Кыргызстандын үч аймагында чек ара кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө арналган жаңы объекттер пайдаланууга берилди. Тактап айтканда, Каракол шаарында 60 орундуу бала бакча, Ош облусунун Кара-Суу районунда чек ара посту жана Чоң-Алай районунда 20 батирлүү турак үй ачылды.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, объекттердин ачылыш аземи 13-ноябрда өттү. Караколдогу «Эркетай» бала бакчасынын ачылышына Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов катышты. Ал эми Ош облусундагы эки объект онлайн режиминде ачылды.
«Эркетай» бала бакчасы үч топко ылайыкталып, ар бирине 20дан бала кабыл алынат. Анда оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу бөлмөлөр, музыка классы, ашкана жана балдар үчүн үч оюн аянтчасы бар. Бала бакчанын курулушу 2026-жылдын апрелинде башталган. Анын ишке кириши чек арачылардын 60 баласын мектепке чейинки билим берүү менен камсыздайт.
Ал эми Кара-Суу районундагы «Ынтымак» чек ара заставасында жаңы пост курулду. Анда казарма, ашкана, эс алуу бөлмөсү жана спорт аянтчасы каралган. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга жана кызмат өтөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Чоң-Алай районундагы «Кара-Шыбак» чек ара заставасынын аймагында эки кабаттуу, 20 батирлүү турак үй пайдаланууга берилди. Анын 18и бир бөлмөлүү, экөө эки бөлмөлүү. Батирлер чек арачыларга, укук коргоо органдарынын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө арналган.
Турак үйгө бардык зарыл инженердик коммуникациялар тартылып, өзүнчө от казан жана резервдик электр булагы орнотулган. Мындан тышкары, балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жай жана ички жолдор курулган.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушу Президенттин Администрациясынын Иш башкармалыгынын каражатына жүргүзүлсө, чек ара посту менен турак үй республикалык бюджеттин эсебинен салынган.

