Башкы беткеЭкономикаШыкмаматов 338,2 млрд сом салык жыйналганын жана санариптештирүүгө өтпөгөн жетекчилерди жумуштан кетээрин...

Шыкмаматов 338,2 млрд сом салык жыйналганын жана санариптештирүүгө өтпөгөн жетекчилерди жумуштан кетээрин айтты

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын он айында бюджетке 338 млрд 222 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул көрсөткүч белгиленген пландан ашып, өсүү темпи 138%ды түздү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүчтөр Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун жетекчилиги алдында өткөн аппараттык жыйында айтылды.

Ошол эле учурда айрым аймактарда салык чогултуу планы аткарылбай жатканы белгиленди. Тактап айтканда, Тоң, Түп, Жумгал, Москва, Кара-Буура, Аксы жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Токмок, Сүлүктү жана Таш-Көмүр шаарларында белгиленген көрсөткүчтөргө жетишилген эмес.

Ведомствонун башчысы муну санариптик реформалардын талаптагыдай ишке ашпай жатканы менен байланыштырды. Буга чейин аймактык салык башкармалыктарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары арасында заманбап санариптик кызматтарды колдонуу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында айрым жетекчилер жаңы системаларды өздөштүрбөй, мурдагы ыкма менен иштеп жатканы аныкталган.

Жыл аягында бул багытта кайрадан текшерүү өткөрүлүп, санариптик ресурстарды өздөштүрбөгөн жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлөрү айтылды.

«Салык кызматы санариптештирүү боюнча биринчи орунда турушу керек. Бизде натыйжалуулугун көрсөткөн бардык модулдар жана инструменттер бар. Тартипти сактабаган, жаңы технологияларга өтпөгөн жетекчилерди же тарбиялайбыз, же алар башка жумуш издешет», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Жыйындын соңунда салык системасын өнүктүрүү үчүн аткаруучулук тартипти күчөтүү жана аймактык бөлүмдөрдүн ишин толук автоматташтыруу зарылдыгы белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар