Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдеп, ата мекендик ишканалардын продукциясын орус рыногуна чыгаруу маселесин талкуулады.
Бул багытта Москва шаарында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.
Жолугушууда кыргызстандык ишканалардын продукциясын Россияга экспорттоого уруксат алуу үчүн сертификациялоо иштерин кайра жандандыруу маселеси негизги орунда турду. Тараптар бул багыттагы мындан аркы кадамдарды жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.
Мындан тышкары, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү, мал ылаңдарынын алдын алуу, Россияда өндүрүлгөн ветеринардык дары-дармектерди жана иммунобиологиялык препараттарды Кыргызстанга жеткирүү маселелери каралды. Ошондой эле аларды колдонуу боюнча илимий жана консультациялык колдоо көрсөтүү тууралуу сөз болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.


