Бишкек шаарында бак-дарактарды отургузууга багытталган эки экологиялык акция өткөрүлдү.
Мэриянын маалыматына караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень көчөтү отургузулду. Иш-чарага шаардык активисттер жана жаштар катышты.
Ал эми Тоголок Молдо атындагы скверде өткөн акциянын алкагында катальпа жана ясень дарактарынын 138 көчөтү тигилди. Ага дарыгер-онкологдор, онкологиялык оорудан айыккан аялдар жана учурда дарыланып жаткан бейтаптар катышты.
Белгилей кетсек, Тоголок Молдо атындагы сквер жакында реконструкциядан өткөн. Аны көрктөндүрүү иштери жаш ишкерлердин демилгеси менен жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

