипке чакырган милиция же соттун кереги жок, анткени аларды улууну сыйлоо, кичүүнү аяп-кечирүү жана абийир сыяктуу жазылбаган элдик мыйзамдар башкарып турат. Алар атак-даӊктын же байлыктын артынан куубай, күнүмдүк жөнөкөй тиричиликтен жана бири-бирине болгон аруу мамиледен бакыт таба алышат.

Бир сөз менен айтканда, «Кыштакчанын» каармандары — бул адамзат жоготуп бараткан адеп-ахлактык тазалыктын, аруулуктун жана жөнөкөйлүктүн үлгүсү.

Айыл карылары, аксакалдар – булар ата-бабалардан калган каада-салтты, ыйманды жана адеп-ахлакты сактап келген улуу муун. Алар токтоо, сабырдуу, сөздү аз сүйлөп, орду менен айткан, жашоого кеңири караган акылман инсандар. Алардын образы аркылуу Памир тоолорунун заңкайган улуулугу жана кыргыз элинин меймандос, нарктуу мүнөзү ачылат. Аксакалдар ашыкча сөз сүйлөбөйт, ар бир сөзүн таразалап, кадырын билип сүйлөйт. Бул деталь алардын ички маданиятын, турмуштук тажрыйбасын жана башкаларга болгон сый-урматын көрсөтөт.

Айылдык аялдар жана кыздардан коломто отун өчүрбөгөн энелер жана айылдын көркү болгон аруу кыздардын образын көрөбүз. Алардагы касиет – жөнөкөйлүк, уяңдык, сүйкүмдүүлүк жана мээримдүүлүк. “Кыштакчадагы” аялзаты — үйдүн куту, моюн сунуунун, сабырдуулуктун жана аруу сезимдердин үлгүсү. Аялдардын оор айыл турмушуна наалыбай, коломто отун өчүрбөй, балдарына мээрим төккөнү — кыргыз аялдарына мүнөздүү улуттук бийик нарк. Үй-бүлөлүк очокту жана наркты сактоо аялзатынын гана колунан келет.

Адамгерчиликтин уӊгусун түзгөн меймандостук жана камкордук – айылга келген бөтөн же жаш адамды бөлбөй, жылуу каршы алуу, алдына ак дасторкон жайып, чай сунуудан көрүнөт. Меймандостук — бул жөн гана салт эмес, адамдык улуу нарк.

«Кыштакчанын» баш каарманы Акун — кыял менен чындыктын ортосундагы каарман жана чыгарманын идеялык-психологиялык өзөгүн түзгөн образ. Акун — жогорку окуу жайын жаңы бүткөн, шаардык чөйрөдөн Памирдин бийик тоолуу аймагына келген жаш мугалим. Ал айлана-чөйрөгө жана адамдарга кайдыгер, жөнсалды эле мамиле жасабайт, ал өз жашоосундагы адамдарды, окуяларды чын жүрөгү жана сезим аркылуу кабыл алат. Түшүнүүгө жана тегерегиндегилерди өзгөртүүгө аракет кылат, өзү да айланасына карап өзгөрөт. Ошондуктан анын образы аркылуу окурман кыштактын сырткы көрүнүшүн гана эмес, анын ички атмосферасын да тааныйт.

Акун жергиликтүү элдин Памирдин катаал шартына көнүп калганын да түшүнүүгө аракет кылат. Бирок башында бул дүйнө ага жат сезилет. Узакка созулган суук, бир калыптагы жай турмуш, жай тиричилик, алыстык жана обочолонуу анын ички бук болушун күчөтөт. Ал шаарды, өзүнө жакын адамдарды, өткөн күндөрдү сагынат. Мына ошонун баары Акун менен Памирдин ортосундагы карама-каршылыкты пайда кылат, чыгарманын ички конфликтине айланат. Акун Памирден кеткиси келет. Бирок ошол эле учурда бул жердеги адамдардын дүйнөсүнө акырындап жакындай баштайт. Башкача айтканда, анын ички кыймылы — жат чөйрөдөн өзүнүкүнө карай жасалган руханий жол.

