Бишкек шаарынын тургундары көчөлөрдүн өзгөртүлгөн аталыштарын жана үйлөрдүн жаңы номерлерин эми интернет аркылуу биле алышат. Бул үчүн мэриянын «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы e-meria.kg порталында атайын кызматты ишке киргизди.
Жаңы кызмат аркылуу даректи текшерүү үчүн e-meria.kg сайтына кирип, «Даректи текшерүү» бөлүмүн ачуу керек. Андан соң издөө сабына көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин жазсаңыз, система жаңыланган даректи көрсөтөт.
Мэриянын маалыматына ылайык, бул кызмат тургундардын убактысын үнөмдөп, көчөлөрдүн жаңы аталыштарын жана үй номерлерин оңой табууга шарт түзөт.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы №89 токтомунун негизинде борбор калаадагы 18 көчөнүн аталышы өзгөртүлгөн.


