Кыргызстан Өзбекстандын Андижан шаарында Башкы консулдук ачат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта айтылат. Документке ылайык, жаңы дипломатиялык өкүлчүлүктүн консулдук округуна Өзбекстандын Андижан, Фергана жана Наманган облустары кирет.
Башкы консулдуктун негизги милдети — Өзбекстанда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле аларга консулдук кызматтарды көрсөтүү.
Мындан тышкары, жаңы өкүлчүлүктүн ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетине Башкы консулдукту ачууга байланыштуу уюштуруу жана каржылык маселелерди чечүү, ошондой эле тиешелүү ченемдик укуктук актыларды документке ылайык келтирүү тапшырылды.
Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