Акундун мүнөзүн ачкан эң маанилүү эпизоддордун бири — анын үйүн акташы. Акун эриккенинен өзү жашаган үйдү актап салат. Бул сыртынан караганда жөн гана күнүмдүк тиричиликтеги кадыресе иш сыяктуу. Бирок Гапаровдун көркөм дүйнөсүндө мындай көрүнүш эч качан жөн гана көрүнүш бойдон калбайт. Акун үйүн актап бүткөндөн кийин балдар менен тезек терип жүргөндө, алардын бири:

«Карагыла! Акун агайдын үйү ак паровозго окшоп калыптыр!» — деп кыйкырат.

Чыгармадагы ушул чакан эпизод абдан чоң көркөм мааниге ээ.

Кыштактагы бопбоз үйлөрдүн арасынан ак үй дароо айырмаланып турат. Баланын көзү аны жөн гана үй катары эмес, паровоз катары көрөт. Ошентип, турмуштук реалдуулук баланын фантазиясында өзгөрүп, кыял дүйнөсүнө айланат. Ошентип, «ак поезд» кыялдын, кыймылдын, өзгөрүүгө болгон умтулуунун символдук белгисине, келечек жөнүндөгү кыялына айланат. Балдар ошол поездге түшүп алып, Африкага, Фрунзеге, жылуу жактарга кетүүнү кыялданышат.

Бул эпизод Акундун өзүнүн да мүнөзүн ачат. Ал боз чаңгыл чөйрөнүн ичинде актыкты, жарыкты, өзгөчөлүктү жаратууга аракет кылат. Үйдү актоо — анын ички дүйнөсүндөгү сулуулукка болгон муктаждыктын сырттагы көрүнүшү сыяктуу.

Ушул эле жерде көркөм деталь менен символдун байланышы айкын көрүнөт. Ак үй — реалдуу обьект. Ал эми балдардын көзүндө ал кыялга айланган «ак поезд». Гапаров реалдуу нерсени символдук мааниге ушундайча көтөрөт.

Акун окуучуларын тезек терүүгө алып барышы да анын педагогдук мүнөзүн ачкан маанилүү деталь. Ал балдарды мектепте гана окутпайт. Алар менен бирге эмгектенет, алардын дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кылат. Демек, Акун даяр акыл үйрөткөн мугалим эмес, өзү да жашоодон үйрөнүп жаткан жаш адам.

Анын балдар менен болгон мамилеси аркылуу педагогикалык образы да тереңдейт. Ал балдарга билим гана бербестен, алардын кыялына, дүйнө таанымына таасир этет. Ошол эле учурда балдар да ага таасир берет. «Ак поезд» тууралуу балдардын кыялы Акундун өзү жашаган дүйнөгө башкача көз менен кароосуна шарт түзөт.

Акундун образы аркылуу чыгармада ошол мезгилдеги жаш интеллигенттин ички дүйнөсүнүн айрым өзгөчөлүктөрү көрүнөт.

Ал жаңы билим алган жаш муундун өкүлү. Бирок анын билимдүү болушу аны жашоонун бардык суроолоруна даяр жооп тапкан адамга айландырбайт. Тескерисинче, билимдүү болгону менен ал өзүнүн ички суроолору менен көбүрөөк жалгыз калат.

Акун идеализацияланган, кемчиликсиз каарман эмес. Ал тажайт, куса болот, жаңылышат, түшүнбөй калат, кээде өзүнө да жооп таба албайт. Дал ушул касиети анын образын жандуу жана ишенимдүү кылат.

Советтик доордун адабиятында көп кездешкен даяр идеологиялык үлгүдөгү «үлгүлүү каармандан» айырмаланып, Акун ички дүйнөсү карама-каршылыктуу, өзүн издеген тирүү адам катары көрүнөт. Бирок муну түздөн-түз идеологияга каршы коюлган образ катары эмес, каармандын ички дүйнөсүн биринчи планга чыгарган көркөм принциптин көрүнүшү катары караганыбыз жөн.

Акундун Памирдеги жашоосу анын дүйнө таанымын акырындык менен өзгөртөт. Башында ал бул жердин катаалдыгынан качкысы келет. Бирок убакыт өткөн сайын тоо элинин жашоо философиясын, алардын чыдамкайлыгын, туулган жерге болгон байланышын көрө баштайт.

Ошентип, Акун үчүн Памир бара-бара жөн гана кызмат өтөп жаткан жер эмес, адамдын өзүн таанып-билүүсүнө себеп болгон руханий мейкиндикке айланат. Бул жагынан алганда депутат Маман менен Акундун диалогу өзгөчө мааниге ээ.

Памирдин катаал шартынан тажаган Акун: «Эмне үчүн ушу каргыш тийген Памирди таштап, башка жакка көчүп кетпейсиңер?» — деп сурайт. Маман ага ачууланбайт. Жөн гана: «Билбейм… Бирок мен эмне үчүн бул жерди таштап кетишибиз керек экенин да билбейм», — деп жооп берет.

Бул жөнөкөй жооптун ичинде чоң дүйнө жатат. Беш жыл шаарда окуган Акун үчүн мекен – бул ыңгайлуу шарт, жылуу шаар, жакшы турмушка айланган. Ал эми Маман үчүн мекен — адамдын төрөлгөн жери, ата-бабанын конушу, көнгөн дүйнөсү. Анын мекен менен байланышы күнүмдүк жашоосунун өзүндө, жашоо маңызында турат.

Ушул жагынан Маман менен Акун бири-бирин толуктап турат. Акун — мекенди кайрадан таанып келе жаткан адам. Маман — мекенди эч качан өзүнөн бөлүп карабаган адам.

Демек, алардын диалогу чыгармадагы эки башка дүйнө таанымдын кагылышы эмес, эки башка тажрыйбанын жолугушуусу катары маанилүү. Акун суроо берет. Маман жооп бербегендей жооп берет. Бирок ошол жооп Акунга көп нерсени түшүндүрөт.

«Кыштакчадагы» мекенчилдик Памирдин суугуна чыдап, мал багуу, балдарды окутуу, жаңы төрөлгөн козуларды жылуулоо, оор шартта жашоону улантуу. Булардын баары мекенге берилгендиктин турмуштук көрүнүштөрү.

Жазуучу Ата Журтту сүйүү — аны сөз менен даңазалоо гана эмес, анын ысык-суугуна чыдап, өз милдетиңди адал аткаруу экенин каармандардын жашоосу аркылуу көрсөтөт. Мына ушул жерде мекенчилдик түшүнүгү адамгерчилик менен биригет.

Повесттеги дагы бир маанилүү каарман — Паиз. Ал сабакты начар окуган бала. Бирок анын окуудагы жетишкендиги анын адамдык сапатын өлчөй албайт. Балдар Акундун ак үйүн «ак поездге» окшоштуруп, ар кайсы жактарга кетүүнү кыялданышканда, Паиз өзүнүн башка жакка кетпей турганын айтат. Анын себеби — Толубай мергендин кызы Карачачтын тагдыры. Бул жерде Гапаров адамдын наркын билимдин формалдуу көрсөткүчү менен өлчөбөйт. Сабактан начар окуган бала моралдык жактан аруу, жан дүйнөсү таза, ой жүгүртүүсү кенен. Паиздин образы аркылуу автор адамдын ички жетилүүсү менен окуудагы жетишкендигинин ортосунда дайыма эле түз байланыш боло бербесин көрсөтөт.

Толубай мергенчинин кызына (Карачачка) байланыштуу айың кеп чыкканда да, Паиз өзүнүн жаштыгына карабай жоопкерчиликти, камкордукту өз мойнуна алат. Бул — чоңдорго мүнөздүү болгон, ички тазалыктан жана асылдыктан жаралган адамгерчиликтин туу чокусу. Ошону менен катар адамгерчилик ата журтту сүйүү менен коштолот. Чыгармада Ата Журтту сүйүү өз жеринде калып, анын ысык-суугуна чыдап, адал эмгек кылуу. Башкалар башка жакка кетүүнү кыялданышканда да, Паиз сыяктуу каармандар өз айылында калып, өз элине, жакындарына тирек болууну тандашат. Албетте, Паиз начар окуйт, бирок кеп анын начар окуганында эмес. Анын жашоого, мекенге болгон көз карашынын, сезиминин кеңдигинде.

Ошентип, Акун — кыялдын, изденүүнүн жана ички жалгыздыктын өкүлү болсо, Паиз — жоопкерчиликтин, берилгендиктин жана адамдык милдеттин өкүлү болуп көрүнөт.

«Кыштакчада» Памирдин жаратылышы каармандардын руханий дүйнөсүн аныктаган чөйрө. Тоо — бийиктик менен туруктуулуктун белгиси. Суук — адамдын чыдамкайлыгын сынаган күч. Алыстык — жалгыздыктын сезимин күчөткөн мейкиндик.

Гапаровдун прозасынын күчү мына ушунда: ал жаратылышты сүрөттөп жатып, адамдын ички дүйнөсүн да кошо сүрөттөйт. Жазуучунун чыгармачылыгына мүнөздүү нерсе — жөнөкөй турмушту эстетикалык деңгээлге көтөрүү. Анын каармандарынын көпчүлүгү атактуу адамдар эмес. Алар — мугалим, койчу, бала, айылдык аял, аксакал, жөнөкөй тургундар. Бирок жазуучу ушул карапайым адамдардын күнүмдүк жашоосунан адамдык чоң маанини табат. Ошондуктан Гапаровдун каармандарынын галереясын «чоң окуялардын каармандары» эмес, ички дүйнөсү чоң адамдардын галереясы деп атоого болот.

Жазуучу адамдын асылдыгын анын коомдогу даражасынан эмес, мамилесинен издейт. Кимдир бирөөнүн мейманга чай сунганы, бирөөнүн карып калган адамды сыйлаганы, койчунун жаңы туулган козуну жылытканы, баланын ак үйдү поездге окшоштурганы — баары өзүнчө чакан окуя. Бирок ушул майда көрүнүштөрдүн жыйындысынан чыгарманын чоң гуманисттик идеясы түзүлөт.

Гапаровдун стилистикасында көркөм деталь, лирикалык пейзаж, психологиялык сүрөттөө жана подтекст өз ара тыгыз байланышта.

Ошондуктан анын прозасын окуганда сюжетти гана эмес, сөздүн артындагы маанини да байкоо зарыл.

Жыйынтыктап айтканда, чыгармадагы каармандардын ар бири өзүнчө мүнөзгө ээ болгону менен, баарын бириктирип турган нерсе — адамдык аруулук. Ал адамдык бийиктикти күнүмдүк жашоонун майда көрүнүштөрүнөн табат. Бул чыгарманын бир баалуулугу болсо, «Кыштакчадагы» кыялкечтик адамдын оор шартта да сулуулукту, мээримди, жакшылыкты жана келечекти көрө билүү жөндөмү. Мурза Гапаровдун каармандары дал ушул касиети менен да баалуу. Алардын дүйнөсүндө чоң тарыхый окуялар болбошу мүмкүн. Бирок алардын жүрөгүндө чоң адамдык тарых бар. Ал тарых — туулган жерди сүйүүнүн, адамды түшүнүүнүн, жоопкерчиликти сезүүнүн, сагынуунун, кыялдануунун жана кандай гана мезгил болбосун ички тазалыкты сактап калуунун тарыхы. Мына ошондуктан «Кыштакча» бүгүн да окурманга жакын. Анткени мезгил өзгөрөт, турмуш өзгөрөт, адам жашаган чөйрө өзгөрөт. Бирок адамдын ички дүйнөсүндөгү сүйүү, сагыныч, кыял, мээрим жана мекенге болгон байланыш сыяктуу сезимдер өзгөрбөйт. Гапаровдун каармандарынын өмүрү ошол өзгөрбөс адамдык чындыкты көркөм түрдө туюндуруп турат.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»