Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун эки түзүмүнүн жетекчилери менен аймактык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушуу 4-ноябрда Бишкектеги №1 мамлекеттик резиденцияда Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) Экономикалык форумунун алкагында өттү.
Ага БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы Татьяна Молчан катышты.
Тараптар аймактык экономикалык интеграцияны чыңдоо, транспорттук байланыштарды жана логистиканы өнүктүрүү, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү үчүн маанилүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карашты.
Адылбек Касымалиев СПЕКАнын Көп тараптуу максаттуу фондунун биргелешкен демилгелерди ишке ашыруудагы маанисин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн өз ара кызыкчылыгына жооп берген долбоорлорго БУУнун түзүмдөрүнүн активдүү катышуусуна кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде Армида Салсия Алишахбана менен Татьяна Молчан белгиленген багыттар боюнча Кыргызстан менен кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар БУУнун ЕЭК жана ЭСКАТО уюмдары менен кызматташуу аймактык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди иш жүзүнө ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишеним артышты.


