Кыргызстанда балдардын музыкалык, көркөм сүрөт жана искусство мектептеринин директорлорун кызматка дайындоо үчүн ачык сынак өткөрүү тартиби киргизилди.
Тиешелүү тартип Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-августундагы №556 токтому менен бекитилди. Жаңы система жетекчи кадрларды тандоодо ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөйт.
Бош кызмат орундары, талапкерлерге коюлган талаптар, керектүү документтер жана сынактын өткөрүлүү мөөнөттөрү тууралуу маалымат Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин расмий сайтында жарыяланат.
Жаңы тартип квалификациялуу жетекчилерди тандоого, билим берүү мекемелеринин ишин жакшыртууга жана балдардын чыгармачылык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

