Башкы бетке∅Бишкекте эки экологиялык акциянын алкагында 202 көчөт отургузулду

Бишкекте эки экологиялык акциянын алкагында 202 көчөт отургузулду

Бишкек шаарында бак-дарактарды отургузууга багытталган эки экологиялык акция өткөрүлдү.

Мэриянын маалыматына караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень көчөтү отургузулду. Иш-чарага шаардык активисттер жана жаштар катышты.

Ал эми Тоголок Молдо атындагы скверде өткөн акциянын алкагында катальпа жана ясень дарактарынын 138 көчөтү тигилди. Ага дарыгер-онкологдор, онкологиялык оорудан айыккан аялдар жана учурда дарыланып жаткан бейтаптар катышты.

Белгилей кетсек, Тоголок Молдо атындагы сквер жакында реконструкциядан өткөн. Аны көрктөндүрүү иштери жаш ишкерлердин демилгеси менен жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар