Стамбул шаарында VI «Коркут Ата» Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалынын алкагында «Түрк дүйнөсүнүн кино саммити» өттү.
4-ноябрда уюштурулган иш-чарада Кыргызстандын делегациясы улуттук кинематографиянын өнүгүшү, жетишкендиктери, эл аралык долбоорлору жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков өлкөнүн кино тармагындагы жетишкендиктери жана келечектеги кызматташтыктын багыттары боюнча баяндама жасады.
Саммитке кыргызстандык режиссёрлор жана кино тармагынын өкүлдөрү да катышты. Анда кыргыз киноиндустриясынын мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу, түрк дүйнөсүндөгү кесиптештер менен чыгармачылык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.
Иш-чаранын негизги максаты — түрк мамлекеттеринин ортосунда кино тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашыруу.


