Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкек ЖЭБинин кышка даярдыгы талкууланып, жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилди

Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгы талкууланып, жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкек жылуулук электр борборунда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинин өтүшүнө байланышкан маселелер боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын алдында Эрлист Акунбеков ЖЭБдин өндүрүштүк жайларын кыдырып, негизги жана көмөкчү жабдуулардын абалы, ишкананын ишмердүүлүгү жана технологиялык процесстер менен таанышты.

Ишкананын жетекчилиги станциянын жабдууларынын иштөө режими, отун запасы жана электр энергиясына болгон жүктөм көбөйгөн учурда үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Жыйында энергетика тармагынын кышка даярдыгы, электр энергиясын өндүрүү кубаттуулуктарынын ишенимдүүлүгү жана керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери каралды. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана энергетикалык объектилердин туруктуу иштешин камсыздоо талкууланды.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жылытуу мезгилинде энергетикалык объектилердин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, жабдуулардын техникалык абалына көзөмөлдү күчөтүү, отундун жетиштүү запасын түзүү жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тапшырмаларды берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар