13–14-ноябрда Өзгөн шаарында тарыхый архитектуралык комплексти сактоо, изилдөө жана реставрациялоо маселелерине арналган эл аралык тегерек стол өттү.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен уюштурулду. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын археологдору, архитектор-реставраторлору, инженерлери, тарыхчылары жана маданий мурастарды коргоо боюнча адистери катышты.
Эки күндүк талкууда Өзгөн архитектуралык комплексинин, анын ичинен мунаранын жана үч күмбөздүн учурдагы абалы каралды. Адистер эстеликтердин техникалык жана физикалык абалына баа берип, аларды сактоо жана калыбына келтирүүнүн илимий негизделген жолдорун талкуулашты.
Ошондой эле катышуучулар тарыхый объектилерди жеринен көрүп, алардын сакталышына таасир эткен жагдайларды аныкташты.
Жыйынтыгында комплексти мындан ары коргоо, сактоо жана реставрациялоо боюнча сунуштар иштелип чыгып, тиешелүү протокол кабыл алынды. Эксперттердин корутундулары эстеликтерди калыбына келтирүүнүн илимий концепциясын жана келечектеги долбоордук документтерди даярдоого негиз болот.
Өзгөн архитектуралык комплекси — өлкөнүн тарыхый-маданий мурасынын маанилүү бөлүгү. Аны сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү маданий мурастарды коргоодогу негизги милдеттердин бири.

