Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркиянын Анталья шаарында өтүп жаткан COP31 климаттык саммитинде өлкөнүн улуттук билдирүүсүн жасады.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандын кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттык туруктуулукту чыңдоо жана глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча иштерине токтолду.
Өкмөт башчы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөргө бөлүнүп жаткан эл аралык каражат жетишсиз экенин белгиледи. Ошондой эле 2035-жылга карата климаттык каржылоону жыл сайын 1,3 триллион долларга жеткирүү жана адаптациялык чараларга бөлүнгөн каражатты үч эсеге көбөйтүү боюнча макулдашууларды колдой турганын билдирди.
Мындан тышкары, климаттык каражаттарды алууну жеңилдетип, административдик тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын айтты.
Касымалиев өз сөзүндө Ысык-Көлдү сактоо маселесине да өзгөчө көңүл бурду. Ал президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 22-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында көлдү сактоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүү демилгесин көтөргөнүн эске салды. Кыргызстандын бул фондго алгачкы салымы 10 миллион долларды түзөрүн белгилеп, эл аралык уюмдарды, донор өлкөлөрдү жана жеке секторду демилгени колдоого чакырды.
Ошондой эле Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагында тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жыл сайын диалог өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул багытта тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борбор түзүү демилгеси да көтөрүлдү.
Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев эл аралык коомчулукту 2027-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Ал тоо экосистемаларын жана криосфераны сактоо жалпы эл аралык жоопкерчилик экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, COP31 климаттык конференциясына 190дон ашуун өлкөнүн делегациялары, анын ичинде 102 дүйнөлүк лидер катышууда.

