Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин көрсөттү. Ал 12-ноябрда өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.
Аны менен кошо президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, арыз бергендердин саны 11ге жетти.
БШК талапкерлерден арыздарды бүгүн, 12-ноябрда, түн ортосуна чейин кабыл алат.

