Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте курулуштун сейсмикалык туруктуулугу боюнча эл аралык форум өттү

Бишкекте курулуштун сейсмикалык туруктуулугу боюнча эл аралык форум өттү

Бишкекте «Борбордук Азия — Кытай» форматындагы курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында курулуш коопсуздугу, сейсмикалык туруктуулук жана заманбап технологиялар боюнча эл аралык форум өттү.

Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекеттик органдарынын, илимий мекемелеринин жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Форумда жер титирөөгө туруктуу имараттарды куруу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу, шаар куруу жана курулуш тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды. Катышуучулар өз өлкөлөрүндөгү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жана жаңы инженердик чечимдер тууралуу маалымат беришти.

Талкууда жер титирөө коркунучу жогору аймактарда курулуштун коопсуздугун камсыздоо, сейсмикалык тобокелдиктерди азайтуу жана имараттардын туруктуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында Казакстандын «КазНИИСА» акционердик коому менен Кыргызстандын Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун ортосундагы кызматташтык меморандумунун мөөнөтү узартылды.

Мындан тышкары, курулуш тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар уюштурулду. Ага мамлекеттик органдардын, курулуш компанияларынын жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форум Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын курулуш тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар