Башкы беткеКоомӨлкөдөгү негизги ашууларда жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө

Өлкөдөгү негизги ашууларда жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө

13-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:45ке карата Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында жол ачык болуп, унаалар үзгүлтүксүз каттап жатат.

Ал эми Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда да абал туруктуу.

Министрликтин жол кызматкерлери автожолдорго көзөмөл жүргүзүп, коопсуздукту камсыздоо иштерин улантууда.

Ошондой эле айдоочуларга аба ырайын эске алуу, жол эрежелерин сактоо жана ылдамдыкты азайтуу сунушталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар