Башкы беткеМаданият"Айтматов" тасмасы Стамбулда өткөн "Коркут Ата" кинофестивалын ачты

“Айтматов” тасмасы Стамбулда өткөн “Коркут Ата” кинофестивалын ачты

Стамбулда өткөн VI “Коркут Ата” Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалы кыргыз режиссёру Каныбек Калматов тарткан “Айтматов” көркөм тасмасы менен ачылды.

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 3-ноябрда өтүп, ага түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү, режиссёрлор, актёрлор катышты.

Ачылыш аземинде Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев сөз сүйлөп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасынын дүйнөлүк адабияттагы ордуна токтолду. Ошондой эле түрк элдерин бириктирген орток маданий баалуулуктардын маанисин белгиледи.

Көрүүчүлөргө сунушталган “Айтматов” тасмасында залкар жазуучунун балалык чагы, өмүр жолу, чыгармачылыкка келиши жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы баяндалат.

Иш-чарага тасмада Чыңгыз Айтматовдун апасынын жана атасы Төрөкул Айтматовдун образдарын жараткан актёрлор Арина Исакова менен Абылай Марат уулу да катышты.

Кыргызстандык делегациянын фестивалга катышуусу улуттук кинематографияны чет өлкөлөрдө таанытууга жана түрк дүйнөсүнүн кино өкүлдөрү менен чыгармачылык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

VI “Коркут Ата” Түрк дүйнөсүнүн кинофестивалы 7-ноябрга чейин уланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар