“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Мааракеге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, тарыхчылар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле саясий репрессиялардын курмандыктарынын урпактары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө комплекстин түзүлүү тарыхына арналган көргөзмө уюштурулуп, даректүү тасма жана үч сериядан турган анимациялык фильм көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, “Ата-Бейиттин” 35 жылдык тарыхы, анын алдындагы Илимий борбордун ишмердүүлүгү жана тарыхый экспозициялар тууралуу баяндамалар жасалды. Анда Үркүн окуялары, саясий репрессиялар, Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, Апрель окуялары жана Баткендин тарыхы камтылды.
Ошондой эле Үркүн окуяларына жана тарыхый эс тутумга арналган «Ажар» анимациялык тасмасы көрсөтүлдү. Анда куугунтукка кабылган аялдардын тагдыры чагылдырылган.
Иш-чаранын соңунда комплекстин өнүгүшүнө жана ишмердүүлүгүнө салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

