Башкы беткеКоомОшто унаа базары эки жылга 326 млн сомго ижарага берилет

Ошто унаа базары эки жылга 326 млн сомго ижарага берилет

Ош шаарынын мэриясы Жапалак айылындагы “Ош унаа базарын” убактылуу ижарага берүү боюнча аукцион жарыялады.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына ылайык, аукционго Көкүм-Бий көчөсүнүн №95А/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 125 миң чарчы метр жер тилкеси коюлду. Анын үстүндөгү административдик имараттар жана ашканалар да ижарага берилет.

Ижаранын баштапкы баасы 326 млн 383 миң 200 сомду түзөт. Мөөнөтү — эки жыл. Жер тилкесин автоунаа сатуу базары катары гана пайдаланууга уруксат берилет.

Аукционго катышууну каалагандар документтерин Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырышы керек.

Арыздар кулактандыруу мэриянын расмий сайтына жана «Ош шамы» гезитине жарыяланган күндөн тартып 29 календардык күн ичинде кабыл алынат. Аукцион 30 күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар