Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана Данияр Толонов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында курулуп жаткан жана алдыда ишке ашырылышы пландалган ири инфраструктуралык долбоорлорду көрүп чыгышты.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы Жанарбек Акаев эл өкүлдөрүнө жол-транспорт тармагын өнүктүрүү, жаңы социалдык объектилерди куруу жана шаардагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Депутаттар алгач «Достук» айлампасында курулуп жаткан заманбап транспорттук түйүн менен таанышты. Долбоордо төрт пандус, сегиз тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн куруу каралган. Бул иштер унаа тыгындарын азайтып, жол кыймылын жөнгө салууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Ошондой эле алты тилкелүү Б. Осмонов көчөсүндөгү иштер, А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун абалы каралды.
Мындан тышкары, мэр Жанарбек Акаев заманбап «Ош Арена» спорттук-маданий комплексинин курулушу башталарын билдирди. Жаңы комплекс спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталат.
Ал эми депутаттар шаардагы инфраструктураны жаңылоо жана заманбап спорттук объектилерди куруу Ошту өнүктүрүүдөгү маанилүү иштер экенин белгилешти.

